Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-январы № 39
Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүүнүн жана дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 28 токтомунун редакциясына ылайык)
Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жогорку кесиптик кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын ишке ашыруу, аларды тандоонун туруктуу жана натыйжалуу системасын киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 23 "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүүнүн жана дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2024-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө кадрлар резервин түзүүнү жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөө үчүн компетенттүү талапкерлердин зарыл болгон санын даярдоону камсыз кылсын жана өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 28 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 3-февралындагы № 8 жарыяланды
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |