Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-февралы № 86
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 “Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 “Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибинде:
13, 14-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Максаттуу трансферттерди алууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талаптары Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын дарегине жөнөтүлөт.
14. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же жергиликтүү мамлекеттик администрация тиешелүү региондогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизделген жыйынды суроо-талабын бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине жөнөтөт.”;
− 15-пункттагы “ченемдерге ылайык же өткөн жылдын чыгымдарынын негизинде эсептелген коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, көмүр сатып алуу жана” деген сөздөр алып салынсын;
− 27-пункттагы “ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлүүчү” деген сөздөр алып салынсын;
− жогоруда аталган Тартиптин тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 7-мартындагы № 17 (3466) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |