Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-августу № 423
Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдар үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маяналарга карата пайыздык үстөк;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте илимий даражасы үчүн үстөк;
4) иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесипкөй демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштин режими үчүн кызматтык маянага 50 пайызга чейинки өлчөмдө ай сайын үстөк;
5) өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого жөлөкпул;
6) иштин сапатын жана татаалдыгын эске алуу менен иштин жыйынтыгы боюнча квартал сайын сый акы (жыл ичинде сыйлоого төрт айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө каражат жумшалат).
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте карасын.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 7,00 |
2 | Директордун орун басары | 5,54 |
3 | Бөлүм башчы | 4,78 |
4 | Аймактык өкүл | 4,44 |
5 | Эксперт | 4,17 |
|
| 2-тиркеме |
Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдар үчүн пайыздык үстөктөрдүн ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Иш стажы | Иштеген жылдар үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү |
1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5% |
2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10% |
3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15% |
4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20% |
5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25% |
6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30% |
7 | 25 жылдан жогору | 40% |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-августу № 423
Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдар үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маяналарга карата пайыздык үстөк;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте илимий даражасы үчүн үстөк;
4) иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесипкөй демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштин режими үчүн кызматтык маянага 50 пайызга чейинки өлчөмдө ай сайын үстөк;
5) өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого жөлөкпул;
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.