Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-ноябры № 644
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жүргүнчүлөрдү ташыган транспорт каражаттарынын катышуусу менен оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо, бирдиктүү транспорттук саясаттын алкагында транспорттук ишти контролдоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде:
- 1-пункттагы "транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын" деген сөздөр "транспорт, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттагы "транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга" деген сөздөр "транспорт, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктта:
он тогузунчу абзацтагы "техникалык паспортун (талонун)" деген сөздөр "каттоо документтерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
кырк жетинчи абзацтагы "ишин контролдоочу жана жөнгө салуучу" деген сөздөр "жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы кырк сегизинчи абзац менен толукталсын:
"жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти мамлекеттик контролдоону жана лицензиялоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;";
- 6-пункттун үчүнчү абзацындагы "коопсуздугу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктта:
үчүнчү абзацтагы "жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөз менен, "коопсуздугу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пункттун үчүнчү абзацындагы "коопсуздугу" деген сөз "коопсуздугун камсыз кылуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пункттун бешинчи абзацындагы "коопсуздугу чөйрөсүндөгү орган менен биргеликте" деген сөздөр "коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 39-пункттагы "коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 83-пункттун жетинчи абзацындагы "коопсуздугу" деген сөз "коопсуздугун камсыз кылуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 87-пункттагы "жол кыймылы коопсуздугу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөөчү" деген сөздөр "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 197-пункттагы "жол кыймылы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөр "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 225-пункттагы "транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу, жол коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган эрежелердин 12-тиркемесинде:
4-пункттун 8-пунктчасындагы "транспорт" деген сөз "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган эрежелердин 19-тиркемесинде:
5-пунктта:
үчүнчү абзацтагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөз менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;";
- 15-пункттун жетинчи абзацындагы "жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан" деген сөздөр "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын (тендерлерин) уюштуруу тартиби жана өткөрүү жөнүндө жобонун 11-тиркемесинде:
1-пунктта:
13-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) каттамдарда Ташуучунун ишине контролду уюштуруу жана жүргүзүү боюнча функциялар жүктөлгөн транспорт чөйрөсүндөгү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бардык талаптарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында аткарууну камсыз кылууга;";
19-пунктчадагы "унаа" деген сөз "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын (тендерлерин) уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө жобонун 18-тиркемесинде:
7-пункттагы "транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики |
А.У. Жапаров |