Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-февралы № 79
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 395 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун электрондук түрдө кабыл алуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 395 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун электрондук түрдө кабыл алуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 6, 7-пункттардагы “2022-жылдын” деген сөздөр “2023-жылдын” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров