Загрузка документа…
| ||
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы N 566 токтомуна) |
Баткен жана Ош облустарында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам төлөө ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип Баткен жана Ош облустарында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон окуялардын натыйжасында каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүүнүн тартибин аныктайт.
2. Бир жолку материалдык жардам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервинин каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө берилет:
1) 1000000 (бир миллион) сом - Баткен жана Ош облустарында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон окуялардын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө;
2) 200000 (эки жүз миң) сом - Баткен жана Ош облустарында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон окуялардын натыйжасында ден соолугуна оор зыян келтирилип, жабыр тарткан жана саламаттык сактоо уюмдарында стационардык дарыланган Кыргыз Республикасынын жарандарына, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо;
3) 100000 (жүз миң) сом - Баткен жана Ош облустарында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон окуялардын натыйжасында ден соолугунун кыска убакытка бузулуусуна алып келген ден соолугуна анча оор эмес зыян, ошондой эле ден соолугуна жеңил зыян келтирилип, жабыр тарткан, медициналык жардам сурап кайрылган жана саламаттык сактоо уюмдарында стационардык жана амбулатордук дарыланган Кыргыз Республикасынын жарандарына, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо.
3. Курман болгондордун же каза болгондордун бир жолку материалдык жардам алууга укугу бар үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) курман болгон, каза болгон жарандын жубайы;
2) курман болгон, каза болгон жаран никеге турбаган учурда ата-энесинин бири.
Курман болгон же каза болгон жаран никеге турбаса жана ата-энеси жок болсо бир жолку материалдык жардам курман болгон же каза болгон жаран менен бирге туруктуу жашаган, туугандык мамилелер менен байланышкан, жалпы чарба жүргүзгөн жана жалпы бюджетке ээ болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине төлөнөт.
4. Ушул Тартиптин 3-пунктунда каралбаган башка учурларда туугандыгын аныктоо, ошондой эле башка талаштуу маселелер комиссия тарабынан чечилет. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен же Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары - комиссиянын төрагасы;
2) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары/вице-мэр - комиссиянын төрагасынын орун басары;
3) Баткен же Ош облусундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси, Баткен жана Ош облусу боюнча саламаттык сактоо боюнча координатор, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери. Зарыл болгон учурда комиссия айыл өкмөтүнүн башчысын комиссиянын ишине тартууга укуктуу.
5. Материалдар комиссиянын жыйналышына зарылдыгына жараша эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан киргизилет.
6. Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам төлөө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзгөн тизмелердин негизинде жүргүзүлөт:
1) тизме төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- каза болгон жарандар жөнүндө: аты-жөнү, туулган датасы, идентификациялык жеке номери, жашаган жери, паспорттук маалыматтары же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн номери, өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн номери, ошондой эле туугандары жөнүндө маалыматтар: аты-жөнү, паспортунун маалыматтары, туулгандыгы тууралуу же никеге тургандыгы тууралуу күбөлүгүнүн номери;
- жабыр тарткан жарандар жөнүндө: аты-жөнү, туулган датасы, жеке идентификациялык номери, жашаган жери, паспортунун маалыматтары же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн номери, ошондой эле ден соолугуна келтирилген зыяндын даражасы (ден соолугуна оор, анча оор эмес жана жеңил зыян келүү);
2) каза болгон жарандардын жана жабыркагандардын тизмесинин ар бир барагы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмүнүн жооптуу жетекчиси тарабынан кол коюлууга жана датасын көрсөтүү менен мөөр басылууга тийиш.
7. Бир жолку материалдык жардам алуу үчүн ушул Тартиптин 3-пунктунда аталган адамдар, ошондой эле жабыркаган жарандар жашаган жери боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылууга тийиш. Бир жолку материалдык жардамды чегерүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
1) арыз ээсинин паспорту;
2) арыз ээсинин каза болгон же курман болгон адам менен туугандыгын ырастаган никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүгү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
3) өлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
4) жабыркагандын соттук-медициналык экспертизанын корутундусу.
8. Бир жолку материалдык жардамды төлөөдө райондук коэффициентти эсептөө каралган эмес.
9. Материалдык жардам алуучулардын тизмесине эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин колу коюлат жана бир жолку материалдык жардамды төлөөгө акча каражаттарын которуу үчүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төлөөгө жиберилет.
10. Бир жолку материалдык жардамды төлөө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан накталай эмес формада, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган келишим түзгөн коммерциялык банктын транзиттик эсебине каражаттарды которуу жолу менен жүргүзүлөт.
11. Эгерде мурда жабыркаган катары бир жолку материалдык жардам алган адам Баткен жана Ош облустарында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон окуялардын натыйжасында денесине алган жаракаттан улам эки жылдын ичинде каза болсо, маркумдун үй-бүлөсүнө буга чейин алынган бир жолку материалдык жардамдын суммасын кемитүү менен каза болгон жаран катары компенсация төлөнөт.
12. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү 2022-жылдын 31-декабрына чейин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жолку материалдык жардам төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат берет.
13. Ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн комиссия тарабынан бир жолку материалдык жардам төлөө боюнча чечилбеген талаш маселелер сот тартибинде чечилет.