Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 83 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-декабры № 710
Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин учуу экипажынын курамы жөнүндө
Жарандык авиация жаатындагы ишти жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 83-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан авиациялык персонал жок болгон учурда, коммерциялык аба ташууларын жүзөгө ашырган, авиациялык иштерди аткарган Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларынын жарандык аба кемелеринин экипажынын курамына төмөнкүлөр кириши мүмкүн деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарына ылайык кесиптик жана атайын даярдыгы бар жана авиациялык персоналдын колдонуудагы күбөлүгү Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын таануу жол-жобосунан өткөн чет өлкөлүк жарандар;
2) жарандык авиация жаатында Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында кесиптик жана атайын даярдыктан өткөн, Кыргыз Республикасынын авиациялык персоналынын күбөлүгүн алган чет өлкөлүк жарандар.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 1-августундагы № 2 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин учуу экипажынын курамы жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |