Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-октябры № 566
Баткен жана Ош облустарында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам төлөө жөнүндө
Баткен жана Ош облустарында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөргө бир жолку материалдык жардам төлөнсүн:
1) Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө - 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө;
2) ден соолугуна оор зыян келтирилген Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо - 200000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө;
3) ден соолугуна анча оор эмес зыян келтирилген, ошондой эле ден соолугуна жеңил зыян келтирилген, ден соолугунун кыска убакытка бузулуусуна алып келген, медициналык жардамга кайрылган жана саламаттык сактоо уюмдарында стационардык жана амбулатордук дарыланган Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо - 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өтүнмөсүнө ылайык бир жолку материалдык жардамды төлөө үчүн каражат бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Баткен жана Ош облустарында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам төлөө тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Баткен жана Ош облустарында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жана жабыркаган жарандарынын тизмелерин түзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бир жолку материалдык жардам төлөөнү бекитилген Тартипке ылайык камсыз кылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
|
|