Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-февралы № 66
Кыргыз Республикасында жеке агрономиялык тажрыйбаны жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында жеке агрономиялык тажрыйбаны жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөөдө жеңилдетилген арзандатууга укугу бар жарандардын категорияларынын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөөдө жеңилдетилген арзандатууга укугу бар жарандардын категорияларынын ТИЗМЕГИ
1. 100 пайыз өлчөмүндө арзандатуу менен:
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары;
- башка өлкөлөрдүн аймагындагы согуштук аракеттерде жарадар болгон майып аскер кызматчылары;
- концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары;
2. 50 пайыз өлчөмүндө арзандатуу менен:
- курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери);
- Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын майып деп таанылган, кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери);
- 1988-1989-жылдардагы катышуучуларды кошпогондо, Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепетинен жабыркаган адамдар;
- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган жана I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган адамдар;
- Советтер Союзунун баатырлары жана Социалисттик Эмгектин баатырлары, үч даражадагы Даңк орденинин жана үч даражадагы Эмгек даңкы орденинин ээлери;
- кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгилинде алган жаракаттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошотулгандан кийин каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү;
- көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар;
- "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар.
3. 25 пайыз өлчөмүндө арзандатуу менен:
- иштебеген майып пенсионерлер;
- багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия алган, иштебеген адамдар;
- 18 жашка чейинки курактагы майып балдары бар үй-бүлөлөр.