Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-январы № 6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбору жөнүндө жободо:
- 5-пункттун 8-пунктчасындагы "жана ыкчам-издөө иш-чараларын" деген сөздөр ", контрчалгындоо жана ыкчам-издөө иш-чараларын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 8-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |