Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 702
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189, 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 612 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Тышкы экономикалык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги тышкы экономикалык кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясына, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрү Кытай Эл Республикасында, Түркия Республикасында жана Өзбекстан Республикасында уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүн уюштуруу тартиби 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
"12) соода өкүлүнө, региондук соода өкүлүнө, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайы, 18 жашка чыга элек балдары).";
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
"9) Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүнүн, алардын региондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайы, 18 жашка чыга элек балдары).".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:
- 17-пункттун 17-пунктчасындагы "өкүлүн" деген сөздөн кийин ", ошондой эле соода өкүлдөрүн, региондук соода өкүлдөрүн, соода өкүлчүлүктөрүнүн, алардын региондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин" деген сөздөр менен толукталсын;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
- 2-пунктта:
"569" деген цифра "578" деген цифрага алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
соода өкүлчүлүктөрү | 9 | - |
".
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, соода өкүлдөрүн аккредитациялоого көмөк көрсөтсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, соода өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин имараттарында ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өлкөлөрдө жайгаштырсын.
61. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашуу боюнча келген өлкөдө офистик жайларды ижарага алууга уруксат берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 612 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүн күтүүгө, ошондой эле материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга республикалык бюджеттен акча каражаттарын карасын.
8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, соода өкүлдөрүн белгиленген тартипте дайындасын;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу-техникалык жана башка чараларды көрсүн.
3) Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын соода өкүлүнүн офистик жайына 2023-жылдын сентябрынан тартып ай сайын ижара акысын төлөөнү тиешелүү жылга бекитилген бюджеттик каражаттардын чегинде камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 612 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