Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-ноябры № 653
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук платформасы жөнүндө
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук механизмди аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук платформасы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук платформасынын катышуучуларынын курамы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 29-ноябрындагы N 105 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук платформасынын катышуучуларынын КУРАМЫ
1. Министрликтерден, ведомстволордон жана комитеттен:
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри - координатор;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча).
3. Эл аралык уюмдардан:
Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык жана региондук уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн башчылары (макулдашуу боюнча);
Кырсыктарга/Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоо боюнча топтун төрагасы - БУУнун туруктуу координатору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык уюмдардын улуттук координаторлору/өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
4. Илимий институттардан:
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу проблемалары боюнча илимий-техникалык кеңешинин төрагасы;
жогорку окуу жайларынын ректорлору (макулдашуу боюнча);
орто кесиптик окуу жайлардын директорлору (макулдашуу боюнча);
квалификацияны жогорулатуу борборлорунун директорлору (макулдашуу боюнча).
5. Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча коомдук фонддордун, коомдук уюмдардын, коммерциялык эмес уюмдардын альянстарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча).