Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 13-январы, № 17

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 244 “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Илим” бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 244 “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Илим” бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы, преамбуладагы, 1–3-пункттардагы “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан” деген сөздөр алып салынсын;

2) 6-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги” деген сөздөр “Тийиштүү мамлекеттик органдар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесиндеги “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Илим” бөлүмү боюнча каржылануучу” деген сөздөр алып салынсын;

4) жогоруда аталган токтомдун 4, 5, 7, 8-тиркемелериндеги “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан” деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом 2022-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров