Загрузка документа…
| ||
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна) |
Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана салык кызматынын органдарынын ишин регламенттеген башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Жобо бюджетке салыктардын жана төлөмдөрдүн толук чогултулушуна, ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттердин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоосуна натыйжалуу контролду камсыздоо максатында иштелип чыккан.
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболорун ишке ашыруу максатында ыйгарым укуктуу салык органынын ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча башкармалыгынын (мындан ары - ИСКБ) салыктык башкаруусуна жаткан ири салык төлөөчүлөрдү милдеттүү түрдө аныктоо критерийлерин белгилейт.
4. Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) ыйгарым укуктуу салык органы - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы;
2) толук салыктык башкаруу - төмөнкүлөрдү камтыган башкаруу тартиби:
- Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык отчетторун, эсептөөлөрдү жана декларацияларды, бухгалтердик баланстарды жана алардын тиркемелерин, ошондой эле салыктарды эсептөө менен байланышкан башка документтерди ИСКБга берүүсү;
- ИСКБнын Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттердин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарды өз убагында аткаруусун контролдоосу жана аларга көмөк көрсөтүүсү;
- ИСКБнын Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге салык текшерүүлөрүн жүргүзүүсү;
3) тышкы салыктык башкаруу - төмөнкүлөрдү камтыган салыктык укук мамилелерин башкаруу тартиби:
- Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттердин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салык отчетторун, эсептөөлөрдү жана декларацияларды, бухгалтердик баланстарды жана тиркемелерди, башка маалыматтарды жана документтерди салыктык жана/же эсептик каттоого алынган жери боюнча салык органына берүүсү;
- салык органдарынын Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарды өз убагында аткаруусун контролдоосу жана аларга көмөк көрсөтүүсү;
- ИСКБнын Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге салык текшерүүлөрүн жүргүзүүсү.
2-глава. Ири салык төлөөчүлөрдү тандоо критерийлери
5. Ири салык төлөөчүлөргө төмөнкүдөй талаптарга жооп берген чарба жүргүзүүчү субъекттер кирет:
1) ушул главанын 6-пунктунда сыпатталган ири салык төлөөчүлөрдү тандоо критерийлеринин бирине жооп берген чарба жүргүзүүчү субъекттер;
2) ИСКБнын милдеттүү түрдө салыктык башкаруусуна жаткан Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттер.
6. ИСКБнын милдеттүү түрдө салыктык башкаруусуна жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин тизмегине киргизүү максатында ири салык төлөөчүлөрдү тандоо төмөнкү критерийлер боюнча жүргүзүлөт:
- акыркы 12 ай ичинде белгиленген стандарттарга жана бухгалтердик эсептин тандалган методуна ылайык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруудан түшкөн акча төмөнкүнү түзсө:
а) соода ишинен - 100,0 млн. сомду жана андан ашыкты;
б) ушул пункттун "а" пунктчасында каралбаган иш үчүн - 50,0 млн. сомдон ашыкты;
- акыркы 12 ай үчүн эсептелинген жана төлөнгөн салыктардын жана милдеттүү төлөмдөрдүн 10,0 млн. сомдон ашкан көлөмүн;
- 10,0 млн. сомдон ашкан менчик активдердин наркын (активдер минус милдеттенмелер).
7. 6-пунктгун "а" жана "б" пунктчаларында көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр иштин негизги түрүнө (иштин жалпы түрүнүн 50 пайызынан ашкан иш) карата каралат.
8. Салык төлөөчү иштин бир нече түрүн жүргүзгөн учурда, алардын ичинен бири да жалпы иштин көлөмүнөн 50 пайыз ашпаса, тандоо үчүн көрсөткүч соода ишин жүргүзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн каралган чекке (акыркы 12 айда 100,0 млн. сом) карата иштин бардык түрүнүн көлөмдөрүнүн жыйындысы боюнча аныкталат.
9. Ири салык төлөөчүлөрдү тандоо көрсөткүчтөрүн аныктоо максатында чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан берилген төмөнкү маалыматтар пайдаланылат:
- салык декларациясы, отчеттор жана эсептөөлөр;
- бухгалтердик баланс жана анын тиркемеси;
- тышкы экономикалык иш жөнүндө маалыматтар;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин экономикалык ишти пландалып жаткан кеңейтүүсү жөнүндө маалыматтар;
- чарба жүргүзүүчү субъекттин экономикалык ишине тиешелүү болгон, анын ичинде салык текшерүүлөрүнүн натыйжалары боюнча алынган маалыматтардын негизинде башка маалыматтар.
3-глава. ИСКБнын салыктык башкаруусуна жаткан Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмеги
10. Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине ИСКБ тарабынан толук жана тышкы салыктык башкарууга жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттер киргизилиши мүмкүн.
11. ИСКБнын салыктык башкаруусуна жаткан Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмеги ыйгарым укуктуу салык органынын чечими менен бекитилет.
12. Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине жаңы түзүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер киргизилиши мүмкүн, эгер алардын экономикалык иши Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ боло турган болсо.
13. Ушул Жободо каралган Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине чарба жүргүзүүчү субъект киргизилген учурда, салык органы бул тууралуу салык төлөөчүлөргө кабарлайт.
14. Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегин аныктоо, ага толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул Жобонун 2-главасынын 5-пунктунда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө чарба жүргүзүүчү субъекттер ылайык келгенде жүзөгө ашырылат.
15. Субъектти тандоодо жана Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине киргизүүдө ыйгарым укуктуу салык органы бюджетке салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү чогултуу боюнча тиешелүү бөлүмдөрдүн пландык тапшырмаларына зарыл өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизет.
16. Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттер алардын экономикалык ишинин кийинки жыйынтыктарына жана тандоонун критерийлери болуп саналган көрсөткүчтөргө карабастан эки жылдан кем эмес ИСКБнын салыктык башкаруусунда болууга тийиш.
17. Критерийлерге ылайык келбеген учурда, мындай чарба жүргүзүүчү субъекттер ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегинен чыгарылат.
18. Чарба жүргүзүүчү субъекттер ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегинен ушул Тизмекке киргизилген мөөнөтүнө карабастан төмөнкү учурларда чыгарылат:
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык чарба жүргүзүүчү субъект жоюлганда;
- "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чарба жүргүзүүчү субъект банкрот болгондо.