Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-ноябры № 639
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 34 "Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды актуалдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 34 "Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) төмөнкү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги - Евразия экономикалык бирлигинин төмөнкү техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого:
- "Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 006/2011);
- "Өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрт өчүрүү каражаттарына карата талаптар жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 043/2017);
- "Жарандык коргоого, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргонууга арналган продукциялардын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 050/2021);
2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол-транспорттук коопсуздук чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы - Евразия экономикалык бирлигинин төмөнкү техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого:
- "Темир жолдун кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 001/2011);
- "Жогорку ылдамдыктагы темир жол транспортунун коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 002/2011);
- "Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 003/2011);
- "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 014/2011);
- "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 018/2011);
- "Чакан көлөмдүү кемелердин коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 026/2012);
- "Айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 031/2012);
- "Метрополитендин кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 052/2021);
3) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат - Евразия экономикалык бирлигинин төмөнкү техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого:
- "Төмөнкү вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 004/2011);
- "Жарылуу коркунучу бар чөйрөлөрдө иштөө үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 012/2011);
- "Техникалык каражаттардын электр магниттик шайкештиги" (БС ТР 020/2011);
- "Энергияны керектөөчү түзүлүштөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна карата талаптар жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 048/2019);
- "Жогорку вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 053/2021);
4) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат - Евразия экономикалык бирлигинин төмөнкү техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого:
- "Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 033/2013), эпизоотиялык бейпилдик бөлүгүндө;
- "Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 034/2013), эпизоотиялык бейпилдик бөлүгүндө;
- "Балык жана балык азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 040/2016), эпизоотиялык бейпилдик бөлүгүндө;
5) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти - Евразия экономикалык бирлигинин төмөнкү техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого:
- "Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 005/2011);
- "Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 007/2011);
- "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 008/2011);
- "Парфюмерия-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 009/2011);
- "Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 017/2011);
- "Жеке коргонуу каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 019/2011);
- "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 021/2011);
- "Тамак-аш азыктары аны маркалоо бөлүгүндө" (БС ТР 022/2011);
- "Жемиштерден жана жашылчалардан жасалган шире продукциясына техникалык регламент" (БС ТР 023/2011);
- "Май-тоң май продукциясына техникалык регламент" (БС ТР 024/2011);
- "Эмерек продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 025/2012);
- "Адистештирилген тамак-аш азыктарынын, анын ичинде диеталык дарылык жана диеталык алдын алуучу тамактануунун өзүнчө түрлөрүнүн коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 027/2012);
- "Тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт берүүчүлөрдүн жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна карата талаптар" (БС ТР 029/2012);
- "Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 033/2013), эпизоотиялык бейпилдик бөлүгүн кошпогондо;
- "Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 034/2013); эпизоотиялык бейпилдик бөлүгүн кошпогондо;
- "Тамеки продукциясына техникалык регламент" (БС ТР 035/2014);
- "Балык жана балык азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 040/2016), эпизоотиялык бейпилдик бөлүгүн кошпогондо;
- "Химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 041/2017);
- "Идишке куюлган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 044/2017);
- "Алкоголдук продукциянын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 047/2018);
- "Канаттуулардын этинин жана аны кайра иштетүүдөн алынган азыктардын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭС ТР 051/2021);
6) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- "Дандын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 015/2011);
- "Минералдык жер семирткичтерге карата талаптар жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 039/2016);
7) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы - Евразия экономикалык бирлигинин төмөнкү техникалык регламенттеринин талаптарын сактоого:
- "Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 010/2011);
- "Лифттердин коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 011/2011);
- "Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизель жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка карата талаптар жөнүндө" (БС ТР 013/2011);
- "Газ түрүндөгү отун менен иштөөчү аппараттардын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 016/2011);
- "Жарылуучу заттардын жана алардын негизиндеги буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 028/2012);
- "Майлоочу материалдарга, майларга жана атайын суюктуктарга карата талаптар жөнүндө" (БС ТР 030/2012);
- "Ашыкча басым менен иштөөчү жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" (БС ТР 032/2013);
- "Отун катары пайдалануу үчүн суюлтулган көмүр суутектүү газга карата талаптар" (ЕАЭБ ТР 036/2016);
- "Электротехника жана радиоэлектроника буюмдарында кооптуу заттарды колдонууну чектөө жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 037/2016);
- "Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 038/2016);
- "Балдар ойноочу аянтчалар үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 042/2017);
- "Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган мунайдын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 045/2017);
- "Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газынын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 046/2018);
- "Суюк жана газ түрүндөгү көмүр суутекти ташуу үчүн магистралдык өткөргүч түтүктөргө карата талаптар жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 049/2020).";
2) 2-пункттагы "финансы" деген сөз "коммерция" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 29-ноябрындагы № 105 санында жарыяланган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |