Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 5-майы ПЖ № 114
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 14-майындагы № 156, 2021-жылдын 27-майындагы № 229, 2021-жылдын 25-октябрындагы № 481, 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 520, 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 158 , 2022-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 222, 2023-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 69, 2023-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 240, 2023-жылдын 25-декабрындагы ПЖ № 354, 2025-жылдын 11-февралындагы № 42, 2025-жылдын 12-майындагы ПЖ № 145, 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 353, 2026-жылдын 31-мартындагы № 133 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен башкаруунун президенттик формасы, аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин органдарын түзүүнүн жаңы тартиби орнотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтан кетти деп эсептелгендигин көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 59 Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укук мурастоочусу деп эсептелсин.
3. (КР Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 481 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 481 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу төмөнкү аткаруу бийлигинин органдары иштейт:
– Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;
- (абзац КР Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы ПЖ № 145 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик;
- Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;
- (алтынчы абзацы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 353 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги;
- Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик;
- (Тогузунчу абзацы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик;
- Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик;
- Мамлекеттик салык кызматы;
- Мамлекеттик бажы кызматы;
- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 520, 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 158, 2022-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 222, 2023-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 69, 2023-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 240, 2023-жылдын 25-декабрындагы ПЖ № 354, 2025-жылдын 11-февралындагы № 42, 2025-жылдын 12-майындагы ПЖ № 145, 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 205, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 353, 2026-жылдын 31-мартындагы № 133 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |