ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-августундагы № 500 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 18 «2025-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө талап укуктарын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

Редакция15.08.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 15-августу № 500

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 18 "2025-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө талап укуктарын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын мамлекеттик каттоо жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 18 "2025-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө талап укуктарын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышында жана 1-пунктта "2025-жылга" деген сөздөр "2030-жылга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2025-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө талап укуктарын өнүктүрүү концепциясында:

- аталышында "2025-жылга" деген сөздөр "2030-жылга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев