Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-ноябры № 657
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бюджеттик керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди колдонууну жөнөкөйлөтүү максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 3-главасында:
- он жетинчи абзацындагы "252" деген цифралар "340" деген цифралар менен алмаштырылсын, ", ал 1,35 жогорулатуу коэффициентине түзөтүлөт" деген сөздөр алып салынсын;
- отуз биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2) Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 1-тиркемесинде:
- 6-пунктта:
"2022-ж. 01.06." графасындагы "252,0" деген цифралар "340,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"Жогорулатуу коэффициенти" деген позиция алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |