Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-апрели № 244
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөрдүн кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналуучу минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин;
3) "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө системасында иштеген техникалык тейлөө персоналынын;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө системасында иштеген кенже тейлөө персоналынын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө системасында иштеген техникалык тейлөө персоналы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө системасында иштеген кенже тейлөө персоналы үчүн кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканы кызмат орду боюнча эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 2-тиркемеге ылайык;
3) Илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин кызматтык маяналарына карата эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө системасында иштеген техникалык тейлөө персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө системасында иштеген кенже тейлөө персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына карата иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акылардын өлчөмдөрү 6-тиркемеге ылайык;
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин жана "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин кызматтык маяналарына карата иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акылардын өлчөмдөрү 7-тиркемеге ылайык;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө системасында иштеген техникалык тейлөө персоналынын кызматтык маяналарына карата иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акылардын өлчөмдөрү 8-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;
2) өргүүгө чыгууда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) 2022-жылга республикалык бюджетте илим системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүүгө кошумча ассигнованиелерди карасын;
2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
6. Тийиштүү мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 432 "Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим жана илимий тейлөө жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Президент | 4,4 |
2 | Вице-президент | 3,3 |
3 | Башкы окумуштуу катчы | 3,3 |
4 | Иш башкаруучу | 2,8 |
5 | Финансы-экономикалык маселелер боюнча башкармалыктын начальниги | 2,7 |
6 | Кеңешчи | 2,4 |
7 | Президенттин окумуштуу катчысы | 2,2 |
8 | Бөлүмдүн начальниги | 2,2 |
9 | Бөлүмдүн окумуштуу катчысы | 1,7 |
10 | Башкы адис | 1,7 |
11 | Жетектөөчү адис | 1,6 |
12 | 1-категориядагы адис | 1,5 |
13 | Адис | 1,4 |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Бөлүмдүн төрагасы | 3,3 |
2 | Директор | 2,6 |
3 | Директордун орун басары | 2,4 |
4 | Окумуштуу катчы | 2,3 |
5 | Лабораториянын башчысы, бөлүм башчысы | 2,2 |
6 | Башкы илимий кызматкер | 2,0 |
7 | Сейсмикалык станциянын бөлүмүнүн начальниги | 2,0 |
8 | Жетектөөчү илимий кызматкер | 2,0 |
9 | Башкы геофизик | 1,9 |
10 | Улук илимий кызматкер | 1,9 |
11 | Илимий кызматкер | 1,8 |
12 | Кенже илимий кызматкер | 1,6 |
13 | Башкы бухгалтер | 1,8 |
14 | Улук бухгалтер | 1,7 |
15 | Бухгалтер | 1,5 |
16 | Башкы экономист | 1,8 |
17 | Экономист | 1,7 |
18 | Улук редактор, улук корректор | 1,7 |
19 | Техникалык редактор | 1,4 |
20 | Корректор | 1,4 |
21 | Башкы инженер | 1,8 |
22 | Жетектөөчү инженер | 1,7 |
23 | 1-категориядагы инженер | 1,5 |
24 | 2-категориядагы инженер | 1,4 |
25 | Инженер | 1,4 |
26 | Кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору | 1,7 |
27 | Кадрлар боюнча инспектор | 1,5 |
28 | Техникалык жетекчи | 1,6 |
29 | Механик | 1,2 |
30 | Улук лаборант | 1,4 |
31 | Сейсмикалык станциянын улук лаборанты | 1,4 |
32 | Лаборант | 1,2 |
33 | Техник | 1,1 |
34 | 1-категориядагы техник | 1,3 |
35 | 2-категориядагы техник | 1,2 |
36 | Агроном | 1,4 |
37 | Агротехник | 1,2 |
38 | Ветеринардык врач | 1,1 |
39 | Чарба башчысы | 1,2 |
40 | Сейсмикалык станциянын китепканачысы | 1,4 |
41 | Токойчу | 1,1 |
2. Борбордук илимий китепкана | ||
42 | Директор | 2,6 |
43 | Директордун орун басары | 2,4 |
44 | Бөлүм башчысы | 1,8 |
45 | Окумуштуу катчы | 2,3 |
46 | Филиалдын башчысы | 1,6 |
47 | Лабораториянын башчысы | 1,8 |
48 | Башкы китепканачы, библиограф | 1,6 |
49 | 1-категориядагы китепканачы | 1,6 |
50 | Китепканачы | 1,4 |
51 | Илимий кызматкер | 1,8 |
52 | Инженер-программист | 1,6 |
53 | Реставратор | 1,3 |
|
| 3-тиркеме |
Илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин кызматтык маяналарына карата ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 2,0 |
2 | Директордун орун басары | 1,8 |
3 | Кеңешчи | 1,6 |
4 | Окумуштуу катчы | 1,7 |
5 | Лабораториянын башчысы, бөлүм башчысы, | 1,6 |
6 | Башкы илимий кызматкер | 1,6 |
7 | Жетектөөчү илимий кызматкер | 1,5 |
8 | Улук илимий кызматкер | 1,5 |
9 | Илимий кызматкер | 1,4 |
10 | Кенже илимий кызматкер | 1,3 |
11 | Башкы бухгалтер | 1,4 |
12 | Улук бухгалтер | 1,3 |
13 | Бухгалтер | 1,2 |
14 | Башкы экономист | 1,4 |
15 | Экономист | 1,3 |
16 | Улук редактор, улук корректор | 1,3 |
17 | Техникалык редактор | 1,1 |
18 | Корректор | 1,1 |
19 | Башкы инженер | 1,4 |
20 | Жетектөөчү инженер | 1,3 |
21 | 1-категориядагы инженер | 1,4 |
22 | 2-категориядагы инженер | 1,1 |
