Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 717
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Билим берүү жана маданият тармагында" деген I бөлүмүндө:
22-бапта:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Автомобиль, темир жол, аба, электр жана суу транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту (мындан ары - Институт) |
";
- 4-пунктунда:
алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу.";
- 6-пунктунун онунчу жана он биринчи абзацтарындагы "Колледждин" деген сөз "Институттун" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 8-пунктунда:
пунктунун бүткүл тексти боюнча "аба транспорту чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жетинчи абзацындагы "Колледжден" деген сөз "Институттан" деген сез менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунда:
үчүнчү абзацындагы "аба транспорту чөйрөсүндөгү (www.mtk.kg)" деген сөздөр "жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү (www.mtd.gov.kg)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы жана жетинчи абзацтарындагы "аба транспорту чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктунун биринчи абзацындагы "аба транспорту чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызмат көрсөтүү үчүн акы кассага төлөнөт же Институттун алыш-бериш эсебине которулат. Банктык реквизиттер Институттун, жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, расмий сайттарында көрсөтүлөт.";
- 13-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Институттун жетекчиси тарабынан бекитилет";
үчүнчү абзацындагы "аба транспорту чөйрөсүндөгү, Агенттик жана Колледж" деген сөздөр "жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү, Институттун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пунктундагы "баш тартуу" деген сөз "баш тартууга негиз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда арыз ээси оозеки түрдө же жазуу жүзүндө жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Институттун жетекчилигине кайрылууга укуктуу.";
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Арыздарды жана дооматтарды кароо жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Институттун жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат.";
алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Арыз ээси даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда ал жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Институттун чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу.";
23-бапта:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Автомобиль, темир жол, аба, электр жана суу транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту (мындан ары - Институт) |
";
- 4-пунктунда:
алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу.";
- 6-пунктунун сегизинчи жана тогузунчу абзацтарындагы "Колледждин" деген сөз "Институттун" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 8-пунктунда:
пунктунун бүткүл тексти боюнча "аба транспорту чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жетинчи абзацындагы "Колледжден" деген сөз "Институттан" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунда:
үчүнчү абзацындагы "аба транспорту чөйрөсүндөгү (www.mtk.kg)" деген сөздөр "жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү www.mtd.gov.kg)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы жана жетинчи абзацтарындагы "аба транспорту чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктунун биринчи абзацындагы "аба транспорту чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызмат көрсөтүү үчүн акы кассага төлөнөт же Институттун алыш-бериш эсебине которулат. Банктык реквизиттер Институттун, жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, расмий сайттарында көрсөтүлөт.";
- 13-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Институттун жетекчиси тарабынан бекитилет";
үчүнчү абзацындагы "аба транспорту чөйрөсүндөгү, агенттик жана колледж" деген сөздөр "жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү, Институттун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пунктундагы "баш тартуу" деген сөздөр "баш тартууга негиз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда арыз ээси оозеки түрдө же жазуу жүзүндө жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Институттун жетекчилигине кайрылууга укуктуу.";
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Арыздарды жана дооматтарды кароо жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Институттун жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат.";
алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Арыз ээси даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда ал жол-транспорт комплекси жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Институттун чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 14-январындагы № 3 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М. Абылгазиев |