КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-январы, № 10
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын5-мартындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим жаатындагы мамлекеттик органдарынын жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын5-мартындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:
15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
«– камкорчулук кеңешинин сунуштамасы боюнча Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин биринчи проректорун (ректордун биринчи орун басарын) дайындайт жана бошотот;».
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |