Загрузка документа…
Көңүл буруңуз! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 478 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 263
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716, 2023-жылдын 16-майындагы № 254, 2026-жылдын 10-июлундагы № 478 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн 7040 сом өлчөмүндө минималдуу базалык ставка белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун техникалык. персоналынын кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин өлчөмдөрү 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөрү:
- өргүүгө чыгууда - эки айлык орточо эмгек акы өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн үстөк;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда, алыскы барууга кыйын зоналарда иштеген адамдар үчүн эмгек акысына райондук коэффициентти белгилөө менен иш стажы үчүн үстөк;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 254 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун негизги персоналына кирген кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөрү:
- ишинин сапаты жана натыйжалары, кесипкөйлүгү жана ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянага ай сайын 50 пайыз өлчөмүндө үстөк;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
3) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун жана анын аймактык башкармалыктарын күтүүгө каралган үч пайыздын эсебинен төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген, кызматтык же нөөмөттүк автомобиль бекитилип берилбеген кызматкерлерине транспорттук чыгымдар үчүн 2000 сом өлчөмүндө жана тамактануу үчүн 5000 сом өлчөмүндө компенсациялык суммаларды төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бардык категориядагы кызматкерлери үчүн иштин жыйынтыгы боюнча локалдык актыларга ылайык бир айлык эмгек акы фондунан ашпаган өлчөмдө дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөрдү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун негизги персоналына кирген жана мамлекеттик кызматчылар болуп саналбаган кызматкерлерге 1 ставкага 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленсин, мында аталган төлөм өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акысына кошумча акыларды эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716, 2023-жылдын 16-майындагы № 254, 2026-жылдын 10-июлундагы № 478 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Көңүл буруңуз! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 478 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 74 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчыларына жана мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана преамбуласындагы "жана мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине" деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларындагы, 3-пунктундагы "жана мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин" деген сөздөр алып салынсын;
3) 2-пунктундагы "жана мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине" деген сөздөр алып салынсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
аталышындагы "жана мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин" деген сөздөр алып салынсын;
4-12-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 254 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 254 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызматтардын аталышы | Эселөө коэффициенти |
1. Борбордук аппарат | ||
1 | Башкармалыктын начальниги, өз алдынча бөлүмдүн начальниги | 4,13 |
2 | Башкармалыктын курамындагы сектордун башчысы | 3,84 |
3 | Башкы адис | 3,55 |
4 | Жетектөөчү адис | 3,26 |
5 | Адис, | 2,98 |
2. Аймактык бөлүмдөр | ||
6 | Аймактык башкармалыктын директору | 4,00 |
7 | Бөлүмдүн начальниги, өз алдынча сектордун башчысы | 3,55 |
8 | Бөлүмдүн курамындагы сектордун башчысы | 3,26 |
9 | Башкы адис | 3,05 |
10 | Жетектөөчү адис | 2,81 |
11 | Адис | 2,56 |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун техникалык персоналынын кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 254 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 254 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Иш стажы | Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү |
1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5% |
2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10% |
3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15% |
4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20% |
5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25% |
6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30% |
7 | 25 жылдан жогору | 40% |