Документке
Мурунку22.09.2020

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2020-жылдын 22-сентябры № 496

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик органдардын ортосундагы функцияларды чектөөгө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-июнундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер участокторуна жеке менчик укугун мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер участокторуна жеке менчик укугун мамлекеттик каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:

- 6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин райондук (шаардык) жерге жайгаштыруу башкармалыктары (мындан ары -Мамкаттоонун райондук (шаардык) башкармалыгы)" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү каттоо органдары (мындан ары -жергиликтүү каттоо органы)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 7-пунктунун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгына" деген сөздөр "жергиликтүү каттоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 8-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгы" деген сөздөр "жергиликтүү каттоо органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 9-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгы" деген сөздөр "Жергиликтүү каттоо органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 10-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгы" деген сөздөр "жергиликтүү каттоо органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 11-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгына" деген сөздөр "жергиликтүү каттоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 "Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү тартиби тууралуу жободо:

- 7-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин" деген сөздөр "Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):

- 4-главасынын 81, 82, 82-1-пункттарындагы "Мамкаттоо" аббревиатурасы "Жер агенттиги" аббревиатурасына алмаштырылсын;

5-главасында:

- 37-пунктундагы "Мамкаттоо" аббревиатурасы "Жер агенттиги" аббревиатурасына алмаштырылсын;

- 40-пунктундагы "ӨЭЖМК" аббревиатурасы "Жер агенттиги" аббревиатурасына алмаштырылсын;

- 6-главасынын 55-пунктундагы "Мамкаттоо" аббревиатурасы "Жер агенттиги" аббревиатурасына алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:

IV бөлүмүнүн 29-главасында:

- 2-пунктундагы "Жер казынасын пайдалануу жана кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган), топография-геодезиялык, сүрөткө тартуу жана картографиялык иштер жаатындагы ведомстволук бөлүм (мындан ары - Мамкартография)" деген сөздөр "Топография-геодезиялык жана картографиялык жумуштар жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүмү (мындан ары - Мамкартография)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 4-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому" деген сөздөргө алмаштырылсын;

V бөлүмүнүн 45-главасында:

- 8-пунктунун экинчи абзацындагы ":grs.gov.kg" деген сөздөр алып салынсын;

- 9-пунктунун үчүнчү жана жетинчи абзацтарындагы "(grs.gov.kg)" деген сөздөр алып салынсын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 9-октябрындагы № 84 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

К.Боронов

Жаңы12.06.2024

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2020-жылдын 22-сентябры № 496

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304   токтомунун редакциясына ылайык)

Мамлекеттик органдардын ортосундагы функцияларды чектөөгө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-июнундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер участокторуна жеке менчик укугун мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер участокторуна жеке менчик укугун мамлекеттик каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:

- 6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин райондук (шаардык) жерге жайгаштыруу башкармалыктары (мындан ары -Мамкаттоонун райондук (шаардык) башкармалыгы)" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү каттоо органдары (мындан ары -жергиликтүү каттоо органы)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 7-пунктунун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгына" деген сөздөр "жергиликтүү каттоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 8-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгы" деген сөздөр "жергиликтүү каттоо органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 9-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгы" деген сөздөр "Жергиликтүү каттоо органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 10-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгы" деген сөздөр "жергиликтүү каттоо органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 11-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгына" деген сөздөр "жергиликтүү каттоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 "Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү тартиби тууралуу жободо:

- 7-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин" деген сөздөр "Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)