Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин
реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243, 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгына ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин (мындан ары - Реестр) түзүүнүн, ишинин жана жүргүзүү тартибинин укуктук негиздерин жөнгө салат.
2. Реестрди жүргүзүү тартиби
3. Реестр Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (мындан ары - реестр кармоочу) тарабынан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттери берген маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
Реестрди жүргүзүү боюнча саясатты түзүү Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243, 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Ишкердик субъекттерин Реестрге киргизүү жана Реестрден чыгаруу Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча туруктуу иштөөчү ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Жогоруда аталган туруктуу иштөөчү ведомстволор аралык комиссиянын курамы жана Регламенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
6. Ишкердик субъекттери деп кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан ишти кошпогондо, ишкердик ишти жүргүзгөн, алардын уюштуруу-укуктук формасына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык менчик формаларындагы юридикалык жактары жана жеке ишкерлери таанылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Реестр ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча электрондук түрдө жүргүзүлөт, мында ишкердин Реестрде болуу мөөнөтү киргизилген датадан тартып үч жылды түзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Реестр реестр кармоочунун жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында ачык колдонуу мүмкүндүгү менен жайгаштырылат жана ыйгарым укуктуу ишкерлер жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243, 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Реестрге киргизүү Кыргыз Республикасынын ишкердик субъектинин арызы боюнча ыктыярдуу жана акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
10. Ишкердик субъекттери берген маалыматтар Реестрге ушул Жобонун 19-пунктунда каралган критерийлерге ылайык келип түшкөн күндөн тартып он беш жумуш күндүн ичинде киргизилүүгө тийиш.
11. Реестрге киргизүү үчүн берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти ишкердик субъекти тартат.
12. Ишкердик субъекти берген маалыматтарды жана арызга тиркелген документтерди тактоо үчүн реестр кармоочу жетишсиз маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ишкердик субъекти Реестрде камтылган маалыматтарды өзгөртүүдө актуалдуу маалыматтарды Реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн реестр кармоочунун дарегине жөнөтөт (кагаз же электрондук түрдө).
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкердик субъекттери тарабынан маалыматтарды берүү
тартиби
14. Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекти Реестрге киргизүү үчүн реестр кармоочуга ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз менен кайрылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) юридикалык жактар үчүн:
– мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
– уюмдаштыруучу документтердин көчүрмөлөрү;
– Кыргыз Республикасынын бюджетине салык жана бажы төлөмдөрү, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугун ырастоочу документтер;
– ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча штаттык жумушчулар жөнүндө маалыматтар;
– акыркы үч жыл ичинде улуттук валютада төлөнгөн салыктар жөнүндө маалыматтар;
– ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз ээси жөнүндө маалымкат;
2) жеке ишкерлер үчүн:
– паспорттун көчүрмөсү;
– жеке ишкердин патентинин көчүрмөсү;
– Кыргыз Республикасынын бюджетине салык жана бажы төлөмдөрү, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугун ырастоочу документтер;
– ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча штаттык жумушчулар жөнүндө маалыматтар;
– акыркы үч жыл ичинде улуттук валютада төлөнгөн салыктар жөнүндө маалыматтар;
– ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз ээси жөнүндө маалымкат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ишкердик субъекттери реестр кармоочуга маалыматтарды төмөнкүчө берет:
1) үч жылда бир жолу;
2) Реестрде камтылган жеке маалыматтары өзгөргөн учурда ушул Жобонун 15-пунктуна ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Ишкердик субъекттери жөнүндө кагаз жана электрондук түрдө берилген маалыматтар Кыргыз Республикасынын архив иши жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте сакталат.
18. Реестр кармоочу туруктуу негизде төмөнкүдөй журналдарды жүргүзүүнү камсыз кылууга тийиш:
- кириш документтерди эсепке алуу журналы;
- каттоо журналы.
19. Реестр кармоочу операциялардын көлөмүнө жана программалык камсыздоо мүмкүндүктөрүнө жараша журналдарды жана башка регистрлерди жүргүзүүнүн ыкмасын тандап алат:
- кагаз жүзүндө - журнал түрүндө;
- компьютердик программада - электрондук таблица формасында.
4. Ишкерди Реестрге киргизүү үчүн критерийлер
20. Ишкер төмөнкүдөй талаптарды сактаган учурда Реестрге киргизилиши мүмкүн:
1) Реестрге киргизүү учурунда ишкердик ишти 3 жылдан кем эмес жүргүзүү;
2) акыркы 3 жыл катары менен акыркы 12 ай ичиндеги пайданын жыйынды көлөмүнүн төмөнкүдөй болушу:
- чакан ишкердик субъекти - 8000000 сомдон ашпаган учурда;
- орто ишкердик субъекти - 8000000 сомдон ашкан, бирок 30000000 сомдон ашпаган учурда;
- ири ишкердик субъекти - 30000000 сомдон ашкан учурда.
3) акыркы 3 жыл ичинде төлөнүүчү салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жылдык көлөмүнүн өсүү темпин орточо 5%га жогорулатуу;
4) акыркы 3 жыл ичинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга ылайык эмгек келишими түзүлгөн жана камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн жумушчулардын орточо саны:
- чакан ишканалар - 25тен ашпаган кызматкер;
- орто ишканалар - 25тен кем эмес кызматкер;
- ири ишканалар - 70тен ашык кызматкер;
5) Кыргыз Республикасынын бюджетине салык жана бажы төлөмдөрү, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу;
6) кызматкерлердин орточо эмгек акысы тиешелүү аймак боюнча орточо деңгээлден төмөн эмес;
7) экономикалык кылмыштар жана укук бузуулар үчүн мурда кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбаган жетекчи;
8) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ишкерди Реестрден чыгаруу
21. Реестрге киргизилген Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекти төмөнкү учурларда Реестрден чыгарылат:
1) ишкердик субъекти тарабынан Реестрден чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берилгенде;
2) реестр кармоочуга расмий кабарлама (эркин мазмундагы жазуу жүзүндө) жана ишинде өзгөрүүлөр жоктугун же бар экендигин ырастоочу документтер берилбегенде;
3) ишкердик субъекти (юридикалык жак) жоюлганда;
4) ишкердиктин субъекти (жеке жак) өзүнүн ишкердик ишин токтоткондо;
5) ишкердик субъекти банкрот деп таанылганда;
6) ишкердик субъекти аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмү чектелген, дайынсыз жок деп таанылганда;
7) ишкердик субъекти өлдү деп жарыяланганда;
8) ишкер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмдөрү.
Ушул пункттун 3-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтар ишкердик субъектинин жакын туугандары жана/же ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243, 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Ишкердик субъекттеринин Реестр кармоочунун
алдындагы милдеттери
22. Реестрге киргизилген ишкердик субъекттери реестр кармоочуга Реестрди жүргүзүү үчүн зарыл болгон толук жана так маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Ишкердик субъекттери отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча кийинки жылдын 30-январынан кечиктирбестен расмий кабарлама (эркин мазмундагы жазуу жүзүндө) жана ал боюнча Реестрде чагылдырылган маалыматтар өзгөргөн учурда же мындай өзгөрүүлөрдүн жоктугу жөнүндө тиешелүү документтерди берүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Ишкер тарабынан толук эмес же так эмес маалыматтар берилген учурда, анын ичинде ишкер өзүнүн маалыматтарынын өзгөргөндүгү жөнүндө актуалдуу маалымат бербеген учурда реестр кармоочу буга байланыштуу келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
7. Документ жүгүртүү системасына карата талаптар
24. Реестр кармоочунун документ жүгүртүү системасы ишкердик субъекттери, жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө бардык маалыматтарды калыбына келтирүү мүмкүндүгүн, ошондой эле компьютердик жабдуулар жана/же программалык камсыздоо иштебей калган учурда Реестрди жүргүзүү боюнча ишти улантуу мүмкүндүгүн кароого тийиш.
25. Документтерди кабыл алгандан кийин реестр кармоочу кайрылган адамга кабыл алуу датасы жөнүндө белги, ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнүн көрсөтүү менен анын колу коюлган жана реестр кармоочунун мөөрү басылган документтерди кабыл алуу фактысын ырастоочу документти берет (же болбосо реестр кармоочунун ыйгарым укуктуу адамынын колу менен берилген документтердин көчүрмөсүндө документтердин кириш номери).
26. Реестрге жазууларды киргизүү үчүн негиз болгон документтер реестр кармоочуда алар келип түшкөн учурдан тартып үч жылдан кем эмес сакталууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Реестрдин көчүрмө бөлүгүндө төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- ишкердик субъектинин толук аталышы жана катталган күнү;
- Реестрдеги номер;
- реестр кармоочунун толук аталышы;
- реестр кармоочунун мөөрү, ыйгарым укуктуу адамынын аты-жөнү жана колу.
28. Реестр кармоочу ал берген Реестрдин көчүрмө бөлүгүндө камтылган маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Көчүрмө бөлүк берилген күнгө жана убакытка карата гана жарактуу.
8. Ак ниет ишкерлер үчүн артыкчылыктар
29. Реестрге киргизилген ишкер төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
1) мамлекеттик телеканалдар менен макулдашылган медиаплан боюнча өз ишин чагылдыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телеканалдарында бир жолку акысыз эфир убактысын алат;
2) салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү кезексиз алат;
3) Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге, форумдарга акысыз катышат;
4) Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизилген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан үч жылга пландуу текшерүүлөрдөн бошотулат;
5) мамлекеттик кредиттерди берүү программаларын ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген каржылоо алат;
6) продукцияга, таңгакка жана жарнамалык материалдарга “Ак ниет ишкер” маркалоосун пайдалануу укугун алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243, 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
| Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин РЕЕСТРИ
№ | Юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери | Юридикалык дареги/жашаган жери | Юридикалык жак/жеке ишкер катталган дата | Жумушчулардын саны | Реестрге киргизилген дата | Реестрден чыгарылган дата |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
|
|
6 |
|
|
|
|
|
|
|
7 |
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Ишкердик субъектинин жумушчулары жөнүндө кошумча маалыматтар
№ | Аты-жөнү | Иштеген жери жана ээлеген кызматы | Акыркы 3 жыл ичиндеги эмгек акысы | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга ылайык акыркы 3 жыл ичиндеги камсыздандыруу төгүмдөрү | Реестрге киргизилген дата |
1 |
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы |
Арыз
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243 токтомунун редакциясына ылайык)
Мен, ____________________________________________________________________________,
(аты-жөнү)
_________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
_________________________________________________________________________________
(дареги, почта индекси, телефон, факс, электрондук почта)
_________________________________________________________________________________
(салык төлөөчүнүн идентификациялык номери жана ыйгарым укуктуу
органда күбөлүктү каттоо номери)
маалыматтарды кабыл алууну жана аларды Реестрге киргизүүнү суранам.
