Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 39 токтомуна) |
Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүүнүн жана дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО
Бул Жобо "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүүнүн жана аларды дайындоонун тартибин жана шарттарын белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобонун максаты көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга, анын ичинде билимине, иш тажрыйбасына, кесиптик билимдерине жана көндүмдөрүнө, жеке иштиктүү сапаттарына ылайык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына кыйла компетенттүү талапкерлерди аныктоо жана тандоо болуп саналат.
2. Төмөнкү адамдар мамлекеттик менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери боло алат:
1) конкурстук тандоого жана кызмат ордуна дайындоого катышуу укугу менен саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервинде (мындан ары - кадрлар резерви) турган;
2) "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кошумча кесиптик билим берүү программасы боюнча баштапкы аттестациядан же кесиптик кайра даярдоодон өткөн.
3. Мамлекеттик менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кызмат ордуна 5 жылдык мөөнөткө дайындалат жана ошол эле уюмдагы кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык дайындалышы мүмкүн эмес.
4. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кызмат ордуна конкурстук тандоого катышууга жана дайындалууга укугу бар кадрлар резервинде турган адамдар гана дайындалат.
5. Бул Жобонун колдонулушу саламаттык сактоонун илимий-изилдөө жана билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жайылтылбайт.
6. Бул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервинде турган адамдардын реестри (мындан ары - Реестр) - кадрлар резервин түзүү, иштетүү, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо жана аттестациялоо жүргүзүү жол-жоболорун автоматташтырууга мүмкүндүк берүүчү программалык-аппараттык каражаттардын жана маалыматтар базаларынын жыйындысы болуп саналган маалыматтык система;
саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин бош кызмат орду - саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна карата ээленбеген штаттык бирдик;
"Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кошумча кесиптик билим алуу - бул "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоону камтыган билим алуу жана саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин компетенцияларынын каталогуна (мындан ары - Компетенциялардын каталогу) ылайык квалификациясын жогорулатуу;
конкурстук тандоо - алдын ала белгиленген критерийлерге жана эрежелерге ылайык кызмат ордуна эң мыкты талапкерди аныктоо боюнча иш-чаралардын, процесстердин жана жол-жоболордун жыйындысы;
талапкердин өздүк иши - талапкер жана анын эмгек иши жөнүндө кыйла толук маалыматты камтыган документтердин жыйындысы;
квалификацияны жогорулатуу - квалификациялык талаптардын жогорулашына жана кесиптик маселелерди чечүүнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүү зарылдыгына байланыштуу, кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу, иштиктүү сапаттарын өркүндөтүү, ошондой эле теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү жаңылоо максатында кошумча кесиптик билим алуунун түрү;
кесиптик кайра даярдоо - окуп жаткандарда болгон кесиптик билимдердин чегинде кесиптик иштин жаңы түрүн аткаруу үчүн зарыл болгон айрым окуу дисциплиналарын, техниканын бөлүмдөрүн жана жаңы технологияларды үйрөнүүнү караган кошумча билимдерди, көндүмдөрдү жана ыкмаларды алуу максатында кошумча кесиптик билим берүүнүн түрү;
саламаттык сактоо уюмдарын өнүктүрүү программасынын долбоору - долбоордун автору тарабынан белгилүү убактылуу мезгилге карата түзүлгөн саламаттык сактоо уюмун өнүктүрүүнүн бир же бир нече максаттарын, бул максаттарга жетүүнүн багыттарынын жана ыкмаларынын конкреттүү көз карашын камтыган жазуу жүзүндө таризделген долбоордук документ;
саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резерви - кесиптик компетенциялары жана жеке иштиктүү сапаттары боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине коюлган талаптарга жооп берген квалификациялуу адамдар;
рейтингдик таблица - саламаттык сактоо уюмдарынын иштеп жаткан жетекчилеринин жана кадрлар резервине киргизилген адамдардын аттестациялоонун натыйжалары боюнча аныкталуучу компетенттүүлүк деңгээли боюнча алардын ар биринин иреттик ордунун ырааттуулугун чагылдырган тизмелеринин таблицалык формасы;
саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурстук тандоонун катышуучусу - ушул Жободо белгиленген тартипте конкурстук тандоого катышууга арыз берген жана катышууга уруксат алган адам;
саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин этика кодекси - саламаттык сактоо уюмдарын жетектеген адамдардын татыктуу жүрүм-туруму түшүнүгүн жана коомдун аларга карата адеп-ахлактык, моралдык, маданий жана кесиптик көрүнүшү талаптарын чагылдырган принциптердин, ченемдердин жана эрежелердин жыйындысы.
2-глава. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүү жана аларды дайындоо боюнча иштин катышуучулары
7. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүү жана аларды дайындоо боюнча иштин катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аналитикалык, методикалык, маалыматтык жана координациялык көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди ишке ашыруучу мамлекеттик мекеме;
3) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, облустук жана республикалык маанидеги шаардын мэри.
8. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- кадрлар резервине киргизүү жөнүндө жана кадрлар резервинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат;
- саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерди тандоо жана дайындоо боюнча иштерди координациялоону жүзөгө ашырат;
- ушул Жобонун 33-пунктуна ылайык саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси менен эмгек келишимин түзүүнүн алдындагы жол-жоболордун түрүн (башка уюмга которуу, конкурстук тандоо, өзгөчө учурларда дайындоо) аныктайт;
- саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерди жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, райондук жана республикалык маанидеги шаардын мэри менен макулдашууну жүргүзөт;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо боюнча туруктуу комиссияны (мындан ары - Комиссия) түзөт;
- саламаттык сактоо уюмунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;
- саламаттык сактоо уюмунун дайындалган жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
9. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аналитикалык, методикалык, маалыматтык жана координациялык көмөк көрсөтүү милдеттерин ишке ашыруучу мамлекеттик мекеме (мындан ары - жооптуу мамлекеттик мекеме) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана төмөнкү функцияларды аткарат:
- кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлердин документтерин чогултат жана текшерет;
- кадрлар резервине киргизүү жана кадрлар резервинен чыгаруу үчүн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга талапкерлер боюнча сунуштамаларды даярдайт;
- кадрлар резервине киргизилген адамдар жөнүндө маалыматты Реестрде координациялайт, коштойт, жаңыртат жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана башка кызыкдар тараптарга кадрлар резерви жөнүндө маалыматты берет;
- кадрлар резервинин курамындагы адамдарды өз убагында кесиптик кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну пландайт;
- кесиптик өсүүнү пландаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кабыл алууну жүргүзөт;
- саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына кадрлар резервинин ичинен тандоону камсыз кылуучу иш-чараларды жүргүзөт.
10. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэри:
- жетекчини саламаттык сактоонун башка уюмуна (башка уюмдан) которгондо жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин ушул Жободо каралган дайындоонун өзгөчө учурларында саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна талапкерди дайындоого макулдук берет же негиздүү себеп менен баш тартат;
- Комиссиянын мүчөсү катары саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна конкурстук тандоодо катышат;
- бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын шарттардагы зоналарда иштөө үчүн жиберилген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин турак жай, жер участоктору менен камсыз кылууга жана/же муниципалдык же мамлекеттик менчиктеги турак жай, жер участоктору бар болсо, аларды күтүү боюнча жеңилдиктерди берүүгө көмөк көрсөтөт.
3-глава. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүү
11. Кадрлар резервин түзүүнүн максаты болуп саламаттык сактоо уюмдарын компетенттүү жетекчилер менен камсыз кылуу саналат.
12. Кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин кесиптик жана даярдалган курамын түзүү;
- кадрлар резервине киргизилген адамдарды кесиптик кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну өз убагында камсыз кылуу;
- кадрлар резервине киргизилген адамдардын кесиптик жана карьералык өсүшүнө мониторинг жүргүзүү.
13. Кадрлар резервин түзүүнүн негизги принциптери:
- кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлердин кесиптик компетенцияларын жана жеке сапаттарын баалоонун объективдүүлүгү;
- кадрлар резервине киргизүүгө талапкерлердин компетенттүүлүгү жана кесипкөйлүгү;
- кадрлар резервинин курамына тандоо процессинин ачыктыгы;
- кадрлар резервине киргизүүдө ачык-айкындуулук жана калыстык.
14. Кадрлар резерви төмөнкүдөй адамдардан түзүлөт:
- жогорку кесиптик билимге (медицина, экономика, мамлекеттик башкаруу) ээ болгон, анын ичинде чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында;
- саламаттык сактоо системасында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдарында башкаруучулук кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар.
15. Кадрлар резервине жооптуу мамлекеттик мекеменин сунуштамасы боюнча саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечимине ылайык киргизилет.
16. Кадрлар резервине төмөнкүлөр киргизилет:
- ушул Жобо бекитилген датага карата уюмдардын түрүнө жана деңгээлине карабастан, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордун ээлеген адамдар. Бул категориядагы адамдарды киргизүү административдик тартипте жүргүзүлөт;
- кадрлар резервине кирүүгө кызыкдар, бирок ушул Жобо бекитилген учурга карата саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордун ээлебеген адамдар. Бул категориядагы адамдарды киргизүү арыз берүү тартибинде жүргүзүлөт.
17. Кадрлар резервине кирүү үчүн жооптуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер тапшырылат:
1) арыз же өтүнмө;
2) паспорттун көчүрмөсү;
3) жогорку кесиптик билими жөнүндө документтер, анын ичинде чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында;
4) эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
5) кесиптик жетишкендиктери жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтер (илимий даражалары, сыйлыктар, грамоталар ж.б.);
6) кадрлар резервине киргизүү үчүн документтерди тапшырган адамдын кесиптик өнүгүү жана карьералык өсүү ниетин билдирген анкетасы.
18. Кадрлар резервине киргизүүнүн административдик тартиби жооптуу мамлекеттик мекеме тарабынан кадрлар резервине киргизилген адамдардын катышуусуз, кесиптик өнүгүү жана карьералык өсүү боюнча анкетасын кошпогондо, ушул Жобонун 17-пунктуна ылайык документтерди чогултуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
19. Кадрлар резервине арыз берүү тартибинде киргизүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- саламаттык сактоо уюмдарынын жана (же) кесиптик ассоциациялардын жетекчилеринин кадрлар резервине киргизүү үчүн талаптарга ылайык келген адам жөнүндө өтүнмөсүнүн негизинде;
- кадрлар резервинин курамына кирүүгө кызыкдар адамдын арызынын негизинде өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде.
20. Жооптуу мамлекеттик мекеме ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн документтер келип түшкөн датадан тартып 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө бул адамды кадрлар резервине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн сунуштаманы даярдайт жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
21. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талапкерди киргизүү үчүн сунуштаманы алгандан кийип 5 жумуш күндүн ичинде кадрлар резервинин курамына киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Чечим кадрлар резервине киргизүү жөнүндө буйрук менен таризделет.
22. Жооптуу мамлекеттик мекеме саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадрлар резервине киргизүү жөнүндө чечимин алгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде:
- кадрлар резервинин курамына киргизилген адам жөнүндө маалыматты Реестрге киргизет;
- тиешелүү каттоо маалыматтарын берүү менен кадрлар резервине киргизилгендиги жөнүндө кадрлар резервинин курамына киргизилген адамга маалымдайт.
23. Кадрлар резервинин курамында төмөнкүдөй адамдар болушу мүмкүн:
1) саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоого жана дайындоого катышууга укуксуз;
2) саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоого жана дайындоого катышуу укугу менен.
24. Бардык адамдар кадрлар резервине саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна конкурстук тандоого жапа дайындоого катышууга укуксуз болуп киргизилет.
25. Кадрлар резервинин курамына киргизилген адамдар саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларда каралган тартипте "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча аттестациялоо жөнүндө сертификат алган датадан тартып, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна конкурстук тандоого жана дайындоого катышууга укук алышат.
26. Баштапкы аттестациядан өтүүнүн тартиби жана шарттары саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларга ылайык аныкталат.
27. Кадрлар резервинин курамынан чыгаруу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- өз каалоосу боюнча кадрлар резервинен чыгаруу жөнүндө арыз берсе;
- документтерди кадрлар резервине тапшырууда өзү жөнүндө анык эмес маалыматтарды берсе;
- саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин функциялык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылса, ошондой эле тартиптик жаза тартибинде саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинен бошотулса;
- "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча мезгилдүү аттестациялоодон үч жолу өтпөй калса;
- саламаттык сактоо уюмунун жетекчисин дайындоо жөнүндө жооптуу мамлекеттик мекеменин сунушунан эки жолу негизсиз баш тартса;
- профилдик ассоциациянын даттануусунун негизинде системалуу мүнөзгө ээ болгон же терс кесепеттерге алып келген саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин этика кодексин бузса.
28. Кадрлар резервинин курамынан чыгарылган адам кадрлар резервинен чыгарылган датадан тартып 5 жыл өткөндөн кийин же кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылганына байланыштуу кадрлар резервинен чыгарылган учурларда, соттуулугу толук жоюлгандан кийин гана кадрлар резервине кайрадан киргизилет.
29. Кадрлар резервинен чыгаруу жооптуу мамлекеттик мекеменин сунуштамасынын негизинде саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча жүргүзүлөт.
30. Кадрлар резервин түзүү боюнча иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлөт.
31. Кадрлар резервинде болуу мөөнөтү чектелбейт.
4-глава. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо
32. Саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордуна дайындоо саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна конкурстук тандоого жана дайындоого катышуу укугу менен кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен гана жүргүзүлөт.
33. Эмгек келишими түзүлгөнгө чейин саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоо үчүн жол-жоболор төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) саламаттык сактоонун башка уюмуна (башка уюмдан) которуу (мындан ары - которуу);
2) конкурстук тандоо;
3) ушул Жободо каралган учурларда колдонулуучу өзгөчө тартипте дайындоо.
5-глава. Саламаттык сактоонун башка уюмуна (башка уюмдан) которуу тартибинде дайындоонун шарттары жана жол-жоболору
34. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчиси кызмат ордуна бош кызмат орун пайда болгондо, биринчи кезекте, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык башка уюмга которуу тартибинде жүргүзүлөт.
35. Бош кызмат ордун ээлөө үчүн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жооптуу мамлекеттик мекемеге үч жумуш күндүн ичинде саламаттык сактоо уюмунун жетекчисин дайындоо үчүн которуу жол-жоболорун жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет.
36. Жооптуу мамлекеттик мекеме эки жумуш күндүн ичинде рейтингдик таблицада биринчи жана экинчи орунду ээлеген саламаттык сактоо уюмдарынын учурдагы жетекчилеринен эки талапкерди аныктайт.
37. Эки талапкер аныкталгандан кийин жооптуу мамлекеттик мекеме эки жумуш күндүн ичинде рейтингдик таблицада биринчи орунду ээлеген талапкерге жазуу жүзүндө электрондук сунуш жиберет.
38. Биринчи талапкер саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордуна которулууга макулдугун же макул эместигин бул талапкерге сунуш жиберилген датадан тартып үч жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө берүүгө милдеттүү.
39. Биринчи талапкерден которулуудан баш тартуу алынган учурда, жооптуу мамлекеттик мекеме эки жумуш күндүн ичинде рейтингдик таблицада экинчи орунду ээлеген талапкерге сунуш жиберет.
40. Экинчи талапкер саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордуна которулууга макулдугун же макул эместигин бул талапкерге сунуш жиберилген датадан тартып үч жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
41. Экинчи талапкерден которулуудан баш тартуу алынган учурда, саламаттык сактоо уюмунун жетекчисин конкурстук тандоо аркылуу дайындоо тартиби колдонулат.
42. Талапкерлерден которулуудан баш тартуу алынган учурда, жооптуу мамлекеттик мекеме саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эки жумуш күндүн ичинде билдирет.
43. Талапкерлерден көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жооп болбосо, талапкер саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордуна которулууга макул эмес деп эсептелинет.
44. Талапкерлердин биринин которулууга макулдугу алынганда, жооптуу мамлекеттик мекеме талапкердин өздүк ишин түзөт жана эки жумуш күндүн ичинде саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
45. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талапкердин өздүк ишин жөнөткөн датадан тартып үч күндүн ичинде талапкердин өздүк ишин саламаттык сактоо уюму жайгашкан райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысына, облустук жана республикалык маанидеги шаардын мэрине макулдашуу үчүн жөнөтөт.
46. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэри сунушталган талапкер боюнча чечим кабыл алууга жана аны талапкердин өздүк иши жиберилген датадан тартып үч жумуш күндөн ашык эмес мөөнөттө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүгө милдеттүү. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэринин макул эместиги негиздүү болууга тийиш.
47. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэри макул болгон учурда, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси үч жумуш күндүн ичинде саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордуна талапкерди которуу тартибинде дайындоо жөнүндө буйрук чыгарат жана мөөнөттүү эмгек келишимин түзөт.
48. Аталган талапкерди саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кылын дайындоодон жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэринин баш тартуусу алынган учурда, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үч жумуш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэринин баш тартуусун Комиссиянын кароосуна жиберет.
49. Комиссия баш тартуу Комиссияга жиберилген датадан тартып беш жумуш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэринин баш тартуусунун негиздүүлүгүн карайт жана чечим кабыл алат.
50. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэринин баш тартуусу негиздүү деп таанылган учурда, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Комиссия чечим чыгарган датадан тартып үч жумуш күндүн ичинде саламаттык сактоо уюмунун жетекчисин бул бош кызмат ордуна конкурстук тандоо тартибинде дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.
51. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэринин баш тартуусу негизсиз деп таанылган учурда, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган беш жумуш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэрине талапкердин өздүк ишин Комиссиянын чечимин тиркөө менен кайра макулдашууга жиберет. Бир эле убакта Комиссиянын чечими тиркелген иштин жагдайлары жөнүндө кабарлама Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына жиберилет.
52. Кайра макулдашуунун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэринин макулдугу алынган учурда, саламаттык сактоо жаагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үч жумуш күндүн ичинде талапкерди которуу жолу менен саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кылып дайындоо жөнүндө буйрук чыгарат жана мөөнөттүү эмгек келишимин түзөт.
53. Кайра макулдашуунун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэринин баш тартуусу алынган учурда, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үч жумуш күндүн ичинде аталган талапкерди которуу жолу менен саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кылып дайындоого жана мөөнөттүү эмгек келишимин түзүүгө укуктуу.
54. Макулдашуу жол-жобосу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынан, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэринен жооп жок болгон учурда, ушул Жободо белгиленген мөөнөттөрдө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сунушталган талапкерди которуу тартибинде саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кылып дайындоого жапа мөөнөттүү эмгек келишимин түзүүгө укуктуу.
6-глава. Конкурстук тандоо аркылуу саламаттык сактоо уюмунун жетекчисин дайындоонун шарттары жана тартиби
55. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эки жумуш күндүн ичинде саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин бул бош кызмат ордуна конкурстук тандоону өткөрүү жөнүндө чечимди төмөнкү учурларда кабыл алат:
1) которуу тартибинде дайындоодон талапкерлер баш тартса;
2) сунушталган талапкерди саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кызмат ордуна дайындоого макулдашууда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэринин баш тартуусу негиздүү деп таанылса.
56. Саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна конкурстук тандоо жол-жобосу алты этаптан турат:
1) конкурстук тандоону өткөрүүгө даярдануу;
2) талапкерлердин документтерин кабыл алуу жана карап чыгуу;
3) талапкерлерди тестирлөө;
4) талапкерлер тарабынан даярдалган саламаттык сактоо уюмдарын өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун баалоо;
5) конкурстук тандоонун натыйжаларын аныктоо;
6) кызмат ордуна дайындоо жана эмгек келишимин түзүү.
7-глава. Конкурстук тандоону өткөрүүгө даярдануу
57. Жооптуу мамлекеттик мекеме конкурстук тандоону өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган датадан тартып үч жумуш күндүн ичинде конкурстук тандоо жөнүндө кулактандырууну өзүнүн расмий сайтына жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырат. Конкурстук тандоо жөнүндө маалымат саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна кадрлар резервинин курамындагы бардык адамдарга электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
58. Конкурстук тандоону өткөрүү жөнүндө кулактандыруу төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- бош орун пайда болгон саламаттык сактоо уюмунун аталышы жана юридикалык дареги;
- бош кызмат ордунун аталышы;
- бош кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар;
- бош кызмат орду боюнча функциялык милдеттер;
- конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
- документтерди кабыл алуу жери жана мөөнөттөрү.
59. Конкурстук тандоону өткөрүү жөнүндө кулактандырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген кошумча маалыматтар камтылышы мүмкүн.
8-глава. Талапкерлердин документтерин кабыл алуу жана карап чыгуу
60. Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкер конкурстук тандоону өткөрүү жөнүндө кулактандырууда белгиленген мөөнөттөрдө жазуу жүзүндөгү арызын жооптуу мамлекеттик мекемеге берет, ал конкурстук тандоого катышууга арыз берген бардык талапкерлерди каттайт.
61. Конкурстук тандоого катышуу үчүн жооптуу мамлекеттик мекеме Реестрден ар бир талапкер үчүн төмөнкү документтердин пакетин түзөт:
1) паспорттун көчүрмөсү;
2) жогорку кесиптик билими, анын ичинде чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында алган билими жөнүндө документтер;
3) эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
4) аттестациялоо жөнүндө сертификат;
5) кесиптик жетишкендиктери жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтер (илимий наамдар, сыйлыктар, грамоталар ж.б.).
62. Ушул Жобонун 61-пунктуна ылайык зарыл болгон документтердин толук пакети түзүлгөн, конкурстук тандоого катышууга арыз берген талапкерлер конкурстук тандоого документтерди кабыл алуу аяктаган датадан тартып үч жумуш күндүн ичинде конкурстук тандоого киргизилди деп таанылат.
63. Анкеталык маалыматтар же ушул Жобонун 61-пунктунда көрсөтүлгөн башка маалыматтар жана документтер өзгөргөн учурда, талапкер кадрлар резервине кирген учурдан тартып, конкурстук тандоого документтерди кабыл алуунун мөөнөтү аяктаганга чейин жооптуу мамлекеттик мекемеге жаңыртылган маалыматтарды камтыган документтерди берүүгө милдеттүү. Жаңыртылган документтерди жана маалыматтарды бербеген адамдар конкурстук тандоого катышууга киргизилбейт.
64. Конкурстук тандоого киргизилген бардык талапкерлерге, конкурстук тандоого документтерди кабыл алуу аяктаган датадан тартып үч жумуш күндүн ичинде жооптуу мамлекеттик мекеме саламаттык сактоо уюмдарын өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун даярдоо үчүн бул бош кызмат орду бар саламаттык сактоо уюмунун бирдиктүү форматтагы жана мазмундагы алгачкы мүнөздөмөлөрүн берет.
65. Экиден аз талапкерден арыз келип түшкөн учурда, конкурстук тандоого документтерди чогултуу болбой калды деп таанылат, бул жөнүндө жооптуу мамлекеттик мекеме конкурстук тандоого документтерди кабыл алуу аяктаган датадан тартып эки жумуш күндүн ичинде саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет. Мындай учурда конкурстук тандоо кайрадан жарыяланат.
66. Кайра конкурстук тандоо ушул главада каралган шарттарда жана тартипте жүргүзүлөт.
9-глава. Талапкерлерди тестирлөө
67. Бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер башкаруучулук, кесиптик компетенциялары жана жеке иштиктүү сапаттары боюнча тестирлөөдөн өтөт.
68. Тестирлөөнүн максаты бош кызмат ордуна ар бир талапкердин иш жүзүндөгү кесиптик компетенцияларын жана жеке иштиктүү сапаттарын аныктоо болуп саналат.
69. Талапкерлерди тестирлөө конкурстук тандоого катышууга уруксат алынган датадан тартып он жумуш күндүн ичинде өткөрүлөт.
70. Талапкерлерди тестирлөөгө предметтик жана психологиялык тестирлөө кирет. Предметтик тестирлөө талапкерлердин башкаруучулук жана кесиптик компетенцияларынын деңгээлин аныктайт. Психологиялык тестирлөө талапкерлердин жеке иштиктүү сапатын жана мүнөздөмөлөрүн аныктайт.
71. Талапкерлерди предметтик тестирлөөнүн суроолору жана тапшырмалары "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кошумча кесиптик билим берүү программаларынын негизинде жооптуу мамлекеттик мекеме тарабынан түзүлөт.
72. Предметтик тестирлөөнүн суроолору жана тапшырмалары саламаттык сактоо уюмунун түрүнө жана деңгээлине жараша жетекчинин бош кызмат ордунун квалификациялык талаптарына жана функциялык милдеттерине ылайык келүүгө тийиш.
73. Психологиялык тестирлөөнүн суроолору саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси үчүн белгиленген, лидерлик, командалык иш, натыйжалуу баарлашуу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ж.б. боюнча көндүмдөрдү камтыган жеке иштиктүү сапаттардын негизинде адистерди (эксперттерди) тартуу менен жооптуу мамлекеттик мекеме тарабынан түзүлөт.
74. Предметтик жана психологиялык тестирлөөнүн суроолору жана тапшырмалары саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
75. Жооптуу мамлекеттик мекеме тестирлөөнүн болжолдуу суроолорун жана тапшырмаларын өз сайтында жайгаштырат.
76. Тестирлөөнү өткөргөнгө чейин ар бир талапкердин идентификациялык маалыматтары жооптуу мамлекеттик мекеме тарабынан Реестрде шифрленет. Ар бир талапкерге конкурстук тандоонун катышуучусунун жеке коду ыйгарылат.
77. Тестирлөөнүн тартиби саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
10-глава. Саламаттык сактоо уюмдарын өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун баалоо
78. Конкурстук тандоонун катышуучулары саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форматта саламаттык сактоо уюмдарын өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана тестирлөө аяктаган датадан тартып жети календардык күндүн ичинде жооптуу мамлекеттик мекемеге берет.
79. Жооптуу мамлекеттик мекеме талапкерлердин программаларынын долбоорлорун кызмат ордуна талапкерлер тарабынан саламаттык сактоо уюмдарын өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун сунуштоого бөлүнүп берилген мөөнөт аяктаган датадан тартып эки жумуш күндүн ичинде Комиссиянын ар бир мүчөсүнүн кароосуна берет.
80. Программалардын долбоорлору ар бир долбоорго ыйгарылган шифр менен ээси көрсөтүлбөгөн түрдө Комиссиянын мүчөлөрүнө берилет.
81. Саламаттык сактоо уюмдарын өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун баалоонун натыйжаларын объективдештирүү максатында Комиссиянын жыйналышы талапкерлердин катышуусуз өткөрүлөт. Комиссиянын ар бир мүчөсү үч жумуш күндүн ичинде ар бир программанын долбооруна өзүнүн жеке баасын коёт жана жооптуу мамлекеттик мекемеге кабарлайт.
82. Комиссиянын мүчөлөрүнүн жеке баалоолорунун негизинде ар бир программанын долбоору үчүн ошол программанын долбоорун баалоонун акыркы натыйжасы катары баалоонун орточо мааниси аныкталат.
11-глава. Конкурстук тандоонун натыйжаларын аныктоо. Кызматка дайындоо жана эмгек келишимин түзүү
83. Предметтик жана психологиялык тестирлөөнүн, ошондой эле саламаттык сактоо уюмун өнүктүрүү программасынын долбоорун баалоонун жыйынтыгы өзүнчө аныкталат жана балл менен эсептелет.
84. Тестирлөөнүн ар бир түрүнүн (предметтик жана психологиялык) натыйжаларын баалоо жана саламаттык сактоо уюмун өнүктүрүү программасынын долбоорун баалоо үчүн бирдей эң жогорку балл белгиленет.
85. Предметтик тестирлөөнүн, психологиялык тестирлөөнүн жана саламаттык сактоо уюмун өнүктүрүү программасынын долбоорун баалоонун жыйынтыгы боюнча ар бир талапкердин жалпы баллдык баасы аныкталат.
86. Конкурстук тандоонун жеңүүчүсү болуп эң көп жалпы баллдык баа алган талапкер таанылат.
87. Бир нече талапкер бирдей жалпы баллдык баа алган учурда, саламаттык сактоо уюмун өнүктүрүү программасынын долбоорун баалоо боюнча эң көп балл алган талапкер жеңүүчү деп таанылат.
88. Конкурстук тандоонун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин жооптуу мамлекеттик мекеме конкурстук тандоонун жүрүшүндө шифрленген талапкерлердин маалыматтарын Комиссиянын жыйналышында ачыкка чыгарат.
89. Комиссиянын жыйналышы, эгерде анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси ага катышса, укуктуу болуп эсептелет.
90. Конкурстук тандоонун натыйжалары жыйналышка катышкан Комиссиянын төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү кол койгон протокол менен таризделет.
91. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэринин протоколго Комиссиянын мүчөсү катары кол коюусу анын конкурстук тандоонун жеңүүчүсүн саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кызмат ордуна дайындоого макулдугун билдирүүсү болуп эсептелет.
92. Конкурстук тандоонун натыйжалары конкурстук тандоонун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде конкурстук тандоонун катышуучуларына жарыяланат жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырылат.
93. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган конкурстук тандоонун жеңүүчүсүн кызмат ордуна дайындоо жөнүндө буйрукту Комиссиянын протоколун алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде чыгарат жана мөөнөттүү эмгек келишимин түзөт.
12-глава. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоонун өзгөчө учурлары
94. Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси өзгөчө тартипте, конкурстук тандоо өткөрүлбөстөн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүдөй учурларда гана дайындалат:
1) саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси менен эмгек келишимин экинчи мөөнөткө узартуу;
2) саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна конкурстук тандоону эки жолу катары менен өтпөй калды деп таануу.
95. Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси менен эмгек келишимин экинчи мөөнөткө узартуу саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси катары иштин бүткүл беш жылдык мезгилинде өткөрүлгөн мезгилдүү аттестациялардын жыйынтыгы боюнча натыйжалуулуктун эң төмөнкү чегине жеткен учурда жүзөгө ашырылат.
96. Натыйжалуулуктун эң төмөнкү чеги саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте рейтингдик таблицада аныкталат.
97. Саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна конкурстук тандоо эки жолу катары менен өтпөй калды деп таанылса, рейтингдик таблицада эң көп балл алган жана саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кылып дайындоого макулдук берген адам саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин бул бош кызмат ордуна дайындалат.
98. Жооптуу мамлекеттик мекеме бир эле убакта төмөнкү шарттарды канааттандырган адамдарга өзгөчө тартипте саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кылып дайындоо жөнүндө сунуш жиберет:
- "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча баштапкы аттестациядан өткөн;
- дайындоо учурунда саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кызмат ордун ээлебеген.
99. Өзгөчө тартипте дайындоо жөнүндө сунушту алган адамдар сунуш жиберилген күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө өзүнүн макулдугун билдирет.
100. Өзгөчө тартипте ушул саламаттык сактоо уюмунун .жетекчиси бош кызмат ордуна дайындоого жазуу жүзүндөгү өзүнүн макулдугун билдирген адамдардын ичинен рейтингдик таблицада эң көп балл алган адам дайындалат.
101. Ушул Жобонун 99-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө өзгөчө тартипте дайындоого өзүнүн макулдугун билдирбөө сунуштан баш тартуу болуп саналат, ал жооптуу мамлекеттик мекеме тарабынан катталат.
102. Өзгөчө тартипте дайындоо жөнүндө сунуштар жиберилген бардык адамдардын макулдугу жок болгон учурда, жооптуу мамлекеттик мекеме өзгөчө тартипте дайындоо жөнүндө сунушту кайра жиберет.
103. Өзгөчө тартипте саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси кылып дайындоо жөнүндө сунуштан эки жолу баш тартуу кадрлар резервинен чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
104. Өзгөчө тартипте саламаттык сактоо уюмунун жетекчисин дайындоодо жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэри менен макулдашуу тартиби ушул Жобонун 5-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
13-глава. Комиссиянын ишин жүзөгө ашыруунун тартиби жана ыйгарым укуктары
105. Комиссия саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоону өткөрүүнүн объективдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
106. Комиссия туруктуу жана убактылуу мүчөлөрдөн турат.
107. Комиссиянын туруктуу мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары, Комиссиянын төрагасы;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадрдык бөлүмүнүн өкүлү, Комиссиянын катчысы;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (өкүлдөрү), Комиссиянын мүчөлөрү;
- тиешелүү тармактык багыттагы жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрү, Комиссиянын мүчөлөрү.
108. Комиссиянын убактылуу мүчөлөрү болуп административдик аймагында саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кызмат орду бош турган жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэри саналат.
109. Анын ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат менен өзүнүн өкүлүн жибере ала турган жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысын, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэрин кошпогондо, Комиссиянын жок мүчөлөрүн алмаштырууга жол берилбейт.
110. Комиссиянын ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- конкурстук тандоонун катышуучулары тарабынан даярдалган саламаттык сактоо уюмдарын өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун баалоону жүргүзүү;
- конкурстук тандоонун жыйынтыктарын чыгаруу;
- которуу тартибинде саламаттык сактоо уюмунун жетекчисин дайындоодо жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын, облустук же республикалык маанидеги шаардын мэринин баш тартуусунун негиздүүлүгүн кароо жана ал жөнүндө чечим кабыл алуу жана ушул Жободо каралган өзгөчө учурларда дайындоо.
111. Комиссиянын ишин жүзөгө ашыруунун тартиби жана шарттары саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
14-глава. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүүгө, иштетүүгө жана аларды дайындоого байланышкан талаш-тартыштарды чечүү
112. Кадрлар резервин түзүүгө, иштетүүгө жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоого байланышкан талаш-тартыштар Апелляциялар боюнча комиссия тарабынан каралат.
113. Апелляциялар боюнча комиссия кадрлар резервине кабыл алууга талапкер болгон адамдардын же кадрлар резервинде турган адамдардын кадрлар резервин түзүү жана иштетүү, саламаттык сактоо уюмунун жетекчисин кызмат ордуна дайындоо маселелери боюнча кайрылууларын жана даттанууларын кароо үчүн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн туруктуу иштөөчү комиссия болуп саналат.
114. Апелляциялар боюнча комиссия бештен кем эмес, бирок тогуздан ашпаган мүчөсү бар курамда түзүлөт. Комиссиянын жеке курамы саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
115. Апелляциялар боюнча комиссия саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ассоциациясынын, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин, тиешелүү багыттагы жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрүнөн турат.
116. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ассоциациясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Апелляциялар боюнча комиссиянын төрагасы болуп саналат.
117. Апелляциялар боюнча комиссиянын ишин жүзөгө ашыруунун тартиби жана шарттары саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
118. Апелляциялар боюнча комиссиянын ишин уюштуруу саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадрдык бөлүмүнө жүктөлөт.
119. Тараптар Апелляциялар боюнча комиссиянын чечими менен макул болбогон же Апелляциялар боюнча комиссиянын сунуштамаларын тоготпогон учурда, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
15-глава. Реестр
120. Реестр саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери менен эмгек келишимдерин түзүүнүн алдындагы жол-жоболорду жүргүзүүдө, ошодой эле саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжаларын аныктоодо кадрлар резервин түзүү жана иштетүү процессинде берилген параметрлер боюнча маалыматты иштеп чыгууга, системага салууга жана маалымат берүүгө мүмкүндүк берүүчү инструмент болуп саналат.
121. Жооптуу мамлекеттик мекеме кадрлар резервине кабыл алынган адамдар жөнүндө Реестрдеги маалыматтарды координациялайт жана коштойт жана Реестрдеги маалыматтарды өз убагында актуалдаштыруу үчүн жооптуу болуп саналат.
122. Реестрдеги маалыматтарга жетүүнүн тартиби жана шарттары саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
123. Кадрлар резервине кабыл алуу жөнүндө арыз берүүдө документтерде көрсөтүлгөн башка маалыматтар же анкеталык маалыматтар өзгөрүлгөн учурда, кадрлар резервинде турган адам болуп өткөн өзгөртүүлөр фактысынан кийин 10 жумуш күндүн ичинде жооптуу мамлекеттик мекемеге жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
124. Жооптуу мамлекеттик мекеме өзгөртүүлөр жөнүндө кабарламаны алган датадан тартып 10 күндүн ичинде берилген жазуу жүзүндөгү кабарламанын жана тиешелүү документтерди берүүнүн негизинде бул өзгөртүүлөрдү Реестрге киргизүүгө милдеттүү.