Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 27-январы № 1
Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Транспорт жана Жол министрлигинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы N 6, 2018-жылдын 14-мартындагы N 2, 2019-жылдын 1-июлундагы N 4, 2020-жылдын 2-октябрындагы №1, 2020-жылдын 3-ноябрындагы N 2, КР-нын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 3, 2022-жылдын 24-ноябрындагы N 878/б , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 14-августу № 696 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык, ошондой эле Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бир түрдүүлүктү камсыз кылуу максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Расмий тилде тиркелген Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери бекитилсин:
- «1-КРАЭ. Авиациялык кызматкерге күбөлүктөрдү берүү» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси;
- «2-КРАЭ. Учуулар эрежеси» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси;
- «3-КРАЭ. Учууларды метеорологиялык камсыздоо» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси;
- «4-КРАЭ. Аэронавигациялык карталар» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси;
- «5-КРАЭ. Абадагы жана жер бетиндеги операцияларда пайдаланылуучу ченөө бирдиктери» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси;
- (Абзац КР-нын Транспорт жана жол министрлигинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы N 6 буйругуна ылайык күчүн жоготту);
- «7-КРАЭ. Жарандык аба кемелерин каттоо» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси;
- «8-КРАЭ. Аба кемелеринин учууга жарактуулугу» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси;
- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 14-августу № 696 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- «10-КРАЭ. Авиациялык электр байланышы» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси;
- «11-КРАЭ. Аба кыймылын тейлөө» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси;
- «12-КРАЭ. Издөө жана куткаруу» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси;
- (Абзац 13 1- пункту КР-нын Транспорт жана жол министрлигинин 2020-жылдын 3-ноябрындагы N 2 буйругуна ылайык күчүн жоготту);
- (Абзац 15 1-пунктунун КР-нын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 3 буйругу ылайык күчүн жоготту);
- «15-КРАЭ. Учууларды аэронавигациялык камсыздоо» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси;
- «16-КРАЭ. Айлана-чөйрөнү коргоо» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси;
- (Абзац КР-нын Транспорт жана жол министрлигинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы N 878/б буйругуна ылайык күчүн жоготту);
- «18-КРАЭ. Аба аркылуу кооптуу жүктөрдү ташуу» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси;
- «19-КРАЭ. Учуулардын коопсуздугун башкаруу системасы» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси;
- «20-КРАЭ. Аба аркылуу ташуулардын эрежеси» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси.
(КР Транспорт жана Жол министрлигинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы N 6 буйругунун редакциясына ылайык)
2 Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Аба кодекси күчүнө киргенден тартып күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги бул буйрукту аткарууга алсын.
5. Ушул буйрукту контролдоо Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Э. Мамыркалиевге жүктөлсүн.
Министр | А. Малабаев |