Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 683
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомундагы көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна мамлекеттик колдоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомундагы ишканалар, мекемелер жана уюмдар үчүн суу менен жабдууга, сууну агызууга, коммуналдык кызматтарга жана газга акы төлөөдө 50 пайыздык арзандатуу белгиленсин. Көрсөтүлгөн жеңилдиктер республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каралсын.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомундагы ишканалар, мекемелер жана уюмдар үчүн керектелген электр жана жылуулук энергиясына акы төлөөдө 50 пайыздык арзандатууну жеке каражаттарынын эсебинен берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бекитилген негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планынын жана окутуу-машыгуу жыйындарынын календарлык планынын алкагында Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому тарабынан өткөрүлгөн спорттук иш-чараларды каржылоону жеке каражаттарынын эсебинен камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдар үчүн тифлоприборлорду жана сурдотехникаларды сатып алууга жыл сайын кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджеттен каражаттарды карасын;
- Бюджеттик чыгашалардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууда, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүүдө:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун азиздер жана дүлөйлөр үчүн республикалык адистештирилген китепканасын каржылоого жана атайын адабият менен камсыз кылууга чыгашаларды эске алсын;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-мартындагы № 101 токтому менен бекитилген сурдокотормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө чыгашаларды эске алсын;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте:
Кыргыз Республикасынын окуу жайларында сурдокотормочуларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн зарыл болгон каражаттарды тапсын;
жыл сайын кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджеттен Брайл ариби менен терилген окуу китептерин жана башка адабияттарды басып чыгарууга 5 млн. сомдон кем эмес каражаттарды карасын.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдарга, ушул токтомдо каралбаган кошумча жеңилдиктерди, кайрымдуулук акцияларды өткөрүүнү жеке финансылык каражаттарынын эсебинен өз алдынча белгилөө сунушталсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 23-декабрындагы N 112 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |