Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-февралы № 85
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү жана финансылык инструменттерди бирдиктүү идентификациялоону колдонуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 58, 61-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жободо:
− 2-пункттагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
− 3-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“Казыналык милдеттенмелер (мындан ары – КМ) – мамлекеттик органдардын милдеттенмелерин жөнгө салуу үчүн чыгарылуучу улуттук валютада номинацияланган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин узак мөөнөттүү баалуу кагазы;”;
он сегизинчи абзацтагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. МБКны чыгаруунун максаты Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин учурдагы тартыштыгын каржылоо жана төлөм мөөнөтү келип жеткен мамлекеттик карызды кайра каржылоо, ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү, экономиканы өнүктүрүү жана инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо, коммерциялык жана коммерциялык эмес ишти жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактардын алдындагы бюджеттик милдеттенмелерди тындыруу болуп саналат.”;
− 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. МБКлар МКВ, МКО жана КМ катары берилиши мүмкүн.”;
−.төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
“81. КМ энчилүү мамлекеттик баалуу кагаздар болуп саналат. КМ параметрлери эмитент тарабынан аныкталат жана ар бир чыгарылышында белгиленет. КМ кагаз түрүндө чыгарылат жана күрөө катары колдонулушу мүмкүн, ошондой эле КМ ээси эмитентке койгон акчалай талапты белгиленген мөөнөттө милдеттүү канааттандырууга укук берген документ болуп саналат.”;
− 17-пункттагы “МБКны” деген аббревиатура “КМны кошпогондо, МБКны” деген сөздөргө алмаштырылсын;
−. төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:
“32. КМны чыгаруу жана тындыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |