Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
18-июлундагы № 497 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 590
Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо үчүн шарт түзүү максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Топтолмо пенсиялык фонддорго кызмат көрсөтүүчү депозитарийдин ишине коюлуучу талаптар жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Депозитарий кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү конкурсун уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби тууралуу жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык;
- Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо эрежелери, 4-тиркемеге ылайык;
- Пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөөнүн тартиби, 5-тиркемеге ылайык;
- Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруунун типтүү келишими, 6-тиркемеге ылайык;
- Депозитарий кызматын көрсөтүү жөнүндө типтүү келишим, 7-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча топтомо пенсиялык бөлүктү финансылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
6-тиркеме
Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруунун ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" (мындан ары - пенсиялык топтолмолорду инвестициялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар) жана "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Соцфонд)/топтолмо пенсиялык фонд (мындан ары - ТПФ) атынан _________________________________________________ (Соцфонд/ТПФтин кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду) төмөнкүдөй негизде аракеттенет ____________________________________________________________ (Соцфонддун/ТПФтин кызмат адамы негизденип аракеттенген документтин аталышы жана реквизиттери) бир тараптан __________________________________________________________ (башкаруучу компаниянын фирмалык толук (кыскартылган) аталышы) инвестициялык активдердин башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууда "__" __________ 20__- жылдагы № _____ уруксаттаманын негизинде аракеттенген, мындан ары - башкаруучу компания деп аталгандын атынын ____________________________________________________ (башкаруучу компаниянын кызмат адамынын кызмат орду, аты-жөнү) төмөнкүдөй негизде аракеттенет __________________________________________________________ (башкаруучу компаниянын кызмат адамы негизденип аракеттенген документтин аталышы жана реквизиттери) экинчи тараптан, мындан ары "Тараптар" деп аталгандар төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ушул Келишимге ылайык Соцфонд/ТПФ башкаруучу компанияга пенсиялык топтолмо каражаттарын ишенимдүү башкарууга берет, ал эми башкаруучу компания камсыздандырылган адамдардын пенсиянын топтолмо бөлүгүн алуу укугун камсыз кылуу максатында аларды башкарууну жүзөгө ашырууга милдеттенет.
1.2. Башкаруучу компания өзүнүн атынан пайда табуучунун кызыкчылыктарында, көрсөтүлгөн каражаттарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген юридикалык жана иш жүзүндөгү аракеттерди жасоо жолу менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырат, ушуну менен бирге ишенимдүү башкаруучу катары аракеттенип жаткандыгын көрсөтөт. Жазуу жүзүндө жол-жоболоону талап кылбаган иш-аракетти жасоодо башкаруучу компания алардын жасалгандыгы жөнүндө башка тарапка маалымдайт, ал эми жазма документтерге өзүнүн аталышынан кийин "пенсиялык топтолмо каражаттарды Б.К." деген белгини коёт.
1.3. Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруучу катары башкаруучу компаниянын аракеттенери жөнүндө көрсөтмө болбосо, анда ал үчүнчү жактын алдында милдеттенме алат жана алардын алдында өзүнө таандык мүлк менен гана жооп берет.
1.4. Соцфонд/ТПФ башкаруучу компанияга берген пенсиялык топтолмо каражаттар ага инвестициялана турган көрсөтүлгөн каражаттардын жана активдердин анын менчик укугуна өтүшүнө кириптер кылбайт.
1.5. Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруудан түшкөн кирешелер башкаруучу компаниянын менчиги болуп саналбайт, алар көрсөтүлгөн каражаттардын өсүшүнө киргизилет.
1.6. Башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган пенсиялык топтолмо каражаттар Соцфонддун/ТПФтин, башкаруучу компаниянын, же башка жактардын кандайдыр бир милдеттенмелерин камсыздандыруучу болуп саналбайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган пенсиялык топтолмо каражаттардын эсебинен төлөөлөр менен байланышкан жагдайлардан бөлөгү.
2. Соцфонддун жана ТПФтин пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компанияга өткөрүп беришинин тартиби жана мөөнөттөрү
2.1. Соцфонд/ТПФ кредиттик уюмдарында пенсиялык топтолмо каражаттар менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн аларды өзүнчө банктык эсептерге которуу жолу менен пенсиялык топтолмо каражаттарын башкаруучу компанияга берет.
2.2. Соцфонд/ТПФ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдө пенсиялык топтолмо каражаттарын башкаруучу компанияга которот.
2.3. Соцфонддун/ТПФтин пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компанияга бериши же башкаруучу компаниянын аларды Соцфондго/ТПФке бериши ушул Келишимдин 1-тиркемесиндеги форма боюнча пенсиялык топтолмо каражаттарды өткөрүп берүү актысына тараптардын кол коюшу менен коштолот.
2.4. Соцфонддон/ТПФтен же башкаруучу компаниядан пенсиялык топтолмо каражаттарды алган күндөн тартып 3 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө тараптар пенсиялык топтолмо каражаттарын өткөрүп берүү актысына колдорун коюшат.
2.5. Соцфонд/ТПФ камсыздандыруу адамдарынан жаңы келип түшкөн өтүнмөлөрдү (мындан ары - камсыздандырылган жактардын арыздары) аткаруу тартибинде ага пенсиялык топтолмо каражаттарын өткөрүп берүүнүн зарылдыгы жөнүндө, башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө, же Соцфонддон/ТПФтен башка ТПФке өтүшү жөнүндө камсыздандырылган адам арыз берген жылдан кийинки жылдын "__" __________ кечиктирбей башкаруучу компанияга билдирет.
Камсыздандырылган адамдардын арыздарын аткаруу үчүн Соцфондго/ТПФке башкаруучу компания бере турган пенсиялык топтолмо каражаттарынын өлчөмү пенсиялык каражаттарды инвестиция кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык аныкталат.
