Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-ноябры № 650
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмесинде:
- 1-пункттун мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге ишкананын жана жеке каражатынын эсебинен жарандарды окутуу (контракттык окутуу) | Окутуунун орточо наркы 8000 сом | Акысыз |
";
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | Аккредиттелген лабораториялардын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык лабораториялардын компетенттүүлүгүн ырастоо | 27230 сом | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору аткарган акы төлөнүүчү жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскурантында белгиленген нарктан 10% жеңилдик менен шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоого табыштамалар бөлүгүндө - 24507 сом |
Контролдоонун аккредиттелген органынын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык контролдоо органынын компетенттүүлүгүн ырастоо | 11170 сом | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору аткарган акы төлөнүүчү жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскурантында белгиленген нарктан 10% жеңилдик менен - 10053 сом | ||
Табыштамалар жана келишимдер боюнча тийиштүү түрдөгү документ берүү менен ченөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук мекемелери аткарган жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин прейскурантына ылайык | Баткен облусунун калкына Баткен сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору аткарган жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин прейскурантында белгиленген нарктан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын 10%га төмөндөтүү |
";
- 3-пункттун мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
3 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдөн жогору амбулаториялык деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү медициналык кароо жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү |
| (Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарынын баштапкы деңгээлинде) |
1. Көкүрөк клетка органдарынын флюорографиясы - 50 сом. | 1. Көкүрөк клетка органдарынын флюорографиясы - акысыз. | |||
2. Рентгенографиялык изилдөөлөр - 118 сом. | 2. Рентгенографиялык изилдөөлөр - акысыз. | |||
3. Ички органдарды ультра добуш менен изилдөө - 177 сом | 3. Ички органдарды ультра добуш менен изилдөө - акысыз | |||
Өмүрүнө коркунуч келтирген абалдан чыгаргандан кийин кечиктирилгис көрсөткүчтөр жана пландуу көрсөткүчтөр боюнча стационарларда мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдөн сырткары дарылоо | Стационардык жардам (ооруканага жаткырууда) | (Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарынын стационардык деңгээлинде) 50% жеңилдик менен стационардык жардам (ооруканага жаткырууда) | ||
Терапиялык профилдеги тең төлөө: | Терапиялык профилдеги тең төлөө: | |||
минималдуу деңгээл - 330 сом; | минималдуу деңгээл - 165 сом; | |||
орточо деңгээл - 840 сом; | орточо деңгээл - 420 сом; | |||
максималдуу деңгээл - 2650 сом. | максималдуу деңгээл - 1325 сом. | |||
Хирургиялык профилдеги тең төлөө: | Хирургиялык профилдеги тең төлөө: | |||
минималдуу деңгээл - 430 сом; | минималдуу деңгээл - 215 сом; | |||
орточо деңгээл - 1090 сом; | орточо деңгээл - 545 сом; | |||
максималдуу деңгээл - 3440 сом | максималдуу деңгээл - 1720 сом | |||
Табыштамалар жана келишимдер боюнча паразитологиялык изилдөөлөр: - биоматериалды; - тамак-аш продуктуларын; - айлана-чөйрөнүн объектилерин ж.б. | 5 жаштан 16 жашка чейинки балдарды гельминттердин жумурткаларына изилдөө - 128 сом | (Баткен облусунун аймагында) 5 жаштан 16 жашка чейинки балдарды 50% жеңилдик менен гельминттердин жумурткаларына изилдөө - 64 сом |
";
- "(*) - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун аймактык органдары тарабынан аткарылуучу жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин прейскурантына ылайык белгиленген нарк" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |