Загрузка документа…
|
| (КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы N 659 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын судьяларын кызматтык турак жай менен камсыз кылуунун же жеке турак жай курууга көмөк көрсөтүүнүн ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын судьяларын кызматтык турак жай менен камсыз кылуунун же жеке турак жай курууга көмөк көрсөтүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) судьяларга жашоо үчүн кызматтык турак жай берүүнүн тартибин, аларды колдонуунун, бошотуунун жана жеке турак жай курууга көмөк көрсөтүүнүн тартибин белгилейт.
2. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары - Конституциялык сот) судьяларына, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот) судьяларына, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин (мындан ары - Сот департаменти) камсыздоосунда турган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна (мындан ары - жергиликтүү соттор) жайылтылат.
2. Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана Сот департаментинин турак жай фонду жана турак жай комиссиясы
3. Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана Сот департаментинин турак жай фонду Конституциялык сотко, Жогорку сотко жана Сот департаментине өткөрүп берилүүчү же алар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган булактардан же каражаттардын эсебинен сатып алынуучу турак жайлардан, жеке турак жай куруу үчүн максаттуу багыттагы жер участокторунан түзүлөт.
4. Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана Сот департаментинин турак жай комиссиялары, анын ишинин тартиби, сандык жана сапаттык курамы, ошондой эле башка жоболор Конституциялык сот, Жогорку сот жана Сот департаменти менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары - Судьялар кеңеши) буйругу менен бекитилет.
3. Убактылуу пайдаланууга берилүүчү кызматтык турак жайды берүү жана колдонуу
5. Кызматтык турак жай алар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган соттун жайгашкан жеринде турак жайы жок Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттун судьяларына убактылуу жашоо үчүн берилет.
6. Кызматтык турак жай деп эмгек мамилелеринин мүнөзүнө байланыштуу иштеген жери боюнча же ага жакын жерде жашоого тийиш болгон судьяларды (алардын үй-бүлө мүчөлөрүн) жайгаштыруу үчүн багытталган Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана Сот департаментинин турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жай түшүнүлөт.
7. Судьяга берилүүчү кызматтык турак жайдын аянтынын өлчөмү үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө туура келген турак аянттын 20 квадрат метринен кем болбошу керек.
8. Судьяга ушул Тартиптин 7-пунктунда белгиленген ченемдер боюнча кызматтык турак жай берүү мүмкүн болбогон учурда, анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен аянты боюнча кичирээк турак жай берүүгө жол берилет.
9. Кызматтык турак жай берүү жөнүндө чечим Конституциялык соттун судьялары үчүн Конституциялык соттун турак жай комиссиясы, Жогорку соттун судьялары үчүн Жогорку соттун турак жай комиссиясы, жергиликтүү соттордун судьялары үчүн Сот департаментинин турак жай комиссиясы тарабынан судьянын арызынын негизинде кабыл алынат. Арызга төмөнкү документтер тиркелүүгө тийиш:
- судьянын жана берилүүчү кызматтык турак жайдын аянтын аныктоодо эске алынуучу анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү, жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрү үчүн - туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү (бар болсо);
- никелешүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (бар болсо);
- кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан судьянын, анын ичинде аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн сот жайгашкан жер боюнча акыркы беш жылда турак жайларды (үйлөрдү, батирлерди), жеке турак жай куруу үчүн максаттуу багыттагы жер участокторун сатып алуу-сатууга, алмашууга, белекке берүүгө, күрөөгө коюуга, мурасты тариздөөгө багытталган жарандык-укуктук аракеттери жөнүндө маалыматтардын жоктугу тууралуу маалыматтар.
10. Судьяга берилген кызматтык турак жайга ээлик кылуу жана аны колдонуу кызматтык турак жайды убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
11. Кызматтык турак жайды убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимдин типтүү формасы Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.
12. Мурда берилген кызматтык турак жай судья жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан турак жай комиссиясынын сунушу боюнча Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде төмөнкү учурларда бошотулууга тийиш:
1) кызматтык турак жайды бөлүп берүү үчүн негиз болгон жагдайлар өзгөргөндө;
- судья же анын үй-бүлө мүчөлөрү ал өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган сот жайгашкан жер боюнча турак жай, жеке турак жай куруу үчүн максаттуу багыттагы жер участогу түрүндөгү кыймылсыз мүлк объектисин пайдалануу укугун, тескөө укугун же менчик укугун алганда;
2) кызматтык турак жайды күтүү шарттарын сактабаганда, коммуналдык чыгымдарды системалуу түрдө төлөбөгөндө, убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимдин шарттарын бузганда;
3) кызматтык турак жайды максатсыз пайдаланганда;
4) берилген документтерде кызматтык турак жайды алууга болгон муктаждык жөнүндө анык эмес маалыматтар аныкталганда;
5) Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулганда.
13. Кызматтык турак жайды убактылуу пайдалануу жөнүндө келишим Конституциялык сот, Жогорку сот жана Сот департаменти тарабынан Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары үчүн тиешелүү буйрук чыгарылган датадан тартып беш жумуш күндүн ичинде түзүлөт. Кызматтык турак жай судьяга кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча берилет, анда жайдын абалы, стационардык жабдуулардын, эмеректердин (бар болсо) болушу жана абалы ж.б. белгиленет. Келишим жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы эки нускада түзүлөт.
14. Судья жана аны менен жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрү кызматтык турак жайды убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимдин шарттарын сактоого, бардык зарыл төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө, берилген кызматтык турак жайга аяр мамиле жасоого, аны тийиштүү абалда кармоого, өзүнүн эсебинен күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө милдеттүү. Судья Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарат.
15. Судьянын ыйгарым укуктары токтотулган жана тиешелүү соттун штатынан чыгарылган же ага кызматтык турак жай берүү үчүн негиздер жоголгон учурда, кызматтык турак жай берилген судья үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге соттун штатынан чыгарылган же ага кызматтык турак жай берүү үчүн негиздер жоголгон датадан тартып бир айдын ичинде мурда берилген кызматтык турак жайды бошотууга милдеттүү. Кызматтык турак жайды өткөрүп берүү эки нускада түзүлгөн кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча жүргүзүлөт.
16. Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулган, 20 жылдан кем эмес судьялык иш стажы бар жана кызматтык турак жайды ээлеген судья өзүнчө батир же үй түрүндө турак жай менен камсыз кылынат же ага жеке турак жай курууга көмөк көрсөтүлөт.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдарды турак жай менен камсыз кылуу жана көмөк көрсөтүү ушул Тартиптин ченемдерине ылайык жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
17. Тиешелүү соттун судьясы жана анын үй-бүлө мүчөлөрү кызматтык турак жайды бошотууда жашаган мезгили үчүн коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана кызматтык турак жайды пайдалануу менен байланышкан башка төлөмдөрдү төлөөгө, кызматтык турак жайды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана Сот департаментинин өкүлдөрүнө тийиштүү абалда өткөрүп берүүгө милдеттүү.
18. Кызматтык турак жайды бошотуудан баш тарткан учурда судья жана аны менен жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарына ылайык мажбурлап чыгарылууга тийиш.
19. Судья аны менен чогу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге ээлеген кызматтык турак жайдан төмөнкү учурларда башка кызматтык турак жай бербестен чыгарылууга тийиш:
1) кызматтык турак жайды өзүм билемдик менен ээлеп алганда (кызматтык турак жайды ээлөө укугун жоготкон учурдан тартып);
2) кызматтык турак жайды убактылуу пайдалануу жөнүндө келишим бузулганда;
3) кызматтык турак жайды убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимдин шарттарын олуттуу бузуу менен колдонгондо;
4) кызматтык турак жайды максаттуу багытта пайдалануу бузулганда;
5) кызматтык турак жайдын абалы олуттуу начарлаганда;
6) Кыргыз Республикасынын турак жай жана жарандык мыйзамдарында каралган башка учурларда.
20. Кызматтык турак жайды убактылуу пайдалануу жөнүндө келишимди өзгөртүү, толуктоо жана токтотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде белгиленген талаптарды эске алуу жарандык мыйзамдар менен белгиленет.
21. Бошотулган кызматтык турак жай кызматтык турак жайга муктаж болгон башка судьяларды жайлаштыруу үчүн пайдаланылат.
22. Судья алардын негизинде сот жайгашкан жер боюнча кызматтык турак жайга муктаж деп таанылган шарттар өзгөргөн учурда, судья бул жөнүндө Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана Сот департаментинин турак жай комиссиясына 15 күндүк мөөнөттө маалымдайт жана тиешелүү өзгөрүүлөр болгон датадан тартып 30 күндөн кечиктирбестен болгон өзгөрүүлөрдү ырастаган жаңыланган документтерди берет.
4. Жашоо үчүн кызматтык турак жай бөлүүнүн жана кызматтык турак жайды ижарага алууга байланыштуу чыгымдарды компенсациялоонун, жеке турак жай курууга көмөк көрсөтүүнүн тартиби
23. Жыл сайын Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана Сот департаментинин турак жай комиссиялары турак жайга муктаж болгон Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын эсепке алуу иштерин даярдайт жана жашоо үчүн кызматтык турак жай бөлүп берүү жөнүндө маселени чечүү үчүн Судьялар кеңешине жөнөтөт.
24. Кызматтык турак жайды ижарага алууга байланыштуу чыгымдарга компенсация алуу укугуна талапкер Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттун судьясы Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана Сот департаментинин турак жай комиссияларына төмөнкү документтердин топтомун берет:
- судьянын жана берилүүчү кызматтык турак жайдын аянтын аныктоодо эске алынуучу анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрүн, жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрү үчүн - туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн (бар болсо);
- акыркы жашаган жери боюнча үй китебинен көчүрмөнү;
- никелешүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн (бар болсо);
- кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан судьянын, анын ичинде аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы беш жылда иштеген жери боюнча турак жайларды (үйлөрдү, батирлерди), жеке турак жай куруу үчүн максаттуу багыттагы жер участокторун сатып алуу-сатууга, алмашууга, белекке берүүгө, күрөөгө коюуга, мурасты тариздөөгө багытталган жарандык-укуктук аракеттери жөнүндө маалыматтардын жоктугу тууралуу маалыматтар;
- судья кызмат ордундагы иш стажы жөнүндө маалымкаттар.
Судья ошондой эле бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон башка документтерди (кошумча турак аянтына укугу жөнүндө маалымкаттарды, саламаттык сактоо мекемелеринин маалымкаттарын (корутундуларын) ж.б.) тиркөөгө укуктуу.
25. Кызматтык турак жайды ижарага алууга байланыштуу чыгымдарды компенсациялоо Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана Сот департаментинин буйругу боюнча Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
26. Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана Сот департаментинин турак жай комиссиялары Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттун судьясынын эсепке алуу ишин Судьялар кеңешине иште болгон документтердин тизмеги менен жөнөтөт. Эсепке алуу иши тигилүүгө, номер коюлууга жана турак жай комиссиясынын катчысы тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
27. Келип түшкөн өтүнмөлөрдүн кезектүүлүгүн эске алуу менен Судьялар кеңеши тарабынан жеке турак жай курууга көмөк көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынат.
28. Ушул Тартиптин 27-пунктунда көрсөтүлгөн чечим ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилет.
5. Корутунду жоболор
29. Кызматтык турак жайды пайдаланууга байланышкан бардык талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
30. Кызматтык турак жайды пайдалануу тартибин бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.