Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
2020-жылдын 24-июлу № 395
Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасы жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78, 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 750 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча иштерди ведомстволор аралык координациялоо тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- Иштеп чыгууга, жүргүзүүгө, актуалдаштырууга, колдонууга жана жокко чыгарууга тийиш болгон техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтын мамлекеттик классификаторлорунун тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 750 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-августундагы № 63 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| К.Боронов |
|
| 2-тиркеме |
Иштеп чыгууга, жүргүзүүгө, актуалдаштырууга, колдонууга жана жокко чыгарууга тийиш болгон техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтын мамлекеттик классификаторлорунун тизмеги
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 750 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Классификатордун аталышы | Классификатордун кыскача аталышы | Классификаторду иштеп чыгуу, жүргүзүү, актуалдаштыруу жана аларды колдонуу үчүн жооптуулар |
1 | Ишканалардын жана уюмдардын жалпы классификатору | ИУЖК | Улутстатком |
2 | Чарбалык субъекттердин уюштуруу-укуктук формаларынын мамлекеттик классификатору | УУФМК | Улутстатком |
3 | Финансылык активдердин мамлекеттик классификатору | ФАМК | Улутстатком |
4 | Материалдык жүгүртүү каражаттарынын мамлекеттик классификатору | МЖКМК | Улутстатком, ФМ |
5 | Төлөм жүгүртүүнүн мамлекеттик классификатору | ТЖМК | УБ, ФМ |
6 | Калк жөнүндө маалыматтын мамлекеттик классификатору | КММК | ЭСКММ |
7 | Кесиптердин жалпы республикалык классификатору | КЖРК | ЭСКММ |
8 | Негизги фонддордун мамлекеттик классификатору | НФМК | Улутстатком, Маммүлк |
9 | Валюталардын эл аралык классификатору | ВЭК | УБ, Кыргызстандарт |
10 | Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттик классификатору | ДӨМК | Кыргызстандарт, ТИМ |
11 | Өлчөө жана эсеп бирдиктеринин мамлекеттер аралык классификатору | ӨЭБМК | Кыргызстандарт |
12 | Стандарттардын мамлекеттер аралык классификатору | СМК | Кыргызстандарт |
13 | Продукциянын (товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) мамлекеттик статистикалык классификатору | ПМСК | Улутстатком, Кыргызстандарт, тармактык министрликтер жана ведомстволор |
14 | Экономиканын институттук секторлорунун мамлекеттик классификатору | ЭИСМК | Улутстатком |
15 | Башкаруу органдарынын мамлекеттик классификатору | БОМК | Улутстатком |
16 | Менчик формаларынын мамлекеттик классификатору | МФМК | Улутстатком |
17 | Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору | ЭИМК | Улутстатком |
18 | "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык жана аймактык бирдиктеринин объекттерин белгилөө системасы" мамлекеттик классификатору | ААББС | Улутстатком, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик |
19 | Ишканалардын типтеринин классификатору | ИТК | Улутстатком |
20 | Жумушчулардын кесиптеринин, кызматчылардын кызмат орундарынын жана тарифтик разряддардын мамлекеттик классификатору | ККТРМК | ЭСКММ |
21 | Классификаторлор жөнүндө маалыматтын мамлекеттик классификатору | КММК | Кыргызстандарт |
22 | Башкаруу документтеринин мамлекеттик классификатору | БДМК | Кыргызстандарт |
23 | Өнөр жай менчик объекттери боюнча маалыматтын мамлекеттик классификатору | ӨМОМК | ИЖБИМ |
24 | Маданий баалуулуктардын мамлекеттик классификатору | МБМК | ММЖСМ |
25 | Пайдалуу кендердин жана жер астындагы суулардын мамлекеттик классификатору | ПК ж ЖСМК | ЖРЭТКМ, САЧКӨМ |
26 | Гидроэнергетикалык ресурстардын мамлекеттик классификатору | ГРМК | ЭМ |
27 | Билим берүү боюнча адистиктердин жана багыттардын мамлекеттик классификатору | БАМК | ИЖБИМ |
28 | Кирешелердин классификациясы; ведомстволук классификация; чыгашалардын экономикалык классификациясы; активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясы | Вед. класс. Эконом. класс. Опер. жана милдет. класс | ФМ |
29 | Эл аралык стандарттык соода классификациясы* | ЭССК | Улутстатком |
30 | Туризмдеги иштин түрлөрүнүн стандарттуу эл аралык классификациясы* | ТИСЭК | Улутстатком |
31 | Оорулардын жана ден соолукка байланышкан проблемалардын эл аралык статистикалык классификациясы, 10 кайра кароо | ОЭК-10 | ССМ |
32 | Максаттар боюнча жеке керектөөнүн классификациясы* | МЖКК | Улутстатком |
33 | Үй чарбаларын тейлөөчү коммерциялык эмес уюмдардын максаттарынын классификациясы* | КУМК | Улутстатком |
34 | Мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларынын классификациясы* | МБОФК | Улутстатком |
35 | Максаттар боюнча өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарынын классификациясы* | МӨЧК | Улутстатком |
36 | Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасы Негизги экономикалык категориялар боюнча классификация* | ЕАЭБ ТЭИТН | Улутстатком, МБК |
37 | Кеңири экономикалык категориялар боюнча классификация* | КЭК | Улутстатком |
(*) - классификатор эл аралык уюм тарабынан иштелип чыгат жана жаңыланып турат.
Кыскартуулардын тизмеси
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги |
ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
Кыргызстандарт | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор |
Улутстатком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
Маммүлк | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |