Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-январы № 18
2030-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө талап укуктарын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-августундагы № 500 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2030-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө талап укуктарын өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-августундагы № 500 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бир айлык мөөнөттө Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |