Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-февралы № 64
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруу үчүн каражаттарды оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 7-главасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Программаны ишке ашыруу үчүн талап кылынган каражаттардын көлөмү 2023-2025-жылдарга 180500000 сомду түзөт, анын ичинде 2023-жылга - 71425000 сом, 2024-жылга - 62825000 сом, 2025-жылга - 46250000 сом каралган.";
- Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасына тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасына тиркеме |
Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Мөөнөт (жыл) | Сумма (миң сом) | Каржылоо булагы |
1-глава. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн укуктук негизин чыңдоо | ||||||
Функциялар: Тил чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын аткарылышын камсыз кылуу, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | ||||||
1 | Мамлекеттик тил чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды талдоо жана шайкеш келтирүү | Мамлекеттик тил чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарга талдоо жүргүзүү жана аларды өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү | МТСУК (макулдашуу боюнча) | 2023-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
2 | Мамлекеттик тилдеги мыйзам долбоорлорундагы жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорундагы терминдердин жана түшүнүктөрдүн адабий тилдин жана юридикалык терминологиянын ченемдерине шайкештигине лингвистикалык экспертиза (корректура, редактордук талдоо) жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу | Мыйзам долбоорлоруна алардын тексттеринин адабий тилдин ченемдерине шайкеш келиши бөлүгүндө лингвистикалык экспертиза жүргүзүү, мамлекеттик тилдеги мыйзам актыларынын долбоорлорунун бирдиктүү таризделишин сактоо жана алардын тилин жана стилин өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу | МТСУК (макулдашуу боюнча) | 2023-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
3 | Мамлекеттик тил чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү | Мониторинг жүргүзүү жана анын жыйынтыгы боюнча отчёт даярдоо | МТСУК (макулдашуу боюнча) | 2023-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
2-глава. Кыргыз тилин окутуунун методологиясын жана технологиясын өнүктүрүүдөгү мамлекеттик тил саясаты | ||||||
Функциялар: Кыргыз тилинин эне тили, экинчи тил жана чет тили катары өздөштүрүлүшүн жана окутулушун камсыз кылуу | ||||||
4 | Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарда, орто жалпы билим берүүчү мектептерде, башталгыч, орто кесиптик билим берүү мекемелеринде жана ЖОЖдордо кыргыз тилин эне тили жана экинчи тил катары окутуу программаларынын жана бөлүнгөн окуу сааттарынын көлөмүн талдоо жана оптималдаштыруу, базалык окуу планында көлөмдүн туруктуулугун камсыз кылуу | Билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин үйрөнүүгө бөлүнгөн окуу сааттарынын туруктуу көлөмү | БИМ | 2023-2025 | - | БИМ бюджетинин чегинде |
5 | Кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун концепциясын эне тили, экинчи тил жана чет тили катары окутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өркүндөтүү | Билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн базалык принциптерди, стратегияларды жана технологияларды аныктоо | БИМ | 2023-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
6 | Билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн мамлекеттик тилди эне тили, экинчи тил жана чет тили катары окутуучулардын квалификациялык талаптарын иштеп чыгуу жана аларды ишке ашырууну камсыз кылуу | Мамлекеттик тилди окутуучулардын милдеттүү квалификациялык талаптарын жана аларды даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда зарыл болгон өзгөртүүлөрдү эске алуу менен ишке киргизүү планын бекитүү | БИМ | 2023 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
7 | Эне тили, экинчи тил жана чет тили катары окутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алган төмөнкүлөрдүн деңгээлдик талаптарга ылайык кыргыз тилин окутуунун предметтик стандарттарын жана программаларын жаңылоо: - мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын; - орто жалпы билим берүүчү уюмдардын; - башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдардын | Окутуунун жаңыланган стандарттарын жана программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү | БИМ | 2023 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
8 | Бакалаврларды, магистрлерди, аспиранттарды жана докторанттарды даярдоо үчүн мамлекеттик тилди эне тили жана экинчи тил катары окутуунун методологиясы боюнча ЖОЖдор аралык типтүү магистрдик-доктордук (бирдиктүү) программаны иштеп чыгуу жана киргизүү | ЖОЖдор аралык типтүү программаны киргизүүнүн негизинде жогорку кесиптик билим берүү системасында мамлекеттик тилди окутуунун методдорун стандартташтыруу | БИМ | 2023-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
9 | Мамлекеттик тилди эне тили, экинчи тил жана кесиптик тил катары окуткан мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун жана кайра даярдоонун жаңыланган программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү | Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун жана кайра даярдоонун жаңыланган программасы | БИМ | 2023-2025 | - | БИМ бюджетинин чегинде |
10 | Жаңыланган программанын негизинде мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдардын кыргыз тили мугалимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын уюштуруу | Кыргыз тилин эне тили, экинчи тил, чет тили катары окуткан 5000 мугалимдин квалификациясын жогорулатуу | БИМ | 2023 2024 2025 | 700,0 1000,0 1000,0 | Республикалык бюджет |
11 | Эл аралык жогорку окуу жайларында "Кыргыз тили жана адабияты" окуу сабактарын окутуучуларынын кызматташуусун уюштуруу | Тажрыйба алмашуу боюнча процесстерди жаңылоо | БИМ | 2023-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
12 | Жалпы билим берүүчү уюмдардын 9 жана 11-класстары үчүн мамлекеттик тил боюнча экзамендерди өткөрүүнүн форматын жана талаптарын өзгөртүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | БИМ | 2023-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
13 | "Кыргыз тили жана адабияты" предметин жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги бөлүгүнө киргизүү | Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | БИМ | 2023 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
14 | Орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн "Кыргыз тили жана адабияты", "Кыргызстандын тарыхы" жана "Кыргызстандын географиясы" сабактары боюнча аттестациялоонун комплекстүү программасын иштеп чыгуу | Окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик тилди колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, баалоо инструменттерин иштеп чыгуу | БИМ | 2023-2024 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
15 | Көп тилдүү билим берүүнүн негизинде бала бакчалар, мектептер үчүн окутуучуларды даярдоо программасын киргизүү | Көп тилдүү билим берүү мугалимдерин даярдоонун окуу планын жана программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. 2023-2024-жылдары 4 ЖОЖдо бала бакчанын жана башталгыч класстардын мугалимдери даярдалат. 2023-2024-жылдары 3 ЖОЖдо табигый илимдер боюнча мугалимдер даярдалат | БИМ | 2023-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
Функциялар: Окуу жана методикалык колдонмолордун электрондук формаларын иштеп чыгуу жана колдонуу | ||||||
16 | "Мамлекеттик тилде билим берүүнүн маалыматтык электрондук картасы" электрондук окуу колдонмосун "Кыргызтест" системасынын деңгээлдик талаптарына ылайык иштеп чыгуу (этаптар боюнча) | Окутуучулар үчүн бирдиктүү электрондук маалыматтар базасын ишке киргизүү | БИМ | 2023-2024 | - | БИМ бюджетинин чегинде |
17 | Кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр үчүн "Кыргызтест" системасы боюнча А1, А2, В1, В2 деңгээлдерине ылайык лексикалык минимум сөздүгүн иштеп чыгуу | А1, А2, В1, В2 деңгээлдерине ылайык кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр үчүн кыргыз-орус сөздүгүн иштеп чыгуу | Кыргызтест (макулдашуу боюнча) | 2023-2024 | 250,0 250,0 | Республикалык бюджет |
18 | Мамлекеттик тилди үйрөнүүчүлөр жана иш кагаздарын жүргүзүүчүлөр үчүн "Кыргызтест" системасынын деңгээлдик талаптарына (А1, А2, В1, В2) ылайык видеосабактарды иштеп чыгуу | Мамлекеттик тилди үйрөнүү үчүн видео окутуучу материалдардын жеткиликтүүлүгү | МТСУК (макулдашуу боюнча) | 2023 2024 2025 | 2800,0 2800,0 2800,0 | Республикалык бюджет |
19 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кыргыз тилинде орто билим алуусу үчүн шарттарды түзүү: - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуу үчүн окуу куралдарын жана методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу; - кыргыз тилинин жансоо тилин иштеп чыгуу жана кыргыз адабиятын (окутуучу жана өнүктүрүүчү кыргыз тили) жаңсоо тилине которуу жана аларды басып чыгаруу; - кыргыз адабиятын (окутуу жана өнүктүрүү кыргыз тили) көзү азиздер үчүн Брайль арибине которуу жана аларды (анын ичинде электрондук продукттарды) басып чыгаруу; - аралыктан окутуу же телерадиокомпаниялардын эфиринде предметтик сабактарды жана программаларды сурдологдун котормосу менен көрсөтүү | Кыргыз тилинде окутуучулар үчүн логопед, дефектолог жана сурдолог адистиктери боюнча даярдоо; | БИМ | 2023-2025 | Каржылоо талап кылынбайт | |
окуу куралдарын жана методикалык колдонмолорду (электрондук варианттарды кошо алганда), рельефтик-чекиттик басылмаларды иштеп чыгуу | БИМ | 2024-2025 | 500,0 500,0 | Республикалык бюджет | ||
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана билим алуу мекемелерине барууга мүмкүндүгү жок адамдардын билим алуусу үчүн шарттарды түзүү | ЭлТР | 2023 2024 2025 | 300,0 300,0 300,0 | Республикалык бюджет | ||
Функциялар: Басма продукцияларын чыгаруу | ||||||
20 | Башталгыч, орто жана жогорку билим берүү мекемелеринин окуу стандарттарына ылайык мамлекеттик тилдеги окуу китептерин түзүү/которуу (электрондук варианттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу) | 20 аталыш | БИМ | 2023 | 2000,0 | Республикалык бюджет |
20 аталыш | 2024 | 2000,0 | ||||
20 аталыш | 2025 | 2000,0 | ||||
21 | Орто, жогорку музыкалык билим берүү мекемелеринин окуу стандарттарына ылайык мамлекеттик тилдеги окуу китептерин түзүү/которуу (электрондук варианттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу) | 10 аталыш | ММСЖСМ | 2023 | 1000,0 | Республикалык бюджет |
10 аталыш | 2024 | 1000,0 | ||||
10 аталыш | 2025 | 1000,0 | ||||
3-глава. Илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил саясаты | ||||||
Функциялар: Кыргыз тилинин илимий-академиялык потенциалын түзүү | ||||||
22 | Кыргыз тилинин бардык тармактарда толук колдонулушун камсыз кылууга жөндөмдүү илимий-академиялык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү | Кыргыз тилинин илимий стилин түзүү иштери үчүн лингвисттер менен биргеликте тилден башка тармактардын адистеринен чыгармачыл бирликтерди түзүү | ЖОЖдор | 2023-2024 | - | ЖОЖдордун бюджетинин чегинде |
23 | Табигый-илимий, техникалык жана башка гуманитардык эмес жана гуманитардык илимдер боюнча кыргыз тилиндеги илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү | Кыргыз тилиндеги монографияларды, макалаларды, авторефераттарды жана башка илимий продукцияларды басып чыгаруу. Мамлекеттик тилдеги илимий изилдөөлөрдүн онлайн-базасын түзүү | УАК (макулдашуу боюнча) | 2023 | - | УАК бюджетинин чегинде |
24 | Табигый-илимий, техникалык, гуманитардык, медициналык багыттар боюнча изилдөөлөрдү орус тилинен жана башка чет тилдерден кыргыз тилине которуу | Кыргыз тилине которулган чет тилдеги изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгү | УАК (макулдашуу боюнча) | 2023 | - | УАК бюджетинин чегинде |
25 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын илимий маалыматтар базасын иштеп чыгуу | Электрондук илимий маалыматтар базасын киргизүү | УАК (макулдашуу боюнча) | 2023-2025 | - | УАК бюджетинин чегинде |
26 | Табигый-техникалык, гуманитардык, медициналык жана социалдык дисциплиналар боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана диссертацияларды жактоого колдоо көрсөтүү жана көмөктөшүү | Мамлекеттик тилдеги илимий изилдөөлөрдүн сапатын жана санын жогорулатуунун механизмдерин киргизүү | УАК (макулдашуу боюнча) | 2023-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
