Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-декабры № 716
Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине акы төлөө системасын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттун 2-пунктчасында:
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктта:
1-пунктчада:
жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.";
2-пунктчада:
тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 423 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктта:
6-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
"7) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.".
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 435 "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктта:
төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.".
6. Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пункттун төртүнчү, бешинчи абзацтарын, 2-пункттун төртүнчү, бешинчи абзацтарын, 3-пункттун бешинчи, алтынчы, тогузунчу, онунчу абзацтарын, 4-пункттун төртүнчү, бешинчи абзацтарын, 5-пункттун төртүнчү, бешинчи абзацтарын кошпогондо, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |