Загрузка документа…
| 1-тиркеме | ||
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 621 токтомуна) | |
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498, 2025-жылдын 14-февралындагы № 70 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун (мындан ары - Фонд) ишинин укуктук жана экономикалык негиздерин белгилейт, билим берүү булактарын жана чыгымдоо максаттарын, башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын, Фондго келип түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүнүн алкагында өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.
2. Фонд жашыл энергетиканы долбоорлоону, күтүүнү, субсидиялоону, оңдоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн каражаттарды топтоо, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын энергия үнөмдөөчү технологияларын иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана киргизүүгө дем берүү максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттерине энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу электр энергиясын сатып алууга кепилдик берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Фонд өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Фонд юридикалык жак болуп саналат, ага бекитилген Мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары, эсептери бар.
Фонддун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Фонддун каражаттары республикалык бюджетте топтолот, максаттуу мүнөзгө жана атайын багытка ээ болот.
6. Фонддун толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду" мамлекеттик мекемеси";
2) расмий тилде: "Государственное учреждение "Фонд зеленой энергетики при Кабинете Министров Кыргызской Республики";
3) англис тилинде: "Covernment agency "Green energy Fund under the Cabinet of Ministers of Ministers of the Kyrgyz Republic".
Фонддун кыскартылган фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "ЖЭФ";
2) расмий тилде: "ФЗЭ";
3) англис тилинде: "GEF".
7. Фонддун юридикалык дареги: 720003, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 56.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Фонд өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, ачык-айкындуулук, ошондой эле Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырат.
2-глава. Фонддун максаты
9. Фонддун максаты жашыл энергетиканы долбоорлоону, күтүүнү, субсидиялоону, оңдоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн каражаттарды топтоо, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын энергия үнөмдөөчү технологияларын иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана киргизүүгө дем берүү болуп саналат.
3-глава. Фонддун башкаруу органдары
10. Фонддун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) башкаруунун жогорку органы - Фонддун Байкоочу кеңеши (мындан ары - Фонддун Кеңеши);
2) аткаруу органы - Фонддун катчылыгы (мындан ары - Фонддун Катчылыгы).
11. Фонддун Кеңешинин ыйгарым укуктары:
1) Фонддун ишинин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын, узак мөөнөттүү жана учурдагы милдеттерди кароо, аныктоо жана бекитүү;
2) Фонддун каражаттарынын киреше бөлүгүнүн келип түшүү болжолун жактыруу;
3) Фонддун каражаттарын чыгымдоо планын жактыруу;
4) жашыл энергетика объекттерин долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, оңдоого жана күтүүгө бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүү, ошондой эле жашыл энергетиканы субсидиялоо;
5) Фонддун каражаттарын пайдалануу боюнча отчетторду жактыруу;
6) учурдагы жылга каржылоонун көлөмүн жана кийинки жылдарга болжолдуу көрсөткүчтөрдү бекитүү;
7) Фондго түшкөн каражаттардын топтолушун жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
8) Фондго түшкөн каражаттардын өлчөмдөрү жөнүндө маселе боюнча сунуштамаларды берүү;
9) жашыл энергетика жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу планы боюнча сунуштамаларды берүү;
10) Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө жылдык аудитордук отчетту угуу;
11) Фонддун Катчылыгынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
12) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16) Фонддун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
17) Фонддун чыгымдар сметасын аткаруу жөнүндө Фонддун отчетун угуу жана бекитүү;
18) Фонддун ишине кирген башка маселелерди кароо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Фонддун Кеңеши өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды Фонддун Катчылыгынан суроого;
2) Фонддун Катчылыгы берген документтерди жеткире иштеп чыгууга жөнөтүүгө;
3) Фонддун директоруна өзүнүн функцияларын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда чараларды көрүү жөнүндө Фонддун уюштуруучусуна сунуш жиберүүгө.
13. Фонддун Кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
14. Фонддун Кеңешинин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз катышат. Фонддун Кеңешинин мүчөсү жок болгон учурда, ал каралып жаткан маселелер боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
15. Фонддун Кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 7 адамдан түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Фонддун Кеңеши кызматы боюнча төмөнкүлөрдөн турат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Фонддун Кеңешинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Фонддун Кеңешинин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Фонддун Кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими менен 2 жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Фонддун Кеңеши өзүнүн жыйналыштарын зарылдыгына жараша өткөрөт.
