Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-марты № 141
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 30 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М. Абылгазиев |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
"Билим берүү жана маданият тармагында" I бөлүмүнүн 12-главасында:
- 8 жана 9-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (зарыл болгон маалыматтын тизмеси), жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемеден; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан (www.sport.gov.kg); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелерге жеке кайрылууда; - коомдук кабылдамалар аркылуу; - ЖМКлар аркылуу; - маалымат такталарынан, брошюралардан; электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке жолугушууда). Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоонун алкагында керектөөчүлөргө төмөнкүлөр жөнүндө маалымат жеткирилет: - кызмат көрсөтүүнү алуунун шарттары жана жол-жоболору жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын болушу жана алар менен таанышуу ыкмалары жөнүндө; бланктарды толтуруу тартиби (үлгүлөр). Маалымат расмий жана мамлекеттик тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же белгилөө) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат ар бир кайрылган адамга акысыз түрдө берилери кепилденет. Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө төмөнкүлөр аркылуу маалымдалат: - телефон байланышы жана жеке кайрылуу; - маалымат такталары, буклеттер, брошюралар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты (www.sport.gov.kg); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү коомдук кабылдамалар, мекемелер; - ЖМК. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин даректери, телефон номерлери мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына, расмий сайтына жайгаштырылат |
";
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Эркин формадагы арыз; - 086/у белгиленген формасындагы медициналык маалым кат; - жашы жете электер үчүн ата-энелердин эркин формадагы жазуу жүзүндөгү уруксаты; ким экендигин ырастаган документтердин көчүрмөсү; - 3x4 өлчөмдөгү (4 даана) фотосүрөт |
";
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына кирген, кызматтарды көрсөткөн дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелерге жеке кайрылганда көрсөтүлөт. Кызмат электрондук форматта жарым-жартылай көрсөтүлөт, арыз берүү этабында керектөөчүлөр арыздын электрондук формасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сайтында толтура алышат (www.sport.gov.kg) |
";
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайрадан кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайрадан каралып жана оңдолуп чыгууга тийиш |
";
"Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында" III бөлүмүнүн 6-главасында:
- 7-9-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жарандардан документтерди кабыл алууга, арызды тариздөөгө кеткен убакыттын чеги - 30 минута; - күбөлүктөрдүн дубликаттарын тариздөө - 21 күн; - документтерди берүүгө кеткен убакыттын чеги - 30 минута |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), жана стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан (www.sport.gov.kg); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемеге жеке кайрылууда; электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке жолугушууда); - коомдук кабылдамалар аркылуу; - ЖМКлар аркылуу; маалыматтык такталардан, брошюралардан. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоонун алкагында алуучуларга төмөнкүлөр жөнүндө маалымат берилет: кызмат көрсөтүүнү алуунун шарттары жана жол-жоболору жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартынын болушу жана алар менен таанышуу ыкмалары жөнүндө; - бланктарды толтуруунун тартиби (үлгүлөр). Маалымат расмий жана мамлекеттик тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же саноо) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат ар бир кайрылган адамга акысыз түрдө берилери кепилденет. Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө төмөнкүлөр аркылуу маалымдалат: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты (www.sport.gov.kg); телефон байланышы жана жеке кайрылуу; - маалымат такталары, буклеттер, брошюралар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү коомдук кабылдамалар, мекемелер; -ЖМК. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин даректери, телефон номерлери мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына, расмий сайтына жайгаштырылат |
";
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына кирген, кызматтарды көрсөткөн дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелерге жеке кайрылганда көрсөтүлөт. Кызмат электрондук форматта жарым-жартылай көрсөтүлөт, арыз берүү этабында керектөөчүлөр арыздын электрондук формасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сайтында толтура алышат (www.sport.gov.kg) |
";
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайрадан кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайрадан каралып турууга тийиш |
".