Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-сентябры № 520
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- "Билим берүүчү жана маданий тейлөөлөр" 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 108-2-пункт менен толукталсын:
"
108-2 | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы ишти жүзөгө ашыруу үчүн залдарды жана жайларды, ошондой эле жабдууларды, инвентарларды берүү | Кыргызпатент | Кыргызпатент | Акы төлөнөт |
";
- "Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызматын көрсөтүү" 5-главасында:
5, 6-пункттарында "Токой агенттиги" деген сөздөр "ЖРЭТКМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
14 | Жаныбарлардын ооруларын лабораториялык диагностикалоо жана жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукттарга ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү | АЧМ | АЧМ | Акы төлөнөт |
";
38-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
38 | Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча ветеринардык дары-дармек каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү | АЧМ | АЧМ | Акы төлөнөт |
";
- "Маалымат менен камсыздоо тейлөөлөрү" 6-главасынын 7, 58-пункттарында "ӨЭЖМК" деген аббревиатура "ЖРЭТКМ" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- "Башка кызмат көрсөтүүлөр" 9-главасында:
3, 4-пункттарында "Токой агенттиги" деген сөздөр жана "КРПӨИБ" деген аббревиатура "ЖРЭТКМ" жана "КРПИБ" деген аббревиатуралар менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:
"
15 | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында тажрыйбалык үлгүлөрдү түзүү жана даярдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү | Кыргызпатент | Кыргызпатент | Акы төлөнөт |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |