Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 710 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 1-августу № 2
«Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин учкуч экипажынын курамы жөнүндө»
Жарандык авиация чөйрөсүндө ишмердикти жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 83-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын абада коммерциялык жүк ташууларды ишке ашырган, Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы тааныган чет элдик жарандарга, авиациялык жумуштарды аткарган авиакомпанияларынын жарандык аба кемелеринин курамына төмөнкү учурларда кирүү мүмкүндүгү берилсин:
- аба кемесинин түрүнө карата кайра окутуу программасына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар авиациядагы адамдарды милдеттүү түрдө кайра окутуу менен, учкуч экипажында Кыргыз Республикасынын учкуч- жараны жок учурда, аба кемесинин түрүн өздөштүрсүн;
- Кыргыз Республикасында аба кемесинин пайдаланылып жаткан түрүнө учкуч экипажынын мүчөлөрүн даярдоо программаларына ылайык чет элдик инструкторлор Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, кайталап окуудан өткөн учкуч экипажын үйрөтсүн жана машыктырсын.
Чет элдик жарандар менен эмгек келишимин түзүү мөөнөтү 2(эки) жылдан ашпасын.
2. Аба кемелеринин учкуч экипажына кабыл алынган чет элдик мүчөлөрү, башка мамлекет тарабынан берилген авиациялык персоналдын Күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 буйругу менен бекитилген КРАЭ-1 “Авиациялык персоналга күбөлүк берүү” ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органында таануу процедурасынан өтүшсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысынын м.а. Э.Мамыркалиевге жүктөлсүн.
Министр | З. Айдаров |