Загрузка документа…
|
| |
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүн уюштуруу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 113, 2025-жылдын 24-сентябрындагы №612 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн (мындан ары - соода өкүлчүлүктөрү) ишинин укуктук негиздерин аныктайт.
2. Соода өкүлчүлүктөрү тышкы экономикалык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирет жана аларды коргоону камсыз кылат, соода-экономикалык мамилелерди орнотууга жана өнүктүрүүгө, экспортту көбөйтүүгө, тышкы экономикалык ишти активдештирүүгө жана Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташтыгына өбөлгө түзөт.
3. Кыргыз Республикасы менен келген мамлекеттин тышкы экономикалык байланыштарын кеңейтүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети соода өкүлчүлүктөрүнүн региондук бөлүмдөрүн уюштурууга укуктуу. Соода өкүлчүлүктөрүнүн региондук бөлүмдөрү өз ишин келген мамлекеттеги соода өкүлүнүн жетекчилиги алдында жүзөгө ашырат.
4. Соода өкүлчүлүктөрү соода өкүлүнөн жана кызматкерлерден турат. Региондук бөлүмдөр региондук соода өкүлүнөн жана кызматкерлерден турат.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети соода өкүлчүлүктөрүнө эки же андан көп мамлекеттердеги милдеттерди аткарууну жүктөөгө укуктуу.
6. Соода өкүлчүлүктөрү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Тартипти жетекчиликке алат.
2. Соода өкүлчүлүктөрүнүн негизги милдеттери
7. Соода өкүлчүлүктөрүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- келген мамлекетте тышкы экономикалык иш чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын жактоо жана мындай кызыкчылыктарды коргоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасы менен келген мамлекеттин ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- кыргыз товар өндүрүүчүлөрүнүн товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн экспорттоону кеңейтүүгө көмөктөшүү, анын ичинде келген мамлекетте алар үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү артыкчылыктуу шарттарды түзүү жолу менен;
- ата мекендик экспортерлордун жана импортерлордун экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, ишкер байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүү, соода-экономикалык кызматташтыктын жаңы багыттарын жана формаларын өнүктүрүү;
- тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга, тике байланыштарды түзүү, биргелешкен ишканаларды, сервистик, соода жана жарнама фирмаларын түзүү сыяктуу экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтыктын жаңы багыттарын жана формаларын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
3. Соода өкүлчүлүктөрүнүн негизги функциялары
8. Соода өкүлчүлүктөрү жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- келген мамлекеттин экономикалык абалын жана соода саясатынын чараларын, тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү тенденцияларын, валюта-финансылык абалын, тышкы экономикалык иш жаатындагы мыйзамдарды жана эл аралык стандарттарды, экологиялык ченемдерди, сертификациялоо системасын, келген мамлекеттин товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун конъюнктурасын, ата мекендик товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн изилдөө, талдоо жана мониторинг жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына сунуштарды жана маалыматтык-аналитикалык материалдарды берүү;
- келген мамлекетте Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо, тышкы экономикалык иштин кыргыз катышуучуларына, кыргыз товарларына, кызмат көрсөтүүлөрүнө, инвестицияларына карата басмырлоо жана келген мамлекет тарабынан анын милдеттенмелерин аткарбоо учурларын аныктоо жана мындай учурларды жоюуга көмөктөшүү;
- кызматташуунун прогрессивдүү формаларын жөнгө салууга жана өнүктүрүүгө, бизнес-ассоциациялар менен байланыш түзүүгө, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн тышкы рынокторго чыгуусуна, бизнес-миссияларды уюштурууга, потенциалдуу жагымдуу өнөктөштөрдү издөөгө жана тандоого көмөктөшүү;
- ата мекендик компаниялардын имиджин калыптандыруу, Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүнүн оң тажрыйбасын илгерилетүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын тышкы соода иштеринин жана келген мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусу менен улуттук соода-өнөр жай көргөзмөлөрүн, жарманкелерди, жарнамалык кампанияларды, конференцияларды, башка жумушчу жолугушууларды жана визиттерди өткөрүүгө көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы жана Кыргыз Республикасынын инвестициялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен, анын ичинде инвестицияларды тартуу маселесинде биргелешкен иш планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- тышкы экономикалык иштин субъекттери менен контракттарды түзүүгө көмөктөшүү, аларды ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү;
- соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын жана комитеттердин, тышкы экономикалык иш маселелери боюнча эл аралык экономикалык уюмдардын ишине катышуу;
- келген мамлекеттеги тышкы соода иши, конъюнктура жана рыноктун тенденциялары боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнө маалыматтык-консультациялык жардам көрсөтүү;
- келген мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык келишимдердин шарттарын бузууга же келген мамлекетте Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин катышуучуларын басмырлаган мыйзамдарды колдонууга байланышкан соода талаштарын өз компетенциясынын алкагында жөнгө салууга катышуу;
- өзүнүн компетенциясынын алкагында тышкы экономикалык иштин кыргыз жана чет өлкөлүк катышуучуларынын ортосундагы соода жана башка коммерциялык талаштарды сотко чейинки этапта жөнгө салууга катышуу;
- өз компетенциясынын алкагында кыргыз товарларынын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, инвестициялардын келген мамлекеттин рыногуна жеткиликтүүлүгүн либералдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу;
– келген өлкөдө мамлекеттин менчигинде турган соода павильондорунун/үйлөрүнүн ишин уюштуруу жана зарылдыгына жараша алардын иштешине контролду жүзөгө ашыруу.
- соода павильондорун/үйлөрүн ачууга көмөктөшүү, ата мекендик товарларды илгерилетүүгө талдоо жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын ата мекендик товарларын сатуу үчүн келген өлкөдөгү соода павильондоруна/үйлөрүнө документтерди коштоо жана ырастоону (авторизацияны) берүү жана андан кийин тиешелүү мамлекеттик органдарга отчетторду берүү менен ата мекендик товарларды илгерилетүү жүзөгө ашырылып жаткан өлкөлөрдөгү мындай павильондордун/үйлөрдүн ишин координациялоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 113, 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 612 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Соода өкүлчүлүктөрүнүн укуктары жана милдеттери
9. Соода өкүлчүлүктөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- тышкы соода ишинин субъекттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын тапшырмасы боюнча жолугушууларды өткөрүүгө;
- ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алууга;
- эл аралык жана региондук уюмдардын жана бизнес форумдардын алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларды даярдоого катышууга;
- ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ.
10. Соода өкүлү, соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле региондук соода өкүлү, соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле жүрүм-турумдун жана моралдын жалпы кабыл алынган ченемдерин сактоого;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик квалификациянын деңгээлине ээ болууга;
- мамлекеттик сырларды жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин сактоого.
11. Соода өкүлү, соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле региондук соода өкүлү, региондук соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү келген мамлекеттин мыйзамдарын, административдик эрежелерин, ошондой эле каада-салттарын жана үрп-адаттарын урматтоого жана сактоого милдеттүү.
12. Соода өкүлү, соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле региондук соода өкүлү, региондук соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу эмес:
- илимий, окутуучулук жана башка чыгармачылык иштерди кошпогондо, кызматтык, акы төлөнүүчү иш менен алектенүүдөн башка иш менен алек болууга;
- жеке өзү же өзүнүн ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик иш менен алек болууга;
- протоколдук иш-чараларды өткөрүүдө берилген белектерден тышкары, кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу аракеттерди же аракетсиздиктерди аткаргандыгы үчүн белектер, акча жана кызмат көрсөтүүлөр түрүндө үчүнчү жактардан сый акы алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келген мамлекеттин мыйзамдарында тыюу салынган башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга.
5. Соода өкүлчүлүктөрүнүн ишин уюштуруу
13. Соода өкүлчүлүктөрүн, алардын региондук бөлүмдөрүн уюштуруу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын финансы жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
14. Соода өкүлчүлүктөрүнүн, алардын региондук бөлүмдөрүнүн ишине жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы жүзөгө ашырат.
15. Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык саясатынын милдеттерин ишке ашыруу максатында соода өкүлчүлүктөрү келген мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы тарабынан контролдонот жана ага отчёт берет.
Соода өкүлү, региондук соода өкүлү келген мамлекетте Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси катары аккредиттелет.
Соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, региондук соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери келген мамлекетте Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн атташеси катары аккредиттелет.
16. Соода өкүлү, соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле региондук соода өкүлү, региондук соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналбайт.
17. Соода өкүлчүлүктөрүнүн, алардын региондук бөлүмдөрүнүн түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет.
18. Соода өкүлчүлүктөрүнүн, алардын региондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жумуш убактысынын, эс алуусунун режими жана эмгек шарттарынын башка маселелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен аныкталат.
6. Кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу
19. Соода өкүлү кызматка Кыргыз Республикасынын тышкы иштер жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын жетекчиси тарабынан дайындалат.
Соода өкүлү Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын жетекчиси тарабынан сунуш киргизилгенде, ошондой эле ушул Тартиптин 12-пунктунда каралган негиздер боюнча ээлеген кызматынан бошотулат.
20. Региондук соода өкүлү Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана ээлеген кызматынан бошотулат.
21. Соода өкүлчүлүктөрүнүн, алардын региондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
22. Соода өкүлүнүн, соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин, ошондой эле региондук соода өкүлүнүн, региондук соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин кызмат орундарына квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет.
23. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы соода өкүлдөрү, соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, региондук соода өкүлдөрү, региондук соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери менен 5 жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин эмгек келишими Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын чечими менен 3 жылга узартылышы мүмкүн.
24. Соода өкүлдөрү, соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, региондук соода өкүлдөрү, региондук соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулгандан кийин эки жылдын ичинде келген мамлекетте тышкы соода маселелери чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө укуксуз.
25. Сатуу өкүлү:
1) соода өкүлчүлүгүнүн ишине түздөн-түз жетекчилик кылат;
2) соода өкүлчүлүгү тарабынан ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
3) аткаруу бийлигинин органдарына атайын байланыш каналдары жана дипломатиялык почта аркылуу жиберилүүчү документтерге өз алдынча кол коюуга укуктуу;
4) Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысына өзүнүн иши жөнүндө квартал сайын отчет берет.
7. Финансылык-чарбалык камсыздоо
26. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын жана келген мамлекеттин мыйзамдарында аныкталган тартипте жана шарттарда банктарда соода өкүлчүлүктөрү үчүн алыш-бериш жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
27. Соода өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттеринин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми чарбакер субъекттер соода өкүлчүлүктөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
28. Соода өкүлчүлүктөрүнүн финансылык-чарбалык ишин контролдоону Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык контролдоонун башка органдары жүзөгө ашырат.
29. Эмгек акы төлөө түрүндө финансылык камсыздоо, анын ичинде турак жай менен камсыздоо (анын ичинде бардык коммуналдык кызматтар), транспорттук жана иш сапар чыгымдары, соода өкүлчүлүктөрүнүн ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон мүлк, ошондой эле соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык камсыздандыруу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
30. Соода өкүлчүлүктөрү контракт түзүүдө тышкы экономикалык иштин субъекттери менен макулдашуу боюнча көмөк көрсөтүүдөн атайын эсепке түшүүчү төмөнкүдөй өлчөмдөгү комиссияны белгилей алат:
- экспортерлор менен 0,3 млн. АКШ долларына чейин келишим түзүүдө - 3%дан көп эмес;
- экспортерлор менен 0,3 млн. АКШ долларынан 0,5 млн. АКШ долларына чейин келишим түзүүдө - 2,5%дан көп эмес;
- экспортерлор менен 0,5 млн. АКШ долларынан 1,0 млн. АКШ долларына чейин келишим түзүүдө - 2%дан көп эмес;
- экспортерлор менен 1,0 млн. АКШ долларынан 10,0 млн. АКШ долларына чейин келишим түзүүдө - 1,5%дан көп эмес;
- экспортерлор менен 10,0 млн. АКШ долларынан 20,0 млн. АКШ долларына чейин келишим түзүүдө - 1%дан көп эмес;
- экспортерлор менен 20,0 млн. АКШ доллары жана андан жогору келишим түзүүдө - 0,5%дан көп эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 612 токтомунун редакциясына ылайык)
31. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 612 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
32. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 612 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Жоопкерчилик
33. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы соода өкүлчүлүктөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды четтетүү жана күнөөлүүлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрөт.
34. Соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине карата өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартиптик жазалар колдонулат.