2.6. Пенсиялык топтолмо каражаттарын өткөрүп берүүнүн жыйынтык актысын тараптар жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын "__" ____________ кечиктирбей түзүшөт. Акт ушул келишимдин 2-тиркемесиндеги форма боюнча түзүлөт.
2.7. Пенсиялык топтолмо каражаттарды Соцфонддун/ТПФтин башкаруучу компанияга, ошондой эле башкаруучу компаниянын Соцфондго/ТПФке өткөрүп бериши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Келишимде каралган негиздерде жүзөгө ашырылат.
2.8. Тараптар пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча өз ара эсептешүүлөрдү текшерүүлөрдүн жыйынтык актысын квартал сайын түзүшөт, ал ушул Келишимдин 3-тиркемесиндеги форма боюнча тараптардын кол коюшу менен коштолот.
3. Башкаруучу компаниянын укуктары жана милдеттери
3.1. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын кызматтарын пайдаланып Соцфонд/ТПФ башкарууга берген пенсиялык топтолмо каражаттар мамилесиндеги бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга; баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары көрсөтүлгөн талаптарды канааттандырбай калган учурларда келишимди бузуу жана акча каражаттарын суратып алдырып алуу чараларын кабыл алууга;
- сыйлоого жана пенсиялык топтолмону инвестициялоо менен байланышкан керектүү чыгымдардын ордун толтурууга.
3.2. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө милдеттүү:
- пенсиялык топтолмо каражаттарды айрыкча камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарында, пенсиялык топтолмо каражаттарын инвестициялоо процессин регламенттеген ченемдик укуктук актыларга жана ушул Келишимдин 4-тиркемесиндеги форма боюнча инвестициялоо декларациясына ылайык инвестициялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген активдерге (инвестициялоо объекттерине) гана инвестициялоого;
- диверсификациялоо, ишенимдүүлүк, өтүмдүүлүк, кирешелүүлүк жана кайтарымдуулук принциптерин камсыз кылуунун негизинде пенсиялык топтолмо каражаттарын инвестициялоону жүзөгө ашырууга;
- Соцфонд/НПФ депозитарий кызматын көрсөтүү келишимин түзгөн депозитарий менен келишим түзүүгө жана анын контролу алдында Соцфонд/НПФ башкарууга берген пенсиялык топтолмо каражаттар менен операцияларды жасоого;
- башкарууда турган активдердин рыноктун наркын жана таза активдердин наркын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тартипке ылайык үзгүлтүксүз эсептөөгө;
- пенсиянын топтолмо бөлүгүн төлөп берүү үчүн каражаттарды Соцфондго/ТПФке пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө которууга;
- пенсиялык топтолмо каражаттар ишенилген башкаруу келишиминин бузулушунун кесепетинен болуучу өзүнүн жоопкерчилигиндеги коркунучтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шартта камсыздандырууга;
- башкарууда турган активдердин жалпы суммалары боюнча өз каражаттарынын (капиталынын) жетиштүүлүгүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кармоого;
- башкарууда турган баалуу кагаздарды рыноктук баадан төмөн эмес сатууга, ошондой эле баалуу кагаздарды рыноктук баадан жогору эмес сатып алууга. Рыноктук баа катары сооданын төмөнкү фондулук куралдарына ылайык аныкталган баа түшүнүлөт;
- уюмдаштыруучулардын, акционерлердин (катышуучулардын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө ачып берүүгө;
- депозитарийдин аффилирленген жагы, же болбосо анын аффилирленген адамы болбоого;
- квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбей Соцфондго/ТПФке жана финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо жөнүндө отчетту, ошондой эле инвестициялоодон алынган кирешелер жөнүндө отчетту берүүгө;
- Соцфондго/ТПФке жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга инвестициялык активдерди жана пенсиялык топтолмо фонддорду башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген лицензиянын чакыртылып алынгандыгы же токтотулгандыгы жөнүндө, башкаруучу компаниянын уюмдаштыруу документтериндеги олуттуу өзгөрүүлөр тууралуу - көрсөтүлгөн учур болгон күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбей кат жүзүндө маалымдоого;
- пенсиялык топтолмо каражаттар менен операцияларды жасоо үчүн кредиттик уюмунун өзүнчө банктык эсебинде башкарууда турган пенсиялык топтолмо каражаттардын эсебин өзүнчө жүргүзүүгө;
- пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган (бузулган) учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун эрежелеринде каралган тартипте жана мөөнөттө ишенимдүү башкарууда турган пенсиялык топтолмо каражаттардын Соцфондго жана/же ТПФке өткөрүлүп берилишин камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берген кредиттик уюмдарында пенсиялык топтолмо каражаттарды жайгаштырууга, качан кредиттик уюму көрсөтүлгөн талаптарды канааттандырбай калган учурда келишимдерди бузууга, эсептерди жабууга жана акча каражаттарын доолап алуу чараларын көрүүгө;
- активдердин белгилүү классынын максималдуу үлүшүнүн өлчөмүнө карата коюлган талаптар бузулган учурда инвестициялык портфелдин түзүмүн тиешелүү абалга келтирүүгө;
- инвестициялык кирешенин минималдуу деңгээлин камсыз кылуу милдеттенмесин өзүнө алууга;
- акыркы кварталдын жыйынтыгы боюнча эсептелген инвестициялык кирешенин деңгээли минималдуу деңгээлден төмөн болгондо жетпеген айырманы Соцфондго/ТПФке төлөп берүүгө;
- камсыздандырылган адам каза болгондо башкаруучу компания Соцфонддун/ТПФтин билдирүүсүнүн негизинде, билдирүүдө көрсөтүлгөн өлчөмдөгү пенсиялык топтолмо каражаттарды мураскорго төлөп берүүгө;
- билдирүүнү (талапты) алган күндөн тартып 8 иш күндүн ичинде ушул пунктта көрсөтүлгөн пенсиялык топтолмо каражаттарды Соцфонддун/ТПФтин билдирүүсүндө (талабында) аныкталган өлчөмдө Соцфондго/ТПФке берүүгө;
- ушул келишимде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка талаптарды сактоого.
3.3. Башкаруучу компания Соцфондго/ТПФке төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
- ар кварталдык жана жылдык финансылык отчётторду (бухгалтердик балансты, пайда жана чыгаша тууралуу отчётту);
- отчеттук жылдагы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн аудитордук корутундуну;
- башкаруучу компаниянын өзүнүн каражаттарынын жетиштүүлүгүн кармашы жөнүндө маалыматты;
- пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган акцияларга болгон укуктарды жүзөгө ашырууда башкаруучу компания катышкан акционерлердин жалпы чогулушунун протоколдорунун көчүрмөлөрүн.
3.4. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө укуксуз:
- депозитарий кызматын көрсөтүү жөнүндө депозитарий менен келишим түзгөнгө чейин пенсиялык топтолмо каражаттары менен операцияларды жасоого;
- башкаруучу компания менен тейлөө жөнүндө келишим түзгөн башкаруучу компания, брокер, кредиттик жана камсыздандыруу уюмдары, депозитарий жана аудитор болуп саналган эмитенттердин пенсиялык топтолмо каражаттарынын эсебинен баалуу кагаздарды, ошондой эле сотко чейинки санация чарасы колдонулган же банкроттук жол-жобосу (байкоо жүргүзүү, убактылуу (сырттан) башкаруу, конкурстук өндүрүш) козголгон, же болбосо мурдагы эки жылдын ичинде ага карата мындай жол-жоболор колдонулган эмитенттердин баалуу кагаздарын сатып алууга;
- ишенимдүү башкарууда турган пенсиялык топтолмо каражаттарды акысыз ээликтен ажыратууга;
- ишенилген башкарууда турган пенсиялык топтолмо каражаттардын эсебинен зайымдарды берүүгө;
- пенсиялык топтолмо каражаттардын курамына кирген баалуу кагаздарды өзүнүн менчигине сатып алууга;
- пенсиялык топтолмо каражаттардын курамына кирген, башкаруучу компаниянын акционерлеринин (катышуучуларынын) менчигиндеги баалуу кагаздарды ажыратууга;
- өзүнүн кызыкчылыктарында же үчүнчү жактын кызыкчылыктарында бүтүмдөрдү жасоо үчүн ушул келишим боюнча милдеттерди аткаруу менен байланышкан ага белгилүү болгон маалыматтарды пайдаланууга, ошондой эле көрсөтүлгөн маалыматтарды үчүнчү жакка берүүгө.
4. Соцфонддун жана ТПФтин укуктары жана милдеттери
4.1. Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууну жеке жүзөгө ашыруу башкаруучу компания үчүн мүмкүн болбогондугуна байланыштуу ушул Келишимди аткаруудан баш тартууга Соцфонд/ТПФ укуктуу.
4.2. Эгерде камсыздандырылган адамдардын жеке энчилүү эсептериндеги атайын бөлүктөгү маалыматтарга түзөтүү киргизүүнүн натыйжасында ушул келишимге ылайык башкаруучу компанияга Соцфонд/ТПФ мурда берген каражаттардын суммасы менен салыштырганда камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтолмо каражаттарынын өлчөмдөрү азайса, же болбосо камсыздандырылган адамдардын жаңы келип түшкөн арыздары боюнча башкаруучу компанияга берилүүгө жаткан пенсиялык топтолмо каражаттардын өлчөмү ашыкча которулган каражаттардын суммасынан азайса Соцфонд/ТПФ ашыкча которулган каражаттарды ага берүү керектиги жөнүндө билдирүүнү (талашы) башкаруучу компанияга жөнөтөт.
4.3. Соцфонд/ТПФ ушул Келишимге ылайык башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусуна бериле турган пенсиялык топтолмо каражаттардын өлчөмүнө түзөтүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
4.4. Соцфонд/ТПФ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- пенсиялык топтолмо каражаттар ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык тартипте жана мөөнөттө пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компанияга берүүгө;
- пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууда жумшалган башкаруучу компаниянын чыгымдарын инвестициялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана ушул Келишимде белгиленген чектерде төлөп берүүгө;
- кийинки жылы пенсиялык топтолмо каражаттардын эсебинен төлөп берүү үчүн керектүү каражаттарды которуунун жылдык планын, кварталдар жана айлар боюнча бөлүштүрүү менен, башкаруучу компанияга жыл сайын 1-декабрдан кечиктирбей берүүгө;
- Соцфондго/ТПФке депозитарий кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимдин токтотулушу жөнүндө, ошондой эле тиешелүү окуядан кийинки жумуш күндөн кечиктирбей башка депозитарий менен түзүлгөн келишим жөнүндө башкаруучу компанияга билдирүүгө;
- пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууга берүүдө инвестициялык кирешенин минималдуу деңгээлин аныктоого.
5. Башкаруучу компаниянын зарыл каражаттары жана сыйакысы
5.1. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо боюнча башкаруучу компаниянын чыгымдары ушул Келишим боюнча отчёттук жылда башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган таза активдердин орточо наркынын 0,6 пайызынан ашпоосу керек.
5.2. Соцфонддун/ТПФтин отчеттук жылда башкаруучу компанияга кайра бере турган пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча зарыл чыгымдары ошол каражаттардын өлчөмүнүн _____ пайызынан ашпоосу керек. Көрсөтүлгөн чыгымдардын өлчөмү пенсиялык топтолмо каражаттар ишенимдүү башкарууга жаңы берилген толук айдын санына жараша эсептелинет.
5.3. Ушул. Келишимдин 5.1 жана 5.2-пункттарында каралган керектүү чыгымдардан ашкан чыгашалар башкаруучу компаниянын өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
5.4. Ушул Келишимдин 5-тиркемесиндеги формага ылайык пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча башкаруучу компаниялардын керектүү чыгымдарын төлөө үчүн Соцфонд/ТПФ менен башкаруучу компаниянын ортосундагы салыштыруу актысынын негизинде башкаруучу компания пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо боюнча зарыл чыгымдарды Соцфонд/ТПФ которгон каражаттардын эсебинен төлөп берет.
5.5. Башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган пенсиялык топтолмо каражаттардан иш жүзүндө жумшалган чыгымдардын суммасын кармап калуу жолу менен башкаруучу компаниянын пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоого керектүү чыгымдарынын орду толтурулат.
5.6. Депозитарийге акы төлөө жөнүндө Соцфонддун/ТПФтин тапшырмасы келип түшкөн датадан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде тапшырмада көрсөтүлгөн каражатты депозитарийге которууга башкаруучу компания милдеттүү.
5.7. Башкаруучу компаниянын сый акысынын өлчөмү отчеттук жылда башкаруучу компания алган пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоодон алынган кирешенин өлчөмүнүн _____ (10дон ашуун эмес) пайызын түзөт жана ошол жылдын жыйынтыгы боюнча чегерилет.
Башкаруучу компаниянын сый акысынын өлчөмү ушул Келишимдин 6-тиркемесинде белгиленген өлчөмдөн ашпашы керек.
5.8. Башкаруучу компаниянын сый акысынын өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
Башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган таза активдердин наркы мурдагы жылдагыга салыштырганда азайган учурдан башкасында.
5.9. Отчеттук жыл бүткөнгө чейин ушул келишим бузулган (токтотулган) учурда эсептерди салыштыруу актысынын негизинде, отчеттук жылда башкаруучу компаниянын пенсиялык топтолмо каражаттарды иш жүзүндө башкаруу мөөнөтүн эске алуу менен келишим бузулган (токтотулган) датада ушул Келишим боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлөт.
6. Жактардын жоопкерчиликтери
6.1. Башкаруучу компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Келишимде каралган милдеттерди аткарбагандыгы, же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Соцфонддун/ТПФтин алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6.2. Соцфонд/ТПФ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул келишимде каралган милдеттерди аткарбагандыгы, же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн башкаруучу компаниянын алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Ушул келишимди токтотуунун (бузуунун) тартиби жана мөөнөттөрү
7.1. Башкаруучу компания менен түзүлгөн ушул Келишимди аткарууну тараптар төмөнкүдөй учурларда токтотот:
- конкурстун жыйынтыгы боюнча ушул келишимди түзгөн башкаруучу компания башкаруучу компанияны тандап алуу конкурсунун талаптарына ылайык келбесе;
- пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдердин курамына коюлган талаптарды башкаруучу компания бузса;
- башкаруучу компаниянын атайылап жасалган аракеттеринин натыйжасында инвестициялык портфелдин түзүмүнө карата коюлган талаптар бузулса;
- Соцфондго/ТПФке отчетторду жана башка маалыматтарды берүү боюнча милдеттерди башкаруучу компания бир нече жолу аткарбаса;
- пенсиялык топтолмо каражаттарды түзгөн мүлктөрдүн алгачкы документтеринин көчүрмөлөрүн депозитарийге берүү боюнча милдетти башкаруучу компания бир нече жолу аткарбаса. Мындай болгон учурда тиешелүү билдирүүнү Соцфонд/ТПФ башкаруу компаниясына жөнөткөн датадан тартып 2 ай өткөндөн кийин келишим бузулду деп эсептелинет;
- ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаса.
7.2. Ушул келишим төмөнкү күндөн тартып токтотулат:
- инвестициялык активдерди башкаруу ишин жүзөгө ашыруу боюнча башкаруучу компаниянын лицензиясынын колдонулушу токтотулса же жокко чыгарылса, же болбосо Соцфонд/ТПФ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга башкаруучу компаниянын башка ылайык келбөөсүн тапса;
- башкаруучу компанияга карата банкроттук жол-жоболору козголсо;
- башкаруучу компанияны өзгөртүп уюштуруу же жоюу жөнүндө чечим кабыл алынса;
- ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаса.
7.3. Тараптар ушул келишимди аткарбаган учурда ал Соцфонддун/ТПФтин же башкаруучу компаниянын тиешелүү билдирүүсүн башка тарап алган күндөн 2 ай убакыт өткөндөн кийин токтотулат.
7.4. Ушул Келишимди колдонуу токтотулган (бузулган) учурда пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдер.
7.5. Ушул Келишимди колдонуу токтотулган (бузулган) учурда пенсиялык топтолмо каражаттардын курамына кирген акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо эрежелеринде белгиленген тартипте башка башкаруучу компанияга берилет.
____________________________________________________________________________
(көрсөтүлгөн башкаруу компаниясына алынган акча каражаттарын берүү менен бирге, пенсиялык топтолмо каражаттар инвестиция кылынган активдерди башка башкаруу компаниясына берүүнүн жана (же) көрсөтүлгөн активдерди сатып өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү көрсөтүлөт)
7.6. Ушул Келишимди колдонуу токтотулган (бузулган) учурда Соцфонд/ТПФ менен башкаруучу компания ушул Келишимди колдонуу токтотулган (бузулган) датадагы бардык эсептерди чагылдырган салыштыруу актысын түзүшөт.
8. Корутунду жоболор
8.1. Ушул келишим түзүлдү ______________________________________________ (10 жылдан ашуун эмес мөөнөт көрсөтүлөт)
Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруу менен байланышпаган келишимдин бөлүгүнө кол коюлган күндөн тартып келишим түзүлдү деп эсептелинет.
8.2. Ушул келишимден келип чыккан бардык талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
9. Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруунун типтүү келишиминин тиркемелери
1-тиркеме - Пенсиялык топтолмо каражаттарын өткөрүп берүү актысы.
2-тиркеме – Соцфонд/ТПФ менен башкаруучу компаниянын ортосунда түзүлгөн пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык пенсиялык топтолмо каражаттарын өткөрүп берүү жөнүндө жыйынтык актысы.
3-тиркеме - Соцфонд/ТПФ менен башкаруучу компаниянын ортосундагы пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы.
4-тиркеме - Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимине карата башкаруу компаниясынын инвестициялык декларациясы.
5-тиркеме - Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоого керектүү башкаруучу компаниялардын зарыл чыгымдарын төлөө боюнча Соцфонд/ТПФ менен башкаруучу компаниянын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы.
Тараптардын колдору:
Социалдык фонд/топтолмо пенсиялык фонд |
| Башкаруучу компания |
__________________________ |
| __________________________ |
(ТПФтин толук аталышы) |
|
|
М.О. |
| М.О. |
|
| Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруунун типтүү келишиминин 1-тиркемеси |
Пенсиялык топтолмо каражатын өткөрүп берүү АКТЫСЫ
20__-жылдын "__" _________ № _____
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Соцфонд), топтолмо пенсиялык фонд (мындан ары - ТПФ) жана _____________________________________________________________________ (башкаруучу компаниянын фирмалык толук аталышы) (мындан ары - башкаруучу компания) атынан ___________________________________________________________________ (башкаруучу компаниянын кызмат адамынын аты-жөнү, анын кызматы) төмөнкү негизде аракеттенет ________________________________________________ пенсиялык топтолмо каражаттар ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык 20__-жылдын "__" __________ фонддун жана башкаруу компаниясынын ортосунда № ______ акт түзүлдү, анда каралды:
а) Соцфонд/ТПФ пенсиялык топтолмо каражаттарды берет, ал эми башкаруучу компания пенсиялык топтолмо каражаттарды ____________________________________ (жазуу түрүндө сумма көрсөтүлөт) өлчөмүндө кабыл алат.
(Соцфонд/ТПФ пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруу компаниясына берүүдө гана толтурулат);
б) башкаруучу компания пенсиялык топтолмо каражаттарды берет, ал эми Соцфонд/ТПФ аны кабыл алат
___________________________________________________________________________
(пенсиялык топтолмо каражатты берүүдө төмөнкү максаттардын бирөө көрсөтүлөт: пенсиянын топтолмо бөлүгүн төлөө, каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскоруна төлөп берүү, пенсиялык топтолмо каражатты башка башкаруу компаниясына берүү, мүлктү түзүүгө чегерүү)
өлчөмдө ________________________________________________________________ (жазуу түрүндө сумма көрсөтүлөт) (башкаруучу компания топтолмо пенсиялык каражатты Соцфондго/ТПФке берүүдө гана толтурулат)
Төлөм документи _________________________________________________________ (төлөм документинин аталышы, күнү жана номери көрсөтүлөт)
Тараптардын колдору:
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду/ТПФ |
| Башкаруучу компания |
_____________________ (ТПФ толук аталышы) |
| _____________________ |
Колу _________________ |
| Колу __________________ |
М.О. |
| М.О. |
|
| Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруунун типтүү келишиминин 2-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду/ТПФ менен башкаруучу компаниянын ортосундагы пенсиялык топтолмо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык пенсиялык топтолмо каражаттарды берүү жөнүндө ЖЫЙЫНТЫК АКТЫ ___________________
20__- жылдын "__" _________ № ____ _________ жыл үчүн
Башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусуна берилген пенсиялык топтолмо каражаттар
Катар номери | Төлөм документи | Суммасы (сом менен) | |
датасы | номери | ||
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы |
| ||
Тараптардын колдору:
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду/ТПФ |
| Башкаруучу компания |
_____________________________ (ТПФ толук аталышы) |
| _____________________________
|
Колу ________________ М.О. |
| Колу _________________ М.О. |
|
| Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруунун типтүү келишиминин 3-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду/ТПФ менен башкаруучу компаниянын ортосундагы пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча өз ара эсептешүүлөрдү САЛЫШТЫРУУ АКТЫСЫ
20__-ж. ____________ (мезгили) үчүн
20__-жылдын "__" ___________ |
| Бишкек шаары |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Соцфонд)/Топтолмо пенсиялык фонд (мындан ары - ТПФ) жана атынан _________________________________________________________ (башкаруучу компаниянын кызмат адамынын аты-жөнү, анын кызматы) негизинде аракеттенген ______________________________________________ (Соцфонддун/ТПФтин кызмат адамынын документинин аталышы жана реквизити) бир тараптан, жана Башкаруучу компания (мындан ары - БК) _____________________________________________ (БКнын толук аталышы), атынан, ___________________________________________ (БК кызмат адамынын документинин аталышы жана реквизити) негизинде аракеттенген, экинчи тараптан, пенсиялык топтолмо каражатын ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык Соцфонд/ТПФ менен БКнын ортосунда 20__-жылдын "__" __________ карата № "___" пенсиялык топтолмо каражаттарды салыштыруу актысын түзүштү.
(сом)
№ | Операциянын мазмуну, төлөм документи, реквизиттер берилген дата | Соцфонд/ТПФ | Башкаруучу компания | ||
Дт | Кт | Дт | Кт | ||
I | 20__-жылдын "__" ________ сальдо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
II | Жүгүртүү боюнча жыйынтык |
| . |
|
|
III | 20__-жылдын "__" ________ сальдо |
|
|
|
|
Сальдо эсептерин салыштыргандан кийин 20__-жылдын "__" __________ түзүлдү ________________________________ (суммасы жазуу түрүндө)
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду /ТПФ |
| Башкаруучу компания |
_____________________________ |
| _____________________________ |
(ТПФ толук аталышы) |
|
|
Колу _________________ |
| Колу _________________ |
М.О. |
| М.О. |
|
| Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруунун типтүү келишиминин 4-тиркемеси |
Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимине карата башкаруучу компаниянын ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
_____________________________________________________________________________
(инвестициялык портфелдин аталышы, башкаруучу компания пенсиялык топтолмо каражаттын эсебинен бирден ашык инвестициялык портфелди түзгөн учурда)
1. Ушул Инвестициялык декларация пенсиялык топтолмо каражатты инвестициялоонун максатын, башкаруучу компаниянын инвестициялык саясатын, башкаруучу компаниянын портфелинин курамын жана түзүмүн белгилейт.
2. Эмгектик пенсиянын топтолмо бөлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алууга карата болгон камсыздандырылган адамдын укуктарын камсыз кылуу үчүн топтолмо пенсиялык каражаттарды көбөйтүү Соцфонд/ТПФ башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусуна берген пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун максаты болуп саналат.
3. Башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган пенсиялык топтолмо каражаттарды сактоо жана көбөйтүү максаттарында кооптуулуктун минималдуу деңгээлинде орточо туруктуу кирешени алуу үчүн капиталды сактоо жана көбөйтүү, болжолдуу кооптуулуктарды контролдоочу системаны пайдалануу стратегиясын башкаруучу компаниянын инвестициялык саясатынын негизин түзөт.
Ошол инвестициялык портфелдин алкагындагы пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруу боюнча башкаруучу компаниянын инвестициялык саясаты:
___________________________________________________________________________
(башкаруучу компаниянын инвестициялык саясатынын сыпаттамасы)
4. Пенсиялык топтолмо каражаттар жайгаштырылуучу активдердин түрлөрүнүн тизмеси:
| Активдердин түрлөрү | Башкаруучу компаниянын инвестициялык портфелиндеги максималдуу үлүшү (пайыздар) |
1 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу кагаздары |
|
2 | Кыргыз эмитенттеринин облигациялары |
|
3 | Ачык акционердик коом түрүндө түзүлгөн кыргыз эмитенттеринин акциялары |
|
5 | Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган ипотекалык баалуу кагаздар жана турак жай сертификаттары |
|
6 | Кредиттик уюмдарындагы депозиттер |
|
5. Ченемдик укуктук актылардын талаптарын эске алуу менен инвестициялык портфелдин айрым активдеринин классындагы максималдуу үлүштү башкаруучу компания аныктайт.
6. Ушул Инвестициялык декларацияда көрсөтүлгөн активдерге пенсиялык топтолмо каражаттарды жайгаштыруу "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
7. Ушул Инвестициялык декларация пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишиминин колдонуу мөөнөтү токтотулган күнгө чейин колдонулат.
Тараптардын колдору:
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду/ТПФ |
| Башкаруучу компания |
Колу ________________ |
| Колу ________________ |
М.О. |
| М.О. |
|
| Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруунун типтүү келишиминин 5-тиркемеси |
Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоого керектелүүчү башкаруу компаниясынын чыгымдарын төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду/Топтолмо пенсиялык фонд менен башкаруу компаниясынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү САЛЫШТЫРУУ АКТЫСЫ
20__-ж. ____________ (мезгили) үчүн
20__-жылдын "__" __________ |
| Бишкек шаары |
(сом.)
Операциялардын мазмуну, төлөм документтеринин реквизиттери | Соцфонд/ТПФ | Башкаруучу компания | ||
Дт | Кт | Дт | Кт | |
20__-жылдын "__" __________ сальдо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жүгүртүү боюнча жыйынтык |
|
|
|
|
20__-жылдын "__" ___________ сальдо |
|
|
|
|
Тараптардын колдору:
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду/ТПФ |
| Башкаруучу компания |
___________________________ |
| ___________________________ |
М.О. |
| М.О. |
|
| Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруунун типтүү келишиминин 6-тиркемеси |
Ишенимдүү башкарууга берилген пенсиялык топтолмо каражаттардын өсүш ченеми боюнча башкаруучу компаниянын сый акысынын өлчөмүн кыскартуунун ТАРТИБИ
Отчеттук жылдагы таза активдердин орточо наркы | Башкаруучу компаниянын сый акысынын өлчөмү (отчеттук жылдагы таза активдердин орточо наркынын пайызы менен) |
Кошо эсептегенде 50дөн жогору 100 млн. сомго чейин | 1,5 ашуун эмес |
Кошо эсептегенде 100дөн жогору 200 млн. сомго чейин | 1 ашуун эмес |
200 млн. сомдон жогору | 0,8ден ашуун эмес |
7-тиркеме
Депозитарий кызматын көрсөтүү жөнүндө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
1. Жалпы жоболор
1. _________________________________________________________________________, (башкаруучу компаниянын толук жана кыскартылган аталышы) Инвестициялык активдерди башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга укук берген № ______ лицензиянын негизинде _________-жылдан тартып аракеттенген башкаруучу компаниянын атынан _________________________________________________ (башкаруучу компаниянын кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду) төмөнкүдөй негизде аракеттенет ________________________________________________ (башкаруучу компаниянын аталышы жана анын кызмат адамы негизденип аракеттенген документтин реквизиттери) бир тараптан ___________________________________________________ (толук жана кыскача аталышы, анын ичинде депозитарийдин фирмалык аталышы) баалуу кагаздар рыногунда депозитарий ишин жүзөгө ашырууда "__" ___________ 20__-ж. № ______ лицензиянын негизинде аракеттенген атынан __________________________________________________ (депозитарийдин кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду) төмөнкүдөй негизде аракеттенет ________________________________________________________ (депозитарийдин кызмат адамы негизденип аракеттенген документтин аталышы жана реквизиттери) экинчи тараптан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
2. Келишимдин предмети
2. Депозитарий башкаруучу компанияга пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдерди сактоо жана алардын эсебин алуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми башкаруучу компания мындай кызматтарга акы төлөп берүүгө милдеттенет.
3. Депозитарий башкаруучу компаниянын тапшырмасы боюнча пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздарга болгон укукту башкаруучу компаниянын ишке ашыруусуна жардам берет.
4. Депозитарий пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо боюнча ишти, анын ичинде төмөнкүлөрдү контролдойт:
а) "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына, инвестициялык декларацияга башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусуна берилген пенсиялык топтолмо каражаттарды тескөөсү боюнча анын ишине ылайык түзүлүшүн;
б) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Соцфонд), жана Кыргыз Республикасынын топтолмо пенсиялык фонддору (мындан ары - ТПФ) башкаруучу компания менен түзгөн пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишими боюнча пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдердин рыноктук нарктарын жана таза активдердин нарктарын аныктоонун аныкталган тартибин жана мөөнөттөрүн башкаруучу компаниянын сакташын;
в) пенсиялык топтолмо каражаттардын эсебинен төлөнүүчү каражаттарды, ошондой эле камсыздандырылган адамдардын укуктарын камсыз кылуу тартибинде берилүүчү пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компаниянын толук жана өз мезгилинде Соцфондго жана ТПФке которушун;
г) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолмо бөлүгүн финансылоо талаптарына башкаруучу компаниянын пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо боюнча керектүү чыгымдардын ордун толтуруу үчүн кармоо өлчөмүнүн жана тартибинин ылайык келишин.
5. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздар депозитарийдин милдеттенмесин камсыздандыруучу боло албайт.
3. Депозитарийдин укуктары жана милдеттери
6. Депозитарий төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Соцфонд, ТПФ берген пенсиялык топтолмо каражаттарга карата маалыматтарды жана документтерди депозитарийдин ишин жүзөгө ашыруу шарттарына ылайык башкаруучу компаниядан алууга;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда баалуу кагаздардын нак баасын кармоочу катары депозитарий баалуу кагаздардын реестрин каттоочуга башкаруучу компания жөнүндө маалыматтарды берүүгө, ушул Келишим боюнча депозитарийдин баалуу кагаздарга болгон укуктарынын эсебин жүргүзүүгө;
в) пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдер менен жасалган операцияларды жүзөгө ашырган башкаруучу компаниядан баш тартууга;
г) пенсиялык топтолмо каражаттарга карата эсептик саясатты иштеп чыгууга жана башкаруучу компанияга билдирүүгө.
7. Депозитарий төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) ишенимдүү башкаруучу катары аракеттенген башкаруучу компаниянын атына пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздарга болгон укуктун эсебин алуу үчүн өзүнчө депо эсебин ачууга;
б) депо эсеби боюнча чагылдырылган башкаруучу компаниялар жөнүндө маалыматтарга депозитарий ишин жүзөгө ашыруунун шарттарына ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
в) башкаруучу компаниянын тапшырмасы боюнча, баалуу кагаздар рыногу жөнүндө ченемдик укуктук актылардын жана депозитарий ишин жүзөгө ашыруунун шарттарынын талаптарына ылайык баалуу кагаздар менен операцияларды жүзөгө ашырууга;
д) пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздарга болгон укуктун эсебин алууну башка кардарлардын баалуу кагаздарынан, анын ичинде Соцфонд жана ТПФ менен пенсиялык топтолмо каражаттар ишенимдүү башкаруу келишимдерин түзгөн башкаруу компаниясынын, башка башкаруучу компаниялардын инвестициялык башка портфелдеринен обочолонтуп жүзөгө ашырууга;
е) пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган пенсиялык топтолмолордун жана/же активдердин курамына кирген акча каражаттарын тескөө макулдугун башкаруучу компанияга берүүгө;
ж) Соцфонд жана ТПФ менен башкаруучу компания түзгөн пенсиялык топтолмо каражаттар келишими токтотулгандыгына (бузулгандыгына) байланыштуу ишенилген пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган пенсиялык топтолмолордун жана/же активдердин курамына кирген акча каражаттарын берүүнүн ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартибин жана мөөнөттөрүн башкаруучу компаниялардын сакташы үчүн контролдоо жүргүзүүгө;
з) контролду жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө табылган олуттуу бузуулар жөнүндө, алар табылган күндөн кийинки бир жумушчу күндөн кечиктирбей финансы рыногу чөйрөсүн көзөмөлдөөчү жана жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), Соцфондго/ТПФга, тиешелүү башкаруучу компанияга билдирүүгө;
и) контролду жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө табылган олуттуу бузуулар жөнүндө, алар табылган күндөн кийинки бир жумушчу күндөн кечиктирбей финансы рыногу чөйрөсүн көзөмөлдөөчү жана жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, Соцфондго/ТПФга, тиешелүү башкаруучу компанияга билдирүүгө;
к) табылган бузуулардын белгиленген мөөнөттө четтетилбегендиги жөнүндө көрсөтүлгөн бузууну четтетүү мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки бир жумушчу күндөн кечиктирбей билдирүүгө;
л) мамлекеттик камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолмо бөлүгүн финансылоо үчүн мыйзамдарда каралган башка талаптарды сактоого.
4. Башкаруучу компаниянын укуктары жана милдеттери
8. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө укуктуу:
а) пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдер менен операцияларды жасоо тапшырмасын укуктук ченемдик актыларда жана депозитарий ишин жүзөгө ашыруунун шарттарында каралган талаптарга ылайык депозитарийге берүүгө;
б) депозитарийден ушул келишимде каралган отчетторду жана маалыматтарды алууга;
в) пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдерди тескөөгө макулдук берүүдөн баш тартуунун негиздемесин атайын депозитарийден талап кылууга.
9. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) пенсиялык топтолмо каражаттардын курамына кирген мүлктөрдүн бардык алгачкы документтеринин көчүрмөлөрүн депозитарийге берүүгө;
б) депо эсебин ачуу үчүн керектүү документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык депозитарийге берүүгө;
в) депо эсебин ачуу үчүн берилген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө документтерди качан көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө башкаруучу компания билген же билүүгө тийиш болгон күндөн кийинки 3 жумушчу күндөн кечиктирбей депозитарийге берүүгө;
г) депо эсебинин абалы жана көрсөтүлгөн эсептер боюнча өткөрүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди депозитарийден алгандан кийинки жумушчу күндөн кечиктирбей депозитарийге жөнөтүлгөн тапшырмаларда камтылган маалыматтар менен ошол маалыматтарды салыштырууну жүргүзүүгө жана айырмачылык табылган учурда көрсөтүлгөн айырмалар жөнүндө депозитарийге дароо билдирүүгө;
д) пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдердин рыноктук наркынын жана таза активдердин наркынын эсептерин электрондук документти жөнөтүүгө, же болбосо электрондук түрдө билдирүүгө, бир мезгилде кагазга жазып жөнөтүү жолу менен ар күн сайын депозитарийге берүүгө;
ж) депозитарийдин кызматтарынын акысын ушул келишимде каралган тартипте төлөп берүүгө;
з) мамлекеттик камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолмо бөлүгүн финансылоо үчүн мыйзамдарда каралган башка талаптарды сактоого.
5. Соцфондго/ТПФке депозитарий көрсөткөн кызматтарга акы төлөө жана пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздарды номиналдуу кармоочу катары тарткан депозитарийдин чыгымдарын компенсациялоо
10. Соцфондго/ТПФке депозитарий көрсөткөн кызматтарга төлөнүүчү акынын өлчөмү отчеттук жылда башкаруучу компаниянын ишенимдүү башкаруусунда турган таза активдердин орточо наркынан алынган пайыздар ______ (0,05 пайыздан ашуун эмести) түзөөрү "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине жана "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык аныкталган.
11. Отчеттук жылдын ар бир жумушчу күнүнүн аягындагы абал боюнча таза активдердин наркын жана отчеттук жылдын отчеттук кварталынын акыркы календарлык күнүн кошуу, эгерде ал иш эмес күнгө туш болсо отчеттук мезгилдеги таза активдердин наркы эсептелип чыгарылгандан кийинки күндүн санынан алынган сумманы бөлүү жолу менен ушул келишимдин максатында таза активдердин орточо наркы эсептелип чыгарылат.
12. Депозитарийдин Соцфондго жана ТПФке көрсөткөн кызматтарына акы төлөөнү тапшырманын негизинде башкаруучу компания, көрсөтүлгөн тапшырманы алган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырат.
Депозитарийдин Соцфондго жана ТПФке көрсөткөн кызматтарына акы төлөөнү башкаруучу компания пенсиялык топтолмо каражаттардын эсебинен, башкаруучу компания менен түзүлгөн пенсиялык топтолмо каражаттар ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген чектерде жүзөгө ашырат.
13. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздарды номиналдуу кармоочу катары депозитарий тарткан чыгымдарды компенсациялоону башкаруучу компания депозитарийдин талабын алган күндөн тартып _____ жумушчу күндүн ичинде (15 күндөн ашпаган мөөнөт көрсөтүлөт) жүзөгө ашырат.
Баалуу кагаздардын номиналдуу кармоочу катары депозитарий тарткан чыгымдардын компенсациясы пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо боюнча башкаруучу компаниянын керектүү чыгымдарынын курамына киргизилет жана башкаруучу компания менен түзүлгөн пенсиялык топтолмо каражаттар ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген чектерде жүзөгө ашырылат.
14. Отчеттук жыл аяктаганга чейин ушул Келишим токтотулган (бузулган) учурда, ушул Келишим боюнча депозитарий көрсөткөн кызматтардын эсептери, ушул Келишим токтотулган (бузулган) датада эсептерди салыштыруу актыларынын негизинде, отчеттук жылда депозитарий башкаруучу компанияга иш жүзүндө көрсөткөн мөөнөттү эске алуу менен жүргүзүлөт.
6. Тараптардын жоопкерчиликтери
15. Депозитарий ушул келишимде каралган милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерге тартылат.
16. Башкаруучу компания ушул Келишимде каралган милдеттерди аткарбагандыгынын же талаптагыдай аткарбагандыгынын кесепетинен келтирилген чыгымдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартат.
7. Корутунду жоболор
17. Ушул Келишимде каралган документтер кагаз жүзүндө берилет.
18. Ушул Келишим төмөнкү мөөнөткө колдонулат: __________________________________ (ушул келишимдин кайсыл мезгилде колдонулары көрсөтүлөт)
19. Келишим ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
20. Ушул келишим төмөнкү күндөн тартып токтотулат:
- депозитардык кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим токтотулганда;
- Соцфонд менен башкаруучу компаниянын ортосундагы, ошондой эле ТПФ менен конкурс боюнча тандалып алынган башкаруучу компаниянын ортосундагы пенсиялык топтолмо каражаттар ишенилген башкаруу келишими токтотулганда;
- инвестициялык активдерди башкаруу боюнча ишке ашырган башкаруучу компаниянын уруксаттамасынын колдонулушу токтотулганда же жокко чыгарылганда;
- башкаруучу компанияга карата банкроттук жол-жоболор колдонулганда;
- башкаруучу компанияны кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө чечим кабыл алынганда.
21. Ушул келишим токтотулган учурда башкаруучу компания менен депозитарий ушул келишим токтотулган учурдагы бардык эсептерди чагылдырган салыштыруу актысын түзөт.
Депозитарий |
| Башкаруучу компания |
__________________________ |
| __________________________ |
(колу) |
| (колу) |
М.О. |
| М.О. |