Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-ноябры № 664
Судьянын кызмат ордуна дайындоого тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмегин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Судьянын кызмат ордуна дайындоого тоскоолдук кылуучу оорулардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 6-декабрындагы № 107 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |