Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-июлу № 395
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун электрондук түрдө кабыл алуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 79, 2024-жылдын 25-январындагы № 25
токтомдорунун редакциясына ылайык)
Коррупция менен күрөшүүнүн алкагында жер казынасын пайдалануучулардын мамлекеттик органдар менен аралыктан өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун электрондук түрдө кабыл алуу боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары - пилоттук долбоор) өткөрсүн.
2. Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун кабыл алуу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Пилоттук долбоорду өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине тапшырылуучу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун кабыл алуу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы пилоттук долбоорду ишке ашыруу максатында жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасына интеграцияласын.
5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жер казынасын пайдалануучулардын арасында пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн.
6. Пилоттук долбоорду өткөрүү мөөнөтү 2024-жылдын 1-октябрына чейин белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 25 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өткөрүлгөн пилоттук долбоордун жыйынтыгынын негизинде 2024-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө сунуштарды жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 25 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
|
|
Тиркеме
Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун кабыл алуу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо пилоттук долбоорду жүргүзүүнү карайт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары - МСК) "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун кабыл алуу тартибин аныктайт.
2. Отчеттун формасы жана берүү мөөнөттөрү
2. МСКнын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулар тарабынан берилүүчү электрондук отчеттордун формалары жана аларды толтуруу тартиби ушул Жобонун 1, 2, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык аныкталат.
3. Электрондук түрдөгү отчет жер казынасын пайдалануучу тарабынан МСКнын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 25инен кечиктирбестен берилет.
3. Отчет берүү тартиби
4. МСКнын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу отчетторду кабыл алуу боюнча пилоттук долбоордун катышуучулары тарабынан жер казынасын пайдалануучулар ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык аныкталат.
5. Жер казынасын пайдалануучулар (пилоттук долбоордун катышуучулары) отчетту МСКнын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган салыктык отчетторду берүү тартибине жана жол-жоболоруна ылайык электрондук түрдө беришет.
4. Отчетту тапшыруу үчүн жоопкерчилик
6. МСКнын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу электрондук формада берилген отчеттогу маалыматтардын өз убагында берилиши жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер казынасын пайдалануучуга жүктөлөт.
|
| Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун кабыл алуу жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
DGN STI-001
001 |
| ⎕ | БАШТАПКЫ |
|
| ⎕ | ТАКТАЛГАН |
Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарын жана пайдалуу кен чыккан жерлерди (руда кендери боюнча) иштетүүгө лицензиялар боюнча лицензиялык макулдашуулардын шарттарын аткаруу боюнча АР АЙЛЫК ОТЧЕТ
"Токтом" МБ эскертүүсү: Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун кабыл алуу жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
DGN STI-002
001 |
| ⎕ | БАШТАПКЫ |
|
| ⎕ | ТАКТАЛГАН |
Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарын жана пайдалуу кен чыккан жерлерди (көмүр кендери боюнча) иштетүүгө лицензиялар боюнча лицензиялык макулдашуулардын шарттарын аткаруу боюнча АР АЙЛЫК ОТЧЕТ
"Токтом" МБ эскертүүсү: Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун кабыл алуу жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарын жана пайдалуу кен чыккан жерлерди (руда кендери боюнча) иштетүүгө лицензиялар боюнча лицензиялык макулдашуулардын шарттарын аткаруу боюнча ар айлык отчеттун формасын DGN STI-001 толтуруу жана берүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип руда кендерин казып алууну жана кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу тоо кендерин казып чыгаруучу ишканалардын отчет формасын DGN STI-001 (мындан ары - отчет) толтуруу жана берүү эрежелерин аныктайт.
2. Отчет ай сайын электрондук документ түрүндө берилет.
3. Отчетто отчеттук мезгил ичинде алтынды, алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты казып алуу жана сатуу боюнча көрсөткүчтөр жөнүндө жыйынтыкталган маалымат көрсөтүлөт.
4. Көрсөткүч жок болгон учурда, отчеттун тиешелүү уячаларында "0" мааниси көрсөтүлөт.
2. Отчетту толтуруу тартиби
5. 001-уячада:
1) эгерде отчет отчеттук мезгилде биринчи жолу тапшырылса, "X" белгиси түрүндөгү белги "баштапкы" уячасында көрсөтүлөт;
2) эгерде мурда ушул эле отчеттук мезгилде отчет берилип, бирок андан кийин берилген отчетто оңдолгон кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылса, "X" белгиси түрүндөгү белги "такталган" уячасында көрсөтүлөт.
6. I бөлүмүндө жер казынасын пайдалануучу жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат:
1) 100-уячада жер казынасын пайдалануучунун ИСН көрсөтүлөт;
2) 101-уячада жер казынасын пайдалануучунун толук аталышы (аты-жөнү) көрсөтүлөт;
3) 102-уячада мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт;
4) 103-уячада мамлекеттик каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУРК коду көрсөтүлөт;
5) 104-уячада пайдалуу кендердин түрү көрсөтүлөт;
6) 105-уячада жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген лицензиянын номери көрсөтүлөт;
7) 106-уячада жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген лицензияны колдонуу мөөнөтүнүн башталышы көрсөтүлөт;
8) 107-уячада жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген лицензияны колдонуу мөөнөтүнүн аякталышы көрсөтүлөт;
9) 108-уячада жер казынасын пайдалануучунун иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
10) 109-уячада жер казынасын пайдалануучунун иш жүзүндөгү объектисинин калктуу конушунун (облус, шаар, район, айыл ж.б.) аталышы көрсөтүлөт;
11) 110-уячада жер казынасын пайдалануучунун иш жүзүндөгү жайгашкан жеринин дареги (көчө/кичи район, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт;
12) 111-уячада байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
13) 112-уячада электрондук почтанын дареги көрсөтүлөт.
7. II бөлүмүндө аткарылган иштер жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат:
1) 201-уячада отчет бериле турган отчеттук мезгилдин башталган датасы көрсөтүлөт: күнү, айы, жылы;
2) 202-уячада отчет бериле турган отчеттук мезгилдин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы;
3) ачуу иштери:
- 203-уячада бир жылга ачуу иштеринин пландык көрсөткүчтөрү миң м3 менен көрсөтүлөт;
- 204-уячада отчеттук ай үчүн ачуу иштеринин көрсөткүчтөрү миң м3 менен көрсөтүлөт;
4) товардык руданы казып алуу:
- 205-уячада бир жылга товардык руданы казып алуунун көрсөткүчтөрү миң тонна менен көрсөтүлөт;
- 206-уячада отчеттук ай үчүн товардык руданы казып алуунун көрсөткүчтөрү миң тонна менен көрсөтүлөт;
5) пайдалуу компоненттин орточо камтылышы:
- 207-уячада бир жылга бир тоннага алтындын орточо камтылышынын көрсөткүчтөрү грамм менен көрсөтүлөт;
- 208-уячада отчеттук ай үчүн бир тоннага алтындын орточо камтылышынын көрсөткүчтөрү грамм менен көрсөтүлөт;
- 209-уячада бир жылга бир тоннага күмүштүн орточо камтылышынын көрсөткүчтөрү грамм менен көрсөтүлөт;
- 210-уячада отчеттук ай үчүн бир тоннага күмүштүн орточо камтылышынын көрсөткүчтөрү грамм менен көрсөтүлөт;
- 211-уячада бир жылга жездин орточо камтылышынын көрсөткүчтөрү пайыз менен көрсөтүлөт;
- 212-уячада отчеттук ай үчүн бир тоннага жездин орточо камтылышынын көрсөткүчтөрү пайыз менен көрсөтүлөт;
6) пайдалуу компонент (металл):
- 213-уячада бир жылга рудадагы алтындын өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү килограмм менен көрсөтүлөт;
- 214-уячада отчеттук ай үчүн рудадагы алтындын өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү килограмм менен көрсөтүлөт;
- 215-уячада бир жылга рудадагы күмүштүн өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү килограмм менен көрсөтүлөт;
- 216-уячада отчеттук ай үчүн рудадагы күмүштүн өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү килограмм менен көрсөтүлөт;
- 217-уячада бир жылга рудадагы жездин өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү тонна менен көрсөтүлөт;
- 218-уячада отчеттук ай үчүн рудадагы жездин өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү тонна менен көрсөтүлөт;
7) жер казынасынан алуу:
- 219-уячада бир жылга пайдалуу кендерди жер казынасынан алуу көрсөткүчтөрү пайыз менен көрсөтүлөт;
- 220-уячада отчеттук ай үчүн пайдалуу кендерди жер казынасынан алуу көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт;
8) товардык руданы кайра иштетүү:
- 221-уячада бир жылга товардык руданы кайра иштетүүнүн көрсөткүчтөрү миң тонна менен көрсөтүлөт;
- 222-уячада отчеттук ай үчүн товардык руданы кайра иштетүүнүн көрсөткүчтөрү миң тонна менен көрсөтүлөт;
9) металлдын орточо камтылышы:
- 223-уячада бир жылга бир тоннага алтындын орточо камтылышынын көрсөткүчтөрү грамм менен көрсөтүлөт;
- 224-уячада отчеттук ай үчүн бир тоннага алтындын орточо камтылышынын көрсөткүчтөрү грамм менен көрсөтүлөт;
- 225-уячада бир жылга бир тоннага күмүштүн орточо камтылышынын көрсөткүчтөрү грамм менен көрсөтүлөт;
- 226-уячада отчеттук ай үчүн бир тоннага күмүштүн орточо камтылышынын көрсөткүчтөрү грамм менен көрсөтүлөт;
- 227-уячада бир жылга жездин орточо камтылышынын көрсөткүчтөрү пайыз менен көрсөтүлөт;
- 228-уячада отчеттук ай үчүн бир тоннага жездин орточо камтылышынын көрсөткүчтөрү пайыз менен көрсөтүлөт;
10) пайдалуу компонент (металл):
- 229-уячада бир жылга рудадагы алтындын өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү килограмм менен көрсөтүлөт;
- 230-уячада отчеттук ай үчүн рудадагы алтындын өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү килограмм менен көрсөтүлөт;
- 231-уячада бир жылга рудадагы күмүштүн өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү килограмм менен көрсөтүлөт;
- 232-уячада отчеттук ай үчүн рудадагы күмүштүн өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү килограмм менен көрсөтүлөт;
- 233-уячада бир жылга рудадагы жездин өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү тонна менен көрсөтүлөт;
- 234-уячада отчеттук ай үчүн рудадагы жездин өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү тонна менен көрсөтүлөт;
11) кайра иштетүүдө металлды технологиялык казып алуу:
- 235-уячада бир жылга алтынды казып алуу көрсөткүчтөрү пайыз менен көрсөтүлөт;
- 236-уячада отчеттук ай үчүн алтынды казып алуу көрсөткүчтөрү пайыз менен көрсөтүлөт;
- 237-уячада бир жылга күмүштү казып алуу көрсөткүчтөрү пайыз менен көрсөтүлөт;
- 238-уячада отчеттук ай үчүн күмүштү казып алуу көрсөткүчтөрү пайыз менен көрсөтүлөт;
- 239-уячада бир жылга жезди казып алуу көрсөткүчтөрү пайыз менен көрсөтүлөт;
- 240-уячада отчеттук ай үчүн жезди казып алуу көрсөткүчтөрү пайыз менен көрсөтүлөт;
12) аффинаждан кийин товардык продукция алынды:
- 241-уячада бир жылга алтындын өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү килограмм менен көрсөтүлөт;
- 242-уячада отчеттук ай үчүн алтындын өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү килограмм менен көрсөтүлөт;
- 243-уячада бир жылга күмүштүн өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү килограмм менен көрсөтүлөт;
- 244-уячада отчеттук ай үчүн күмүштүн өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү килограмм менен көрсөтүлөт;
- 245-уячада бир жылга жездин өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү тонна менен көрсөтүлөт;
- 246-уячада отчеттук ай үчүн жездин өлчөмүнүн көрсөткүчтөрү тонна менен көрсөтүлөт;
13) концентрат түрүндө товардык продукция алынды:
- 247-уячада бир жылга алына турган концентраттын пландык көрсөткүчтөрү тонна менен көрсөтүлөт;
- 248-уячада отчеттук ай үчүн алынган концентраттын көрсөткүчтөрү тонна менен көрсөтүлөт;
14) концентраттагы металлдын өлчөмү:
- 249-уячада бир жылга концентраттагы алтындын өлчөмү грамм менен көрсөтүлөт;
- 250-уячада отчеттук ай үчүн концентраттагы алтындын өлчөмү грамм менен көрсөтүлөт;
- 251-уячада бир жылга концентраттагы күмүштүн өлчөмү грамм менен көрсөтүлөт;
- 252-уячада отчеттук ай үчүн концентраттагы күмүштүн өлчөмү грамм менен көрсөтүлөт;
- 253-уячада бир жылга концентраттагы жездин өлчөмү тонна менен көрсөтүлөт;
- 254-уячада отчеттук ай үчүн концентраттагы жездин өлчөмү тонна менен көрсөтүлөт;
15) концентратты ташып чыгаруу көлөмү:
- 255-уячада бир жылга концентратты ташып чыгуунун пландык көрсөткүчтөрү тонна менен көрсөтүлөт;
- 256-уячада отчеттук ай үчүн концентратты ташып чыгуунун көрсөткүчтөрү тонна менен көрсөтүлөт;
16) сатуу көлөмү:
- 257-уячада бир жылга концентраттагы алтындын өлчөмү грамм менен көрсөтүлөт;
- 258-уячада отчеттук ай үчүн концентраттагы алтындын өлчөмү грамм менен көрсөтүлөт;
- 259-уячада бир жылга концентраттагы күмүштүн өлчөмү грамм менен көрсөтүлөт;
- 260-уячада отчеттук ай үчүн концентраттагы күмүштүн өлчөмү грамм менен көрсөтүлөт;
- 261-уячада бир жылга концентраттагы жездин өлчөмү тонна менен көрсөтүлөт;
- 262-уячада отчеттук ай үчүн концентраттагы жездин өлчөмү тонна менен көрсөтүлөт;
17) сатуу баасы:
- 263-уячада бир жылга алтындын баасы сом/грамм көрсөткүчтөрү менен көрсөтүлөт;
- 264-уячада отчеттук ай үчүн алтындын баасы сом/грамм көрсөткүчтөрү менен көрсөтүлөт;
- 265-уячада бир жылга күмүштүн баасы сом/грамм көрсөткүчтөрү менен көрсөтүлөт;
- 266-уячада отчеттук ай үчүн күмүштүн баасы сом/грамм көрсөткүчтөрү менен көрсөтүлөт;
- 267-уячада бир жылга жездин баасы сом/тонна көрсөткүчтөрү менен көрсөтүлөт;
- 268-уячада отчеттук ай үчүн жездин баасы сом/тонна көрсөткүчтөрү менен көрсөтүлөт;
18) кампалардагы даяр продукциянын калдыгы:
- 269-уячада бир жылга кампалардагы алтындын калдыктарынын өлчөмү грамм менен көрсөтүлөт;
- 270-уячада отчеттук ай үчүн кампалардагы алтындын калдыктарынын өлчөмү грамм менен көрсөтүлөт;
- 271-уячада бир жылга кампалардагы күмүштүн калдыктарынын өлчөмү грамм менен көрсөтүлөт;
- 272-уячада отчеттук ай үчүн кампалардагы күмүштүн калдыктарынын өлчөмү грамм менен көрсөтүлөт;
- 273-уячада бир жылга кампалардагы жездин калдыктарынын өлчөмү тонна менен көрсөтүлөт;
- 274-уячада отчеттук ай үчүн кампалардагы жездин калдыктарынын өлчөмү тонна менен көрсөтүлөт;
- 901-уячада отчет берилген дата көрсөтүлөт: күнү, айы, жылы.
|
| Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун кабыл алуу жөнүндө жобонун 4-тиркемеси |
Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарын жана пайдалуу кен чыккан жерлерди (көмүр кендери боюнча) иштетүүгө лицензиялар боюнча лицензиялык макулдашуулардын шарттарын аткаруу боюнча ай сайын DGN STI-002 отчеттук формасын толтуруу жана берүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул тартип көмүр казып алууну ишке ашыруучу кен казуучу ишканалардын DGN STI-002 отчеттук формасын (мындан ары - отчет) толтуруу жана берүү эрежелерин аныктайт.
2. Отчет ай сайын электрондук документ түрүндө берилет.
3. Отчетто отчеттук мезгилдеги көмүр казып алуу жана сатуу боюнча көрсөткүчтөр жөнүндө жыйынды маалымат көрсөтүлөт.
4. Көрсөткүч жок болгон учурда отчеттун тиешелүү уячаларында "0" мааниси көрсөтүлөт.
2. Отчетту толтуруу тартиби
5. 001-уячада:
1) эгерде отчет отчеттук мезгилде биринчи жолу тапшырылса, "X" белгиси түрүндөгү белги "баштапкы" уячасында көрсөтүлөт;
2) эгерде мурда ушул эле отчеттук мезгилде отчет берилип, бирок андан кийин берилген отчетто оңдолгон айрым так эместиктер же каталар табылса, "X" белгиси түрүндөгү белги "такталган" уячасында көрсөтүлөт.
6. I бөлүмдө жер казынасын пайдалануучу жөнүндө төмөнкүдөй маалымат чагылдырылат:
1) 100-уячада жер казынасын пайдалануучунун ИСН көрсөтүлөт;
2) 101-уячада жер казынасын пайдалануучунун толук аталышы (аты-жөнү) көрсөтүлөт;
3) 102-уячада мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт;
4) 103-уячада мамлекеттик каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУРК коду көрсөтүлөт;
5) 104-уячада пайдалуу кендердин түрү көрсөтүлөт;
6) 105-уячада жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген лицензиянын номери көрсөтүлөт;
7) 106-уячада жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген лицензияны колдонууну баштоо мөөнөтү көрсөтүлөт;
8) 107-уячада жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген лицензияны колдонууну аяктоо мөөнөтү көрсөтүлөт;
9) 108-уячада жер казынасын пайдалануучунун иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
10) 109-уячада жер казынасын пайдалануучунун калктуу конушунун, иш жүзүндөгү объектинин (облус, шаар, район, айыл ж.б.) аталышы көрсөтүлөт;
11) 110-уячада жер казынасын пайдалануучунун юридикалык дареги көрсөтүлөт (көчөсү/кичи райондун аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери);
12) 111-уячада байланыш телефон номери көрсөтүлөт;
13) 112-уячада электрондук почтанын дареги көрсөтүлөт.
7. II бөлүмүндө аткарылган иштер тууралуу маалыматтар чагылдырылат:
1) 201-уячада отчет берилип жаткан отчеттук мезгилдин башталган датасы көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы;
2) 202-уячада отчет берилип жаткан отчеттук мезгилдин акыркы датасы көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы;
3) ачуу иштери:
- 203-уячада ачуу иштеринин пландык көрсөткүчтөрү жылына миң м3 менен көрсөтүлөт;
- 204-уячада ачуу иштеринин көрсөткүчтөрү отчеттук ай үчүн миң м3 менен көрсөтүлөт;
4) көмүр казып алуу:
- 205-уячада көмүр казуунун көрсөткүчтөрү жылына миң тонна менен көрсөтүлөт;
- 206-уячада көмүр казуунун көрсөткүчтөрү отчеттук ай үчүн миң тонна менен көрсөтүлөт;
5) жер казынасынан алуу:
- 207-уячада жер казынасынан көмүр алуу көрсөткүчтөрү жылына көрсөтүлөт;
- 208-уячада жер казынасынан көмүр алуу көрсөткүчтөрү отчеттук ай үчүн көрсөтүлөт;
6) сатуу көлөмү:
- 209-уячада жылына көмүрдүн өлчөмү миң тонна көрсөтүлөт;
- 210-уячада отчеттук ай үчүн көмүрдүн өлчөмү миң тонна менен көрсөтүлөт;
7) сатуу баасы:
- 211-уячада жылына 1 тонна көмүрдүн баасы көрсөтүлөт;
- 212-уячада отчеттук ай үчүн 1 тонна көмүрдүн баасы көрсөтүлөт;
8) кампалардагы даяр продукциянын калдыгы:
- 213-уячада кампалардагы көмүрдүн калдыктарынын өлчөмү жылына миң тонна менен көрсөтүлөт;
- 214-уячада кампалардагы көмүрдүн калдыктарынын өлчөмү отчеттук ай үчүн миң тонна менен көрсөтүлөт.
- 901-уячада отчет берилген дата көрсөтүлөт: күнү, айы, жылы.
|
| Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын "Салык төлөөчүнүн кабинети" маалыматтык системасы аркылуу жер казынасын пайдалануучулардын отчетторун кабыл алуу жөнүндө жобонун 5-тиркемеси |
Алтын казуучу ишканалардын ТИЗМЕСИ
№ | Уюмдун аталышы | ИСН |
1 | "Кумтөр Голд Компаниясы" жабык акционердик коому | 01602199310079 |
2 | "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коому | 01709199810150 |
3 | "Макмал Голд Компани" жоопкерчилиги чектелген коому | 02609201810017 |
4 | "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коому | 00504200610034 |
5 | "КАЗ Минералз Бозымчак" жоопкерчилиги чектелген коому | 02606200310117 |
6 | "Full Gold Mining" (Фулл Голд Майнинг) жоопкерчилиги чектелген коому | 00706200710162 |
7 | "Горная инвестиционная компания Кайди" жоопкерчилиги чектелген коому | 00810200810129 |
8 | "Кыргызалтын" ачык акционердик коому | 02403199310039 |
9 | "Vertex Gold Company" ("Вертекс Голд Компани") жоопкерчилиги чектелген коому | 01609200310175 |
10 | "Альянс Алтын" жоопкерчилиги чектелген коому | 00206201510103 |
11 | "Эти Бакыр Терексай" жоопкерчилиги чектелген коому | 01610201510143 |
12 | "Каматор Майнинг Групп" жоопкерчилиги чектелген коому | 02402202010215 |
13 | "АТ Минералз" жоопкерчилиги чектелген коому | 01101201610088 |
14 | "Премьер-Право" жоопкерчилиги чектелген коому | 01612201110254 |
15 | "Альфазар" жоопкерчилиги чектелген коому | 01205202010061 |
Көмүр казуучу ишканалардын ТИЗМЕСИ
№ | Уюмдун аталышы | ИСН |
1 | "Тегене" жоопкерчилиги чектелген коому | 00111199510053 |
2 | "Нур" жоопкерчилиги чектелген коому | 00504200210100 |
3 | "Charbon" "Шарбон" жоопкерчилиги чектелген коому | 02412200310221 |
4 | "Ак-Булак көмүр" жоопкерчилиги чектелген коому | 01002200510336 |
5 | "Нарктоо" жоопкерчилиги чектелген коому | 00612200110140 |
6 | "Пандж-Шер" жоопкерчилиги чектелген коому | 01808200810019 |
7 | "УзгенЭнергоУголь" жоопкерчилиги чектелген коому | 03007200910116 |
8 | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" филиалы | 40504201310125 |
9 | "Алай лигнит" жоопкерчилиги чектелген коому | 00111201210191 |
10 | "You and Me Со" ("Ю энд Ми Ко") жоопкерчилиги чектелген коому | 00807200910227 |
11 | "Пэрити Коал" жоопкерчилиги чектелген коому | 03001200410044 |
12 | "Атай групп" жоопкерчилиги чектелген коому | 02407201510059 |
13 | "Разрез Миң-Куш" жоопкерчилиги чектелген коому | 01504201510015 |
14 | "Наке" жоопкерчилиги чектелген коому | 02209201610022 |
15 | "Беш-Арча" жоопкерчилиги чектелген коому | 01904200610060 |