Функциялар: Мамлекеттик тилде кесиптик билим берүү системасын түзүү | ||||||
27 | ЖОЖдордун бардык адистиктери жана багыттары боюнча кыргыз тилинде туруктуу окутуу системасын түзүү | "Мектеп - колледж - ЖОЖ" билим берүү вертикалында кыргыз тилдүү звено түзүү | БИМ | 2023-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
28 | Билим берүү мекемелеринде кыргыз тилинде окутуу боюнча толук окуу-методикалык базасын түзүү | Билим берүү мекемесинин профилине жараша "Кесиптик кыргыз тили" дисциплинасы боюнча окуу китептерин, окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана басып чыгаруу | БИМ | 2023-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
29 | Ар бир адистик боюнча онлайн-базаны түзүү | Адистиктер боюнча онлайн-база иштеп чыгуу | БИМ | 2023-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
Функциялар: Кыргыз тилинин илимий негизин өнүктүрүү | ||||||
30 | Кыргыз тилин изилдөөнүн заманбап актуалдуу теориялык багыттары боюнча илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана жыйынтыктарын жарыялоо | Кыргыз тилин ички тилдик өзгөчөлүктөрүнөн алганда илимий жактан изилдөө объектиси катары монографияларды жана академиялык изилдөөлөрдү публикациялоо | УАК (макулдашуу боюнча) | 2023-2025 | - | УАК бюджетинин чегинде |
31 | Чет өлкөдө (Россия, Кытай, Түркия, Афганистан, Тажикстан, Өзбекстан ж.б.) жашаган этностук кыргыздардын тилдик өзгөчөлүктөрү боюнча илимий-изилдөө долбоорлорун уюштуруу | Жамааттык жана жеке илимий монографияларды публикациялоо | ЖОЖдор (тил институттары) | 2023-2025 | - | ЖОЖдордун бюджетинин чегинде |
32 | Кыргыз тилинин, кыргыз адабий тилинин өнүгүү, калыптануу тарыхы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү (байыркы орто кылымдардагы жалпы жазма эстеликтерин, өзгөчө кыпчак жазма эстеликтеринин тилин изилдөө) | Жамааттык жана жеке илимий монографиялардын же илимий макалалардын жыйнактарын публикациялоо | ЖОЖдор (тил институттары) | 2023-2025 | - | ЖОЖдордун бюджетинин чегинде |
Функциялар: Кыргыз терминологиясынын жана ономастикасынын өнүгүүсүн камсыз кылуу | ||||||
33 | МТСУК алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун ишин өркүндөтүү, материалдык техникалык камсыз кылуу | МТСУК алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун ишин системалаштыруу | МТСУК алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору (макулдашуу боюнча) | 2023 2024 2025 | 1000,0 750,0 750,0 | Республикалык бюджет |
34 | Терминология ишинин концепциясын иштеп чыгуу, бекитүү | Терминология ишинин концепциясын түзүү | МТСУК алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору (макулдашуу боюнча), УИА (макулдашуу боюнча) | 2023 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
35 | Терминологиянын теориясындагы жана практикасындагы жаңы тенденциялар боюнча илимий (республикалык/эл аралык) конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү | Терминология маселелери боюнча конференцияларды өткөрүү | МТСУК алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору (макулдашуу боюнча) | 2023 2024 2025 | 250,0 250,0 250,0 | Республикалык бюджет |
36 | "Кыргыз тили" редакциясынын материалдык-техникалык базасын чындоо (анын ишин өркүндөтүү) | "Кыргыз тили" газетасынын ишин системалаштыруу | МТСУК (макулдашуу боюнча) | 2023 | 800,0 | Республикалык бюджет |
Функциялар: Басма продукцияларды чыгаруу | ||||||
37 | Сөздүктөрдү түзүү жана басып чыгаруу: | |||||
- Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү | 1 аталыш | УИА (макулдашуу боюнча) | 2025 | 1000,0 | Республикалык бюджет | |
Кыргыз тилинде энциклопедиялык басылмаларды, адабий жана илимий басылмаларды чыгаруу | Энциклопедиялык, адабий жана илимий басылмалардын жеткиликтүүлүгү | МТСУК алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору (макулдашуу боюнча) | 2023 2024 2025 | 625,0 625,0 625,0 | Республикалык бюджет | |
- Байыркы түрк сөздүгү. 1, 2, 3-томдор; | 1 аталыш | УИА (макулдашуу боюнча) | 2025 | 1500,0 | Республикалык бюджет | |
- Байыркы кыргыз тилинин сөздүгү | 1 аталыш | МТСУК (макулдашуу боюнча) | 2025 | 500,0 | Республикалык бюджет | |
