Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-марты № 72
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-апрелиндеги № 172, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248, 2022-жылдын 12-августундагы № 455, 2023-жылдын 28-августундагы № 431, 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 448, 2024-жылдын 5-февралындагы № 48, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы мамлекеттик органдарын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96 жана 97-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 жана 25-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен тиешелүү функцияларды жана штаттык бирдиктерди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берүү менен төмөнкүлөр жоюлсун:
1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигин жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигине тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 484 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 298 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүчү мекемелерди лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекцияны кайра уюштуруу жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 639 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментин түзүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-декабрындагы № 897 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтун түзүү маселелери жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 485 "Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин типтик штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 481 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 545 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 186 "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-июлундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Жаңы китеп" мекемесин түзүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 566 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 "Жалпы билим берүү уюмдарында билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун жогорулатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 639 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментин түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 294 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2032-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 21-22 (3500-3201) саны менен жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу
схемасы
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-апрелиндеги № 172, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248, 2022-жылдын 12-августундагы № 455, 2023-жылдын 28-августундагы № 431, 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 448, 2024-жылдын 5-февралындагы № 48, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомдорунун редакцияларына ылайык)