Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
18-июлундагы № 497 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-февралы № 54
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 "Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Топтолмо пенсиялык фонддорду өнүктүрүү, пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун курамын жана түзүмүн түзүү боюнча талаптарды белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 "Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо эрежелеринде:
8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Топтолмо пенсиялык фонддор Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү лицензияларды алган шартта, пенсиялык топтолмо каражаттарды өз алдынча инвестициялоого укуктуу. Топтолмо пенсиялык фонддун пенсиялык активдеринин курамын жана түзүмүн түзүү ушул Эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |