Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июлундагы № 395 токтомуна) |
Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча иштерди ведомстволор аралык координациялоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип мамлекеттик, статистикалык, региондук (мамлекеттер аралык) классификаторлорго (мындан ары - классификаторлор) негизделген техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча иштерди ведомстволор аралык координациялоо эрежелерин аныктайт.
2. Ушул Тартип классификаторлорду иштеп чыгуучу, жүргүзүүчү, актуалдаштыруучу жана колдонуучу Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун (мындан ары - мамлекеттик органдар) ортосунда өз ара аракеттенүү тартибин регламенттейт.
3. Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин ведомстволор аралык координациялоо Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органы (мындан ары - УСО) тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Ведомстволор аралык координациялоонун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик органдардын ортосунда статистикалык маалымат алмашууну автоматташтыруу;
- техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды коддоонун бирдиктүү принцибин сактоо;
- статистикалык маалыматтардын сапаттуу динамикалык катарларын түзүү;
- классификациялоонун жаңы версияларын калыптандырууда өткөөл ачкычтарды түзүү боюнча эмгек чыгымдарын азайтуу;
- ведомстволук классификацияларды тартипке келтирүү;
- маалымат системасындагы классификацияларды бирдиктүү борборлоштурулган сактоо жана тейлөө.
5. Юридикалык жана жеке жактардын иш чөйрөсүнө таандык болгон классификациялоо объектисинин коду алар тарабынан ушул объектти тиешелүү кодго жана классификатордун позициясынын аталышына ыйгаруу менен өз алдынча аныкталат.
2-глава. Ведомстволор аралык координациялоону уюштуруу
6. УСО:
1) классификаторлорду иштеп чыгуу, бекитүү, колдонууга киргизүү, пайдалануу жана жүргүзүү тартибин белгилейт;
2) классификаторлорду иштеп чыгуу, жүргүзүү, актуалдаштыруу жана колдонуу боюнча жалпы жетекчиликти жүргүзөт;
3) классификаторлорду жүргүзүүгө жооптуу мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
4) классификаторлорду жүргүзүү боюнча иштерди методикалык жана уюштуруучулук жактан камсыздайт;
5) классификаторлордун долбоорлорун (аларга өзгөртүүлөр) иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдардын сунуштарын макулдашат. Иштеп чыгуу (өзгөртүүлөрдү киргизүү) зарылдыгы жөнүндө корутунду мамлекеттик орган тарабынан сунуш берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде берилет;
6) классификаторлордун долбоорлоруна (аларга өзгөртүүлөргө) экспертиза уюштурат. 15 календардык күндүн ичинде классификаторду иштеп чыгууга жооптуу мамлекеттик орган менен бирдикте, классификаторду жүргүзүүгө жооптуу мамлекеттик органды, ошондой эле ушул классификатор (ага өзгөртүүлөр) милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон мамлекеттик органдарды аныктайт;
7) классификаторлорду (аларга өзгөртүүлөрдү) бекитет. Классификатор бекитилгенден кийин 20 календардык күндүн ичинде аны мамлекеттик автоматташтырылган классификаторлордун банкына киргизет;
8) мамлекеттик автоматташтырылган классификатордун банкын жүргүзүүнү, ошондой эле аны "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына туташтырууну камсыз кылат;
9) классификаторлорду (аларга өзгөртүүлөрдү) расмий жарыялоону, басып чыгарууну жана жайылтууну уюштурат.
7. Мамлекеттик органдар:
1) аларга бекитилген классификаторлорду иштеп чыгууну, жүргүзүүнү жана колдонууну жүзөгө ашырат;
2) классификаторлорго өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу классификаторлорду актуалдаштыруу, тиешелүү эл аралык классификация колдонууга киргизилген күндөн тартып 3 жылдан ашпаган мөөнөттө аларды эл аралык классификацияга шайкеш келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүнү камсыз кылат;
3) классификаторлордун долбоорлорун (аларга өзгөртүүлөрдү) иштеп чыгуу боюнча сунуштарды 30 календардык күндүн ичинде мамлекеттик органдар менен макулдашууну камсыз кылат жана аларды мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана/же электрондук маалымат каражаттарында УСОго бекитүү үчүн берет;
4) Кыргыз Республикасында болгон классификацияларды аларды колдонуу мүмкүндүгү предметине карата талдоо жүргүзөт:
- эгерде ылайыктуу классификация болсо, анда аны колдонот жана ведомстволор аралык классификациянын статусун берүү үчүн УСОну кабарлайт;
- зарыл классификация болбогон учурда, эл аралык жана мамлекеттер аралык классификацияны изилдөөнүн негизинде, ведомстволук классификаторду, номенклатураны алардын түзүлүшүн милдеттүү түрдө сүрөттөө менен иштеп чыгат;
5) техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоо жана коддоо ыкмаларын өз алдынча аныктайт. Маалыматтын өзгөчөлүгүнө жана классификаторлорду колдонуу жаатына жараша аларга карата классификациялоонун жана коддоонун негизги ыкмаларынын ар кандай айкалыштарын колдонууга болот;
6) мамлекеттик жана ведомстволук маалыматтык системаларды жана ресурстарды (регистрлерди, реестрлерди, кадастрларды, маалыматтар базаларын) түзүүдө жана жүргүзүүдө техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасын милдеттүү түрдө колдонууну, ошондой эле "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин каталогунда катталган сервистерге аларды киргизүү аркылуу маалымат алмашуу учурунда классификаторлорду колдонууну камсыз кылат.