Колу: ______________________________ Дата: _________________________________________
-----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Документтерди кабыл алуу жөнүндө тил кат
Берилген дата: ____________________________________________________________________
Арызды жана ага тиркелген документтерди кабыл алган ыйгарым укуктуу адам:
_________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
Каттоо номери ____________________________________________________________________
| Белгиленген формадагы арыз |
| Уюмдаштыруучу документтердин көчүрмөсү |
| Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү |
| Жеке ишкердин патентинин көчүрмөсү |
| Паспорттун көчүрмөсү |
| Бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздарынын жоктугун ырастоочу документ |
| Акыркы үч жыл ичинде төлөнгөн салыктар жөнүндө маалыматтар (улуттук валютада) |
| Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери жөнүндө маалыматтар |
| Персонал жөнүндө маалыматтар |
| Акыркы 3 жыл ичинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга ылайык персоналдардын камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалыматтар |
Арызды кабыл алган адамдын колу: _______________________________________________
|
Форма
Арыз ээси жөнүндө маалымкат
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-декабрындагы № 766 токтомунун редакциясына ылайык)
| |
Юридикалык жактын аталышы/ жеке ишкердин аты-жөнү |
|
Иштин түрү |
|
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери |
|
Юридикалык дареги/жашаган жери/ Whats Арр номери |
|
Юридикалык жактын/жеке ишкердин биринчи жөлу катталган (кайра катталган) датасы |
|
№ | Ишкерди Реестрге киргизүү үчүн критерийлер | Субъект жөнүндө маалымат | |
1 | Реестрге киргизүү учурунда ишкердик ишти 3 жылдан кем эмес жүргүзүү | _____________ жыл иш жүргүзүүдө | |
2 | Акыркы 3 жыл катары менен акыркы 12 ай ичиндеги пайданын жыйынды көлөмү: | Чакан ишкердик субъекти – 8 000 000 сомдон ашпайт | 20____-ж. – _______ сом; 20____-ж. – _______ сом; 20____-ж. – _______ сом; |
Орто ишкердик субъекти – 8 000 000 сомдон ашат, бирок 30 000 000 сомдон ашпайт | 20____-ж. – _______ сом; 20____-ж. – _______ сом; 20____-ж. – _______ сом; | ||
Ири ишкердик субъекти – 30 000 000 сомдон ашат | 20____-ж. - _______ сом; 20____-ж. - _______ сом; 20____-ж. - _______ сом; | ||
3 | Акыркы 3 жыл ичинде төлөнүүчү салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жылдык көлөмүнүн өсүү темпин орточо 5 %га жогорулатуу | Салыктар: 20____-ж. - _______ сом; өсүш темпи – ________% 20____-ж. - _______ сом; өсүш темпи – ________% 20____-ж. - _______ сом; өсүш темпи – ________% | |
Камсыздандыруу төгүмдөрү: 20____-ж. - _______ сом; өсүш темпи – ________% 20____-ж. - _______ сом; өсүш темпи – ________% 20____-ж. - _______ сом; өсүш темпи – ________% | |||
4 | Акыркы 3 жыл ичинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга ылайык эмгек келишими түзүлгөн жана камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн жумушчулардын орточо саны | Чакан ишканалар – 25тен ашпаган кызматкер; | 20____-ж. - _______ 20____-ж. - _______ 20____-ж. - _______ Орточо саны |
Орто ишканалар – 25тен кем эмес кызматкер; | 20____-ж. - _______ 20____-ж. - _______ 20____-ж. - _______ Орточо саны | ||
Ири ишканалар - 70тен ашык кызматкер; | 20____-ж. - _______ 20____-ж. - _______ 20____-ж. - _______ Орточо саны | ||
5 | Кыргыз Республикасынын бюджетине салык жана бажы төлөмдөрү боюнча, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу | Карызы жок: Маалымкат № ______ ___ ____ 20____-ж. Маалымкат № ______ ___ ____ 20____-ж. Маалымкат № ______ ___ ____ 20____-ж. | |
6 | Кызматкерлердин орточо эмгек акысы тиешелүү аймак боюнча орточо деңгээлден төмөн эмес | 20____-ж. - _______ сом; 20____-ж. - _______ сом; 20____-ж. - _______ сом | |
7 | Экономикалык кылмыштар жана укук бузуулар үчүн мурда кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбаган жетекчи | (Аты-жөнү/кызмат орду) тартылган эмес
Маалымкат № ______ ___ ____ 20____-ж. | |