Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 679 токтомуна) |
Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөөнүн ушул тартиби (мындан ары - Тартип) "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация (мындан ары - бир жолку акчалай компенсация) төлөө маселелерин жөнгө салат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бир жолку акчалай компенсация төлөө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Тартипте колдонулган негизги аныктама:
- мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруу - ВИЧти жуктуруу саламаттык сактоо мекемелеринде медициналык жардам көрсөтүү учурунда тери жана былжыр катмарларынын бүтүндүгүнүн бузулуусу аркылуу болот.
2. Бир жолку акчалай компенсация төлөөнү жүргүзүү тартиби
4. Бир жолку акчалай компенсация алууга укугу бар адамдар:
1) ушул Тартипке ылайык төлөмдөр эсептелген күнгө карата 18 жашка толгон, 2005-жылдын 23-августунан баштап алардын жашы жеткенге чейин мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган адамдар;
2) 2005-жылдын 23-августунан баштап мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган жана ушул Тартипке ылайык төлөмдөр эсептелген күнгө карата 18 жашка толо элек балдардын ата-энелери (ата-энелерин алмаштырган адамдар);
3) 2005-жылдын 23-августунан баштап мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алгандан кийин каза болгон балдардын ата-энелери (ата-энелерин алмаштырган адамдар).
5. Ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга бир жолку акчалай компенсация төлөө 1000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө жүргүзүлөт.
6. Бир жолку акчалай компенсация төлөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) түндүк регион боюнча - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык "СПИД" борбору тарабынан;
2) түштүк регион боюнча - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча борбору тарабынан.
7. Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация маселелерин кароо боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) оң чечими бир жолку акчалай компенсация төлөө үчүн негиз болуп саналат.
8. Комиссиянын курамына 9 адам кирет. Комиссиянын мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, СПИДцин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча облустук борборлордун өкүлдөрү, саламаттык сактоонун облустук координаторлору, жарандык коомдун, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын жана мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү.
9. Комиссиянын персоналдык курамы жана анын иш регламенти ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн коомдук саламаттык сактоо уюмдары (мындан ары - коомдук саламаттык сактоо уюмдары) тарабынан аныкталат.
10. Комиссияга кайрылуу үчүн бир жолку акчалай компенсация алууга укугу бар адамдар төмөнкүдөй документтерди берет:
1) 18 жашка толгон, бир жолку акчалай компенсация алууга укугу бар адамдар:
- бир жолку акчалай компенсация алууга арыз;
- паспорттун көчүрмөсү;
- ВИЧке медициналык текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө сертификат;
- бала мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандыгы көрсөтүлгөн эпидемиологиялык изилдөө актысы же адам жашы жеткенге чейин мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандыгы көрсөтүлгөн, күчүнө кирген соттун чечими;
- адамдын мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандыгын далилдеген башка документтер;
- Комиссиянын оң чечими болгон учурда, акчалай компенсация алуучунун банктын мөөрү жана кол тамга менен ырасталган банктык реквизиттери;
2) 18 жашка толо элек ВИЧ/СПИДди жуктуруп алган балдардын, ошондой эле ВИЧ/СПИДден каза болгон балдардын ата-энелери (ата-энелерин алмаштырган адамдар):
- бир жолку акчалай компенсация алууга арыз;
- ата-энелеринин, (ата-энелерин алмаштырган адамдардын) паспортторунун көчүрмөлөрү;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- арызды ата-энесин алмаштырган адам берген учурда жашы жете элек адамга камкорчу/көзөмөлчү дайындоо жөнүндө документ;
- мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алуунун натыйжасында бала каза болгон учурда, каза болгондугу тууралуу күбөлүк;
- ВИЧке медициналык текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө сертификат;
- бала мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандыгы көрсөтүлгөн эпидемиологиялык изилдөө актысы же адам жашы жеткенге чейин мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандыгы көрсөтүлгөн, күчүнө кирген соттун чечими;
- Комиссиянын оң чечими болгон учурда, акчалай компенсация алуучунун банктын мөөрү жана кол тамга менен ырасталган банктык реквизиттери.