19. Фонддун Кеңешинин анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечими Фонддун Кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда Фонддун Кеңешинин жыйналышында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
Кеңештин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышкан шартта укуктуу деп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Фонддун Кеңешинин төрагасы Фонддун Кеңешинин ишине жетекчилик кылат жана анын жыйналыштарын өткөрөт, ал жок болгон учурда - аны алмаштырган адам өткөрөт.
21. Фонддун Кеңешинин жыйналыштары Фонддун Катчылыгынын кызматкери болуп саналган Фонддун Кеңешинин катчысы тарабынан протоколдонот. Протоколго Фонддун Кеңешинин төрагасы же жыйналышта төрагалык кылган адам, ошондой эле Фонддун Кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрү кол коюшат. Протоколдордун түп нускалары Фонддун Катчылыгында сакталат.
22. Фонддун Кеңеши өзүнүн жыйналыштарына зарылдыгына жараша тиешелүү техникалык кызматтардын өкүлдөрүн, добуш берүү укугу жок жыйналыштарга катышкан эксперттерди жана консультанттарды чакырууга укуктуу.
23. Фонддун Кеңешинин жыйналышын чакыруу жөнүндө маалымат жыйналыштын күн тартибин, убактысын жана өткөрүү ордун көрсөтүү менен Фонддун Кеңешинин мүчөлөрүнө Фонддун Катчылыгы тарабынан жыйналышты өткөрүү датасына чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен жеткирилиши керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Фонддун Кеңешинин жыйналышын видео-конференц-байланыш системасын пайдалануу жолу менен өткөрүүгө жол берилет.
25. Фонддун Катчылыгы долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча Фонддун Кеңешинин ишин жана чечимдеринин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылат.
26. Фонддун Катчылыгын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу Фонддун директору башкарат.
27. Фонддун директору:
1) Фондго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы, Фонддун акча каражаттарынын сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Фонддун атынан иш алып барат;
3) ушул Жобого ылайык Фонддун Кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, Фонддун ишинин бардык маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат;
4) Фонд түзгөн макулдашууларга жана келишимдерге кол коет;
5) Фонддун Катчылыгынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот, Фонддун Катчылыгынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонууга укуктуу;
6) аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
7) жашыл энергетика долбоорлорун каржылоодо/субсидиялоодо төлөм документтерине кол коет;
8) Фонддун Катчылыгынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин түзөт жана Фонддун Кеңешине бекитүүгө берет;
9) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызматкерлерди тандоону уюштурат;
10) Фонддун Катчылыгынын кызматкерлери менен эмгек келишимдерин түзөт;
11) Фонддун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана Фонддун Катчылыгынын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
12) энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жерлерди убактылуу пайдаланууга берүү маселелери боюнча чечимдерди белгиленген тартипте кабыл алат.
13) электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча макулдашуу түзүүгө даяр экендиги жөнүндө макулдашуу катына кол коёт;
14) электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча макулдашууга кол коёт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498, 2025-жылдын 14-февралындагы № 70 токтомдорунун редакцияларына ылайык токтомунун редакциясына ылайык)
27-1. Директор болбогон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Фонд төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Фонддун Кеңешинин чечимдеринин негизинде долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, ошондой эле Фонддун Катчылыгынын операциялык жана учурдагы чыгашалары боюнча финансылык операцияларды жүзөгө ашырат;
2) Фонддун Кеңешинин мүчөлөрүнүн, уюштуруучунун суроо-талабы боюнча Фонддун иши жөнүндө маалыматтарды берет;
3) Кыргыз Республикасынын казыналык системасында Фонддун бюджеттик, депозиттик жана атайын эсептерин ачат;
4) долбоордун аткаруучусу келишимдин шарттарын же долбоорду ишке ашыруунун жол-жоболорун бузган учурда каржылоону токтотуп турат;
5) бюджеттик чөйрөдөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте Фонддун акча каражаттарынын кыймылы боюнча эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт;
6) Фонддун функцияларын жүзөгө ашыруу, жашыл энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен байланышкан башка маселелер боюнча адистерди, эксперттерди, окумуштууларды, консультанттарды тартат;
7) Фонддун операциялык чыгымдарына бөлүнгөн акча каражаттардын алкагында Фонддун чыгымдар сметасын иштеп чыгат жана Фонддун Кеңешине кароого жана бекитүүгө берет;
8) Фонддун Кеңешинин жыйналыштарын уюштуруу боюнча иштерди жүргүзөт;
9) аудит үчүн маалыматты даярдайт;
10) Фонддун Кеңеши жактырган долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;
11) энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жерлерди убактылуу пайдаланууга берүүнү жүзөгө ашырат.
12) электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча макулдашуу түзүүгө даяр экендиги жөнүндө макулдашуу катын берет;
13) электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча макулдашууну түзөт;
14) электр энергиясын кепилденген сатып алуу жөнүндө макулдашуунун шарттарынын сакталышын контролдойт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498, 2025-жылдын 14-февралындагы № 70 токтомдорунун редакцияларына ылайык )
29. Ушул Жободо аныкталган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн Фонд төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) юридикалык жана жеке жактар менен жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү боюнча жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
2) иштин белгиленген чөйрөсүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди тартууга;
3) иштин белгиленген чөйрөсүндө кеңеш берүүчү жана эксперттик органдарды (техникалык кеңештерди жана комиссияларды) түзүүгө;
3-1) электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча макулдашууга кол коюуга;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Фонддун каражаттарын түзүүнүн тартиби
30. Фонддун бюджети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
31. Фонддун мүлкү жана каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- Фондго берилген мамлекеттик бюджеттин каражаттары;
- жашыл энергетика объекттерин долбоорлоого, курууга каралган каражаттар;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн жер участокторун пайдаланууга берүүдөн белгиленген тартипте түшкөн каражаттар;
- энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүүгө каралган каражаттар;
- жашыл энергетика жана энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуулардын долбоорлору боюнча каражаттар;
- эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары;
- ыктыярдуу демөөрчүлүк жардам каражаттар;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу электр энергиясын сатып алуу боюнча кепилдикти камсыз кылууга каралган каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каражаттар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498, 2025-жылдын 14-февралындагы № 70 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5-глава. Фонддун каражаттарын чыгымдоо тартиби
32. Фонд бөлүнгөн каражаттардын чегинде чыгымдарды жүргүзөт, тандалган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн акчалай-төлөм операцияларын аткарат.
33. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн:
1) энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттеринен электр энергиясын сатып алууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу боюнча электр энергетикалык компанияны субсидиялоо (тарифтердин айырмасы);
2) стартап-долбоорлорду каржылоо, жашыл энергетика өндүрүштүк ишканаларынын уставдык фонддорун (капиталдарын) жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын орнотууну өндүрүү боюнча ишканалардын долбоорлорун түзүүгө катышуу;
3) Фонддун Катчылыгын күтүү, анын кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле аларга материалдык дем берүү;
4) жашыл энергетика жаатындагы эл аралык кызматташуу.
5) Электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча фонддун милдеттенмелерин аткаруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Фонддун Кеңешинин чечими менен Фонддун каражаттары маалымдамалардын, билдирүүлөрдүн негизинде жашыл энергетика жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Фонддун Катчылыгына жөнөтүлөт.
35. Долбоорду каржылоо Фонддун директорунун атынан жана Фонддун жана жетекчинин атынан долбоордун аткаруучусунун ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
36. Долбоорду Фонд тарабынан каржылоо долбоордун аткаруучусу тарабынан сунушталган долбоорду ишке ашыруунун графиги боюнча аткарылган иштердин актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.
37. Фонддун каражаттары бекитилген бюджетке ылайык пайдаланылат.
38. Фонддун финансылык жана операциялык жылы ар жылдын 1-январында башталып, 31-декабрында аяктайт. Жылына бир жолу, финансылык/операциялык жылдын аягында Фонд өзүнүн финансылык ресурстарына жана ишине аудит жүргүзөт.
39. Долбоорлор боюнча төлөмдөр үчүн мониторинг жана контроль Фонд тарабынан жүзөгө ашырылат.
40. Фонддун Катчылыгы жыл сайын Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө маалыматты расмий басылмаларда жарыялайт, ошондой эле бул маалыматты Фонддун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайттарына жайгаштырат.
41. Фонддун каражаттарынын максаттуу багыты боюнча талаптагыдай пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик Фонддун Кеңешине жүктөлөт.
6-глава. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу
42. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
43. Фонд жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
44. Фонддун иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.