Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-январы № 14
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 557 "Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 61-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 557 "Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартибинде:
5-таблица төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"
5 | 2015-2022-жылдары | 30 |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы
А.У. Жапаров
|
|