Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-октябры № 556 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун анданары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу,жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө тиркелген
жобо бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана мамлекеттикбаалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзгөн башка жактар өздөрүнүнчечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин. 3. Жүгүртүү мөөнөтү 18 жана 24 ай болгон мамлекеттик казыналыквекселдер аларды жүгүртүү мөөнөтүнө чейин колдонулаары белгиленсин. 4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Мамлекеттик орто мөөнөттүү купондук баалуу кагаздарды чыгаруу,жайгаштыруу жана тындыруу жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 11-майындагы № 260
токтому; - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдерин чыга-руу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндөгү
жобону бекитүү туу-ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-декабрындагы №845
токтому. 5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов