Загрузка документа…
|
| ||
|
| ||
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 29 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 токтомуна) | |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана төлөө тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 237, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 537 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу/мамлекеттик орган/Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги) казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана төлөө тартибин жөнгө салат.
2. Казыналык милдеттенмелер энчилүү мамлекеттик баалуу кагаздар болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги казыналык милдеттенмелердин эмитенти катары чыгат.
3. Казыналык облигациялар күрөө катары чыга алат.
4. Казыналык милдеттенмелер казыналык милдеттенменин ээси эмитентке койгон акчалай талапты белгиленген мөөнөттө сөзсүз түрдө канааттандыруу укугун берген документ болуп саналат.
2. Аныктамалар жана терминдер
5. Ушул Жободо төмөнкүдөй аныктамалар жана терминдер колдонулат:
1) баалуу кагаздын ээси - баалуу кагазга ээлик кылган жеке же юридикалык жак;
2) казыналык милдеттенме - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын улуттук валютада номинацияланган, мамлекеттик органдардын милдеттенмелерин жөнгө салуу жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо үчүн чыгарылган узак мөөнөттүү баалуу кагазы;
3) эмитент - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
4) казыналык милдеттенмелерди төлөө - төлөнүүчү чыгарылыштагы казыналык милдеттенмелерди кармоочулардын эсептерине номиналдык наркты чегерүү;
5) купон боюнча төлөмдөрдү төлөө - казыналык милдеттенмелерди кармоочулардын эсептерине купон боюнча төлөмдөрдү чегерүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Чыгаруу зарылдыгынын шарттары
6. Казыналык милдеттенмелер мамлекеттик органдардын кредитордук карыздары боюнча милдеттенмелерди жөнгө салуу жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо максатында чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Милдеттенмелерди жөнгө салуу жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо үчүн казыналык милдеттенмелерди чыгаруу ыйгарым укуктуу органдын буйругунун негизинде гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу тартиби
8. Ыйгарым укуктуу органдын казыналык милдеттенмелери кагаз түрүндө чыгарылат.
9. Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу ыйгарым укуктуу органдын буйруктарына ылайык серияларда жүзөгө ашырылат, анда казыналык милдеттенмелердин ар бир сериясын чыгаруунун жана төлөөнүн датасы, шарттары көрсөтүлүүгө тийиш.
10. Казыналык милдеттенменин ар бир чыгарылышы өзүнүн уникалдуу сериясынын номерине ээ.
11. Бир сериядагы ар бир казыналык милдеттенменин өзүнүн уникалдуу номери бар.
12. Казыналык милдеттенмелердин параметрлери ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана ар бир казыналык милдеттенмеде белгиленет.
13. Мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын жөнгө салуу үчүн казыналык милдеттенмелер боюнча пайыздарды чегерүү каралбайт (пайызсыз). Мында эмитент курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо үчүн купондук казыналык милдеттенмелерди чыгарууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Казыналык милдеттенмелердин ар бир сериясын чыгаруу жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын казыналык милдеттенмелерин каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китебине (мындан ары - Мамлекеттик китеп) киргизилет.
15. Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жана үчүнчү жактарга казыналык милдеттенмелерди берүүдө талап кылуу укугун каттоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Казыналык милдеттенмелерди үчүнчү жактарга берүүдө ээси Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин расмий түрдө маалымдайт.
16. Сатуу-сатып алуу операцияларын жана күрөө мамилелерин кошо алганда, казыналык милдеттенмелерге ээлик кылуу укугун өткөрүп берүүгө алып келген башка операцияларды жасоодо казыналык милдеттенмелердин арткы бетине операция жасалгандыгы жөнүндө жазуу жүргүзүлөт. Бул жазуу мамлекеттик китепте катталууга тийиш.
17. Казыналык милдеттенмелер боюнча кирешелерге салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Казыналык милдеттенмелерди төлөө
18. Казыналык милдеттенмелерди төлөөнү жана купон боюнча төлөө шарттарын эмитент казыналык милдеттенмелер чыгарылган учурда аныктайт.
Купондук төлөмдөрдү төлөө жана казыналык милдеттенмелерди төлөө казыналык милдеттенмелерди каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китебинин жазууларына ылайык казыналык милдеттенмелерди жана казыналык милдеттенмелер боюнча купондук төлөмдөрдү төлөө күнү акыркы кармоочулардын эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
19. Казыналык милдеттенмелерди төлөө казыналык милдеттенмелерде жана Мамлекеттик китепке киргизилген, ыйгарым укуктуу органдын буйругунда көрсөтүлгөн төлөө күнү келгенден кийин жүзөгө ашырылат.
20. Ээси төлөө үчүн казыналык милдеттенмелерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет, ал тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын тариздейт. Казыналык милдеттенмелерди төлөө жол-жобосу Мамлекеттик китеп жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
21. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги казыналык милдеттенмелердин аяктоо мөөнөтү келгенде ыйгарым укуктуу органдын бирдиктүү казыналык эсебинен акыркы казыналык милдеттенмелердин ээлеринин эсебине акча каражаттарын которууну жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы N 237 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Төлөө Мамлекеттик китептеги жазуулар казыналык милдеттенмелердин арткы бетиндеги жазууларга ылайык келген учурда гана жүзөгө ашырылат.
6. Казыналык милдеттенмелерди чыгарууну, берүүнү жана төлөөнү контролдоо
23. Казыналык милдеттенмелерди чыгарууну, берүүнү жана төлөөнү контролдоо, ошондой эле купондук төлөмдөрдү эсепке алуу үчүн Мамлекеттик китеп жүргүзүлөт, ал казыналык милдеттенмелердин ар бир чыгарылган сериясы боюнча өзүнчө ачылат.
24. Мамлекеттик китепте казыналык милдеттенменин ар бир уникалдуу номеринин кыймылы жазылат, ал мөөр менен бекитилет.
25. Казыналык милдеттенмелердин ар бир уникалдуу номеринде казыналык милдеттенмелердин ар бир сериясын чыгаруунун негизги шарттары, атап айтканда көлөмү, чыгарылган күнү, төлөө датасы, номиналдык наркы, купондук төлөмдөр жана аларды чыгарууда ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген башка шарттар көрсөтүлөт.
26. Казыналык милдеттенмелерди төлөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан казыналык милдеттенмелердин ээлери көрсөткөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
7. Казыналык милдеттенмелерди чакыртып алуу (жокко чыгаруу)
27. Казыналык милдеттенмелерди чакыртып алуу - бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган учурларда жана тартипте казыналык милдеттенмелер боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бир тараптуу баш тартуу.
28. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги казыналык милдеттенмелерди чыгарууда алардын ээсинин жоопкерчилигин көрсөтөт. Ал (казыналык милдеттенмелерди кармоочу) казыналык милдеттенмелердин эмиссиясынын шарттарын сактабаганда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги казыналык милдеттенмелерди кармоочуга милдеттүү түрдө кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын Финансы министри кол койгон буйрукту чыгаруу аркылуу казыналык милдеттенмелерди чакыртып алууга укуктуу.
28-1. Коммерциялык банктар казыналык милдеттенмелерди Мамлекеттик китепке ээсинин укугун өткөрүп берүү жөнүндө тиешелүү жазууларды жүзөгө ашыруу менен сатып алгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан казыналык милдеттенмелерди чакыртып алууга жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы N 237 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Тараптардын жоопкерчилиги
29. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана казыналык милдеттенмелерди кармоочулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казыналык милдеттенмелерди чыгаруу, өткөрүп берүү жана төлөө шарттарынын аткарылышы үчүн өз ара жоопкерчилик тартат.