11. Бир жолку акчалай компенсация алууга укугу бар адамдын арызын кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтер берилген күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча коомдук саламаттык сактоо уюмунун тиешелүү жетекчисине чечимди кийин жиберүү үчүн бир жолку акчалай компенсация төлөө же төлөөдөн баш тартуу жөнүндө сунуштама түрүндө чечим чыгарат.
12. Бир жолку акчалай компенсация төлөөдөн баш тартуу үчүн негиздер:
1) ВИЧ-инфекциясын жуктуруунун башка жолу (вертикалдуу, жыныстык, инъекциялык баңги заттарды колдонууда парентералдык);
2) ушул Тартиптин 10-пунктунда каралган документтердин толук эмес топтому.
13. Туура эмес таризделген документтер же ушул Тартиптин 10-пунктунда каралган документтердин топтому толук эмес берилген учурда, бир жолку акчалай компенсация алууга укугу бар адамдар зарыл болгон документтерди кайра тапшыра алат.
Бир жолку акчалай компенсация алууга укугу бар адамдан документтердин кайрадан берилген топтомун кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия 14 жумуш күндүн ичинде коомдук саламаттык сактоо уюмунун тиешелүү жетекчисине чечимди кийин жиберүү үчүн бир жолку акчалай компенсация төлөө же төлөөдөн баш тартуу жөнүндө сунуштама түрүндө чечим чыгарат.
14. Коомдук саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Комиссиянын чечимин алгандан кийин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен бир жолку акчалай компенсация төлөө же баш тартуу үчүн негиздерди көрсөтүү менен бир жолку акчалай компенсация төлөөдөн баш тартуу жөнүндө буйрук чыгарат.
Ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери Комиссиянын чечими жөнүндө арыз ээлерине почта байланышы же электрондук почта аркылуу кабарлама жиберет.
15. Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар сот органдарына белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу.
16. Бир жолку акчалай компенсация коомдук саламаттык сактоо уюму тарабынан банк системасы аркылуу ушул Тартиптин 14-пунктунун негизинде мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган баланын ата-энесинин биринин же 18 жашка толгон адамдын банктык эсебине каражаттарды чегерүү жолу менен накталай эмес формада төлөнөт.
|
|
Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө тартибине тиркеме |
Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө маселелерин кароо боюнча комиссиянын № ________ чечими
1. Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган бала жөнүндө маалыматтар Баланын аты-жөнү ____________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ Эгерде документтерди тапшыруу учурунда бала 18 жашка толо элек болсо, ата-энесинин биринин аты-жөнү ____________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ Оң ВИЧ-статус аныкталган учурдагы баланын жашы _________________ Учурдагы жашы __________________ Баланын жынысы ___________________ 2. ВИЧти лабораториялык ырастоо ВИЧ ырасталган дата ___________________ Лабораториялык номер ____________________ Сертификаттын номери ____________________ 3. Эпидемиологиялык изилдөө актысынын корутундусу, жуктуруу жолу. Жуктуруу жолу аныкталган дата ____________________ Жуктуруу жолу _______________________________________________________________________ 4. Эгер бала каза болсо, каза болгондугу тууралуу күбөлүк Номери жана датасы _________________________ 5. Комиссиянын корутундусу ___________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________
Комиссиянын мүчөлөрү: 1. Аты-жөнү ______________________________________________ колу _______________________ 2. Аты-жөнү ______________________________________________ колу _______________________ 3. Аты-жөнү ______________________________________________ колу _______________________ 4. Аты-жөнү ______________________________________________ колу _______________________ 5. Аты-жөнү ______________________________________________ колу _______________________ 6. Аты-жөнү ______________________________________________ колу _______________________ 7. Аты-жөнү ______________________________________________ колу _______________________ 8. Аты-жөнү ______________________________________________ колу _______________________ 9. Аты-жөнү ______________________________________________ колу _______________________
Корутунду түзүлгөн дата 20___-жылдын "___" ________________. |
|