Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-ноябры № 621
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
Жашыл энергетика чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун штаттык саны кенже тейлөөчү персоналды эске алуу менен 12 штаттык бирдик санда белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакциядагы 27-1-тиркеме менен толукталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды ишке ашырууга "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында финансылык каражаттарды карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондун туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жай издеп тапсын жана анын ишин техникалык, коммуникациялык тейлөөнү камсыз кылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 22-ноябрындагы N 103 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
| 271-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,05 |
2 | Эксперт | 3,52 |
3 | Бухгалтер-кассир | 3,10 |
".