Кыргыз адабий тилинин жаралышы жана өнүгүшү жөнүндө басылмаларды (илимий монографияларды) басып чыгаруу | Кыргыз адабий тилинде илимий публикациялардын жеткиликтүүлүгү | МТСУК алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору (макулдашуу боюнча) | 2023 2024 2025 | 625,0 625,0 625,0 | Республикалык бюджет | |
Балдар адабиятынын антологиясы | 1 аталыш | УИА (макулдашуу боюнча) | 2023 | 500,0 | Республикалык бюджет | |
"Семетей" эпосу, Сейдене Молдокееванын варианты | 1 аталыш | УИА (макулдашуу боюнча) | 2025 | 500,0 | Республикалык бюджет | |
38 | Тармактык терминологиялык сөздүктөрдү (экономикалык, финансылык, медициналык, юридикалык, техникалык, транспорттук, аскердик, айыл чарба, өнөр жай, курулуш ж.б.) иштеп чыгуу жана басып чыгаруу | Тармактар боюнча сөздүктөрдү иштеп чыгуу жана басып чыгаруу | МТСУК алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору (макулдашуу боюнча) | 2023 2024 2025 | 2000,0 2000,0 2000,0 | Республикалык бюджет |
4-глава. Мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга коомдун бардык катмарынын катышуусун камсыз кылуу | ||||||
Функциялар: Мамлекеттик жана муниципалдык органдарда, калкка кызмат көрсөтүүчү мекемелерде мамлекеттик тилди активдүү колдонуу боюнча системаны уюштуруу | ||||||
39 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде аталган кызмат орундарын ээлеген адамдардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин "Кыргызтест" системасынын деңгээлдик талаптарына ылайык аныктоо (этаптар боюнча) боюнча укуктук базаны түзүү | Ченемдик укуктук акт | Кыргызтест (макулдашуу боюнча) | 2023-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
40 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык кызмат орундарын ээлеген адамдардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо: - саясий мамлекеттик кызмат орун; - атайын мамлекеттик кызмат орун; - саясий муниципалдык кызмат орун; - административдик мамлекеттик кызмат орундары; - административдик муниципалдык кызмат орундары; - дипломатиялык кызмат орун; - Куралдуу Күчтөр; - укук коргоо органдары | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу | Кыргызтест (макулдашуу боюнча) | 2023-2025 | - | Кыргызтест бюджетинин чегинде |
41 | Бардык мамлекеттик, муниципалдык жана атайын органдардын кызматчыларынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо | Ченемдик укуктук акт | Кыргызтест (макулдашуу боюнча) | 2023-2025 | - | Кыргызтест бюджетинин чегинде |
42 | Окуу-маалыматтык жана которуу борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо | "Кыргызтест" системасынын талаптарына шайкеш окутуунун шарттарын камсыз кылуу | МТСУК алдындагы Окуу-маалыматтык жана которуу борбору (макулдашуу боюнча) | 2023 2024 2025 | 625,0 625,0 625,0 | Республикалык бюджет |
43 | "Документ kg" мобилдик тиркемесин жана сайтын иштеп чыгуу (иш кагаздары боюнча мамлекеттик тилдеги документтердин үлгүлөрүнүн топтому WORD, PDF форматтарында жайгаштырылган мобилдик продукт) | Иш кагаздары боюнча мамлекеттик тилдеги документтердин үлгүлөрүнүн WORD, PDF форматында жеткиликтүүлүгү | МТСУК (макулдашуу боюнча) | 2023-2024 | 2300,0 1125,0 | Республикалык бюджет |
44 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды "Кыргызтест" системасынын талаптарына ылайык "Иштиктүү кыргыз тили" курсу | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды "Кыргызтест" системасынын талаптарына ылайык иштиктүү кыргыз тилине окутуу | КРПМБА (макулдашуу боюнча) | 2023 2024 2025 | 1000,0 1000,0 1000,0 | Республикалык бюджет |
Функциялар: Социалдык-маданий чөйрөлөрдө мамлекеттик тилди илгерилетүү жана пропагандалоо | ||||||
45 | Коомчулуктун кеңири чөйрөсүн тартуу менен мамлекеттик тил саясатынын негизги принциптери тууралуу ЖМКда публикацияларды, түшүндүрмөлөрдү, комментарийлерди, интервьюларды, талкууларды, семинарларды, кампанияларды | Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу мамлекеттик тил саясатын пропагандалоо | ММСЖСМ, МТСУК (макулдашуу боюнча) | 2023-2025 | - | ММСЖСМ, МТСУК бюджетинин чегинде |
46 | Мамлекеттик тилди пропагандалоо жана өнүктүрүү максатында маалыматтык, билим берүү иш-чараларын | Эл аралык эне тил күнүнө жана Мамлекеттик тил күнүнө арналган ар жылдык иш-чараларды, чыгармачылык кечелерди ж.б. өткөрүү | МТСУК (макулдашуу боюнча) | 2023-2025 | - | МТСУК бюджетинин чегинде |
47 | Мамлекеттик тилди илгерилетүүгө багытталган видео/аудио ж.б. материалдарды иштеп чыгуу | Мамлекеттик тилди колдонуучулардын аудиториясын кеңейтүү | МТСУК (макулдашуу боюнча) | 2023-2024 | 1525,0 1125,0 | Республикалык бюджет |
48 | Кыргыз тилиндеги театрлаштырылган спектаклдерди, драмалык чыгармаларды мезгил-мезгили менен көрсөтүү | Кыргыз тилинде спектаклдерди театрлаштырылган оюндарды дайыма көрсөтүү | ММСЖСМ | 2023-2024 | 8825,0 7575,0 | Республикалык бюджет |
49 | Кинематографиялык продукцияларды жайылтуу (тартуу/которуу) | Кинематографиялык продукцияларды (көркөм, даректүү ж.б.) тартуу жана чет элдик фильмдерди (көркөм, илимий-популярдуу) кыргыз тилине которуу | ММСЖСМ | 2023-2024 | 3000,0 3000,0 | Республикалык бюджет |
50 | Мамлекеттик тилде 2D, 3D анимациялык продукцияларды жаратуу | Мамлекеттик тилде анимациялык продукциялардын жеткиликтүүлүгү | УТРК (макулдашуу боюнча) | 2023 2024 2025 | 23000,0 23000,0 23000,0 | Республикалык бюджет |
51 | Мультфильмдерди кыргыз тилине которуу | Кыргыз тилине которулган мультфильмдердин санын көбөйтүү | УТРК (макулдашуу боюнча) | 2023 2024 2025 | 2000,0 2000,0 2000,0 | Республикалык бюджет |
ЭлТР | 2023 2024 2025 | 2200,0 2200,0 2200,0 | ||||
52 | Жарнамаларды, кулактандырууларды жана көрсөтмө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык мамлекеттик тилде тариздөө боюнча чараларды жүргүзүү | Жарнамалардын жана көрсөтмө маалыматтардын тексттерин колдонуудагы адабий ченемдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча чараларды иштеп чыгуу | Макулдашуулар боюнча: шаар мэриялары, айыл өкмөттөр | 2023-2025 | - | Каржылоо талап кылынбайт |
53 | Түстүү (иллюстрациялуу, интерактивдүү) балдар адабиятын чыгаруу | Мектепке чейинки, мектеп жашындагы балдар үчүн балдар адабиятынын жеткиликтүүлүгү | МТСУК алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору (макулдашуу боюнча) | 2023 2024 2025 | 850,0 825,0 825,0 | Республикалык бюджет |
5-глава. Мамлекеттик тилди санариптештирүү | ||||||
Функциялар: Маалыматтык технологиялардын жардамы менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү | ||||||
54 | Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде билим алгандар жана бардык курактык категориялардагы тил үйрөнүүчүлөр үчүн кыргыз тилин интерактивдүү жеңил үйрөнүүгө багытталган мобилдик тиркемени, продукттарды "Кыргызтест" системасынын деңгээлдик талаптарына ылайык иштеп чыгуу | Кыргыз тилин үйрөнүү үчүн мобилдик жана интерактивдүү электрондук тиркемелерди, продукттарды иштеп чыгуу | МТСУК (макулдашуу боюнча) | 2023 2024 2025 | 1250,0 1250,0 1250,0 | Республикалык бюджет |
55 | Берилген суроо-талапка ылайык маалыматтар базасынан логикалык-семантикалык байланышкан текстти түзүүчү (текст түзүү/генерация-семантикалык синтез) программалык аппаратты (жасалма интеллекттин негизинде) иштеп чыгуу | Программалык аппарат | МТСУК (макулдашуу боюнча) | 2023 | 12000,0 | Республикалык бюджет |
56 | Маалыматтык технологиялардын (жасалма интеллекттин) негизинде башка тилдерден которуу үчүн программалык продукт иштеп чыгуу | Башка тилдерден кыргыз тилине, кыргыз тилинен башка тилдерге которуу үчүн программалык продукт | МТСУК (макулдашуу боюнча) | 2024 | 7000,0 | Республикалык бюджет |
Кыскартуулардын тизмеси:
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы; |
ЖОЖ | - | жогорку окуу жайы; |
Кыргызтест | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга караштуу "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси; |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
УАК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия; |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы; |
МТСУК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия |
УТРК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы; |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары; |
ОКОЖ | - | орто кесиптик окуу жайы; |
ЭлТР | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы.". |