23 | Инженер | 1,1 |
24 | Патенттик жана ойлоп табуучулук иш боюнча инженер | 1,1 |
25 | Кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору | 1,2 |
26 | Кадрлар боюнча инспектор | 1,2 |
27 | Улук лаборант | 1,0 |
28 | Лаборант | 1,0 |
29 | Техник | 1,0 |
30 | Токойчу | 1,0 |
31 | Агроном | 1,0 |
32 | Агротехник | 1,0 |
33 | Ветеринардык врач | 1,0 |
34 | Чарба башчысы | 1,0 |
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө системасында иштеген техникалык тейлөө персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү, катчы (катчы-машинист, катчы-референт), стенографист, диктофон кызматынын машинисти (2-категориядагы машинист) | 1 |
2 | 1) өзгөчө чакан жана чакан (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8 куб.см чейин) автомобилдердин айдоочулары | 1,2 |
2) орточо жеңил (автомобилдин көлөмү 1,8ден 3,5 см чейин) автомобилдердин айдоочулары | 1,3 | |
3) чоң (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 3,5 см жогору) автомобилдердин айдоочулары | 1,4 | |
3 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 1,2 |
4 | Автобустун айдоочусу, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 1,3 |
5 | Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электр жана автоарабанын айдоочусу, тракторист-машинист, тракторист | 1,0 |
6 | Дизайнер | 1,2 |
7 | Архивдин башчысы, канцеляриянын башчысы | 1,4 |
8 | Сактоочу жайдын жана чарбанын башчысы, чарбанын башчысы, кампанын башчысы, костюмер башчысы, фонотеканын башчысы, фильмотеканын башчысы | 1,2 |
9 | Кассир, билет саткан кассир | 1,0 |
10 | Комендант (жатакананын, лагердин, окуу корпусунун, корпустар, имараттар жана курулмалар тобунун) | 1,2 |
11 | Откананын оператору, машинист | 1,2 |
12 | Жыгач уста (столяр), сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электромонтер | 1,0 |
13 | Имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды күнүмдүк оңдоо (тейлөө) боюнча жумушчу, сырдоочу, шыбакчы | 1 |
14 | Радиомеханик, радиооператор, телефонист | 1,2 |
15 | Электр жана газ менен ширетүүчү, ширетүүчү | 1,0 |
Эскертүү:
1) техникалык тейлөө персоналынын кызматтык маяналары кесиптик билимди, шыктарды жана көндүмдөрдү талап кылган иштердин татаалдык деңгээлине жараша мурда колдонулган разряддарды эске алуу менен белгиленет;
2) автомобилдердин айдоочуларына айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысына ченемге салынбаган жумуш күн үчүн кызматтык маянасынын 25 пайыздык өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт;
3) кесиптик чеберчилиги үчүн дифференцияланган үстөк акылар: 2-разряддагы жумушчуларга тиешелүү кызматтык маянадан 5 пайыз, 3-разряддагы жумушчуларга - 10 пайыз, 4-разряддагы жумушчуларга - 15 пайыз, 5-разряддагы жумушчуларга - 20 пайыз, 6-разряддагы жумушчуларга - 25 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
|
| 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө системасында иштеген кенже тейлөө персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Гардеробдун кызматкери, лифтчи, кароолчу (вахтачы, кароолчу), өткөрүү пунктунун контролеру | 1 |
2 | Короо тазалоочу (аймак тазалоочу), багбан, пол сүрүүчү, жарык көчүрмөчү, айнек тазалоочу | 1 |
3 | От жагуучу | 1 |
4 | Ат багуучу, араба айдоочу | 1 |
5 | Жардамчы жумушчу | 1 |
6 | Мал багуу боюнча жумушчу | 1 |
7 | Кызматтык жана маданий-коомдук (таштанды чыгаруучу) жайларды тазалоочу | 1 |
8 | Коомдук дааратканаларды тазалоочу | 1 |
Эскертүү:
1) кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары аткарылуучу иштин татаалдык даражасына жараша белгиленет;
2) хирургиялык жана стоматологиялык бөлүмдөрдө иштеген санитарканалардын кызматтык маяналары 10 пайызга жогорулайт;
3) кызматтык жана маданий-тиричилик жайларын, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга, кийим (атайын кийим) жуугуч машинисттерге, киржуугучтарга, санитаркаларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызга чейинки өлчөмүндө үстөк акылар белгиленет.
|
| 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына карата иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акылардын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Иш тажрыйбасы | Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акылардын өлчөмү |
1 | 1ден 3 жылга чейин | 5% |
2 | 3ден 5 жылга чейин | 10% |
3 | 5тен 10 жылга чейин | 15% |
4 | 10дон 15 жылга чейин | 20% |
5 | 15тен 20 жылга чейин | 25% |
6 | 20дан 25 жылга чейин | 30% |
7 | 25 жылдан жогору | 40% |
|
| 7-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин жана "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин кызматтык маяналарына карата иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акылардын ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Иш тажрыйбасы | Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акылардын өлчөмү |
1 | 5тен 10 жылга чейин | 10% |
2 | 10дон 15 жылга чейин | 20% |
3 | 15 жылдан жогору | 30% |
|
| 8-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө системасында иштеген техникалык тейлөө персоналынын кызматтык маяналарына карата иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акылардын ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Иш тажрыйбасы | Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмү |
1 | 5тен 10 жылга чейин | 10% |
2 | 10дон 15 жылга чейин | 20% |
3 | 15 жылдан жогору